Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:56
Июнда кыргызстандыктар бир күндүк эс алууга чыгат
15:49
Кыргыз-казак чек арасында жайгашкан "Ак-Тилек" пунктундагы абал айтылды
15:45
Кар жана мөндүр... Министрлик шашылыш билдирүү таратты
15:44
Бишкектин "Орто-Сай" базарында башаламан коюлган күркөлөр алынды. Сүрөт
15:42
Милиция Акыркы коңгуроого карата эскертүү таратты
15:38
Милиция Акыркы коңгуроого карата эскертүү таратты
11:40
Депутат: премьердин агасы Саламаттык сактоо министрлигиндеги майлуу жерде отурат
11:39
Үч жашар кызга тиш салган итти милиционер жүрөккө атты. Окуянын видеосу
17:06
Типтирүүмүн, өлө турган жөнөкөй киши эмесмин. Рысалиевдин ызаланган видеосу
16:11
9 баллдык жер титирөөгө даярдык көрүү буйругу чыктыбы? Расмий жооп
15:57
Иманкадыр Рысалиев: Жамангулов жалганчы, аны эми текшертем
15:52
Өзгөчө көркөм сүрөттөр. Мэрия шаар тургуну Михаил Дудиндин эмгегин баалады
20:55
Кызмат учурунда каза болгон кызматкерлер эскерилди
14:46
УКМК жетекчиси Идрис Кадыркулов отставкага кетти
14:44
Паспорт чыры: Жээнбеков УКМК төрагасы Кадыркуловду жумуштан бошотту
14:40
Бишкекте машинанын баланы уруп кеткен учуру видеого түшүп калган
14:26
Экс-министр Динара Сагинбаева кармалды
14:24
Туу көтөрүп автобусту коштогон жоокерлер. Алгачкы туристтерди тосуп алгандагы видео
15:49
Новопавловка: мектептеги чуудан кийин жаңы директор дайындалды
15:39
Айдоочу, абайла! Бишкекке дагы 19 камера орнотулду. Жалпы тизме
13:32
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин канча айлык алары айтылды
14:29
ВИДЕО Жулуп чыгып ыргытканда. "Достукка" жеңиш алып келген салымдын видеосу
17:01
БШК жергиликтүү депутаттарды шайлоо үчүн бюллетендерин региондорго жөнөттү
12:51
Абада күйгөн учак. Шереметьеводогу кырсык тууралуу азыр эмне белгилүү
12:45
6-майдан Бишкектин бир катар аймагында жарык жок болот. Тизме
16:37
Президент Жээнбеков урандын казылар-казылбасы боюнча үн катты
16:23
50дөн ашканда жалгыз уулуман ажырадым, экинчи аял алсамбы? Армандуу атанын каты
16:10
Балдар үйлөрүнөн чыккандардын борборуна акча керек. Акция
14:56
Эксперт: Бишкектин кичирайондорундагы көп кабаттуу үйлөрдүн эскилиги жетти
14:53
Бир айда канча тойго барасыз? Таң калган, чочуган депутаттардын жообу видеодо
14:45
Эколог Ысык-Көлдүн экосистемасына болгон коркунучтарды айтып берди
10:30
"Уран маселесин эл көтөрүп чыккан" дегенди алып салбайлыбы? Депутаттын сунушу видеодо
10:11
Кудум илгеркидей! Бишкекте ачыла турган сонун бир жайдын видеосу
10:06
Мекендештер "Дарак ырын" Москванын кинотеатрларынан көрө алышат
15:33
Оңолот деген ушул! Бишкектиктер майрам учурунда жерге таштанды ыргыткан жок
13:44
Француздар асырап алган баланын Кызыл-Кыядагы агасы паспорт ала албай убара
09:11
Сооронбай Жээнбеков Бишкек кандай шаар болушу керектигин айтты
16:04
Мухаммедкалый Абылгазиев Ереванга учуп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси
15:11
1-майда автопарад өтөт. Эл компаниялардын азыгынан көчөдөн ооз тиет
15:01
Сооронбай Жээнбековду Кытай кантип тосуп алды. Видео
15:00
"Мындан кийин сөгүнбөйт". Абылгазиев Мамкаттоонун жетекчиси тууралуу. Видео
14:58
Жээнбеков Зеленскийди Украинанын президенти болушу менен куттуктады
12:46
Уран кениндеги чууга Зилалиевдин кандай тиешеси бар? Өкмөттүн түшүндүрмөсү
12:44
УКМК: Бишкектин чок ортосунан күмөндүү баштык табылып, аймак курчоого алынды
12:32
Бишкекке Кытайдан 60 автобус алып келинди. Мэр артыкчылыктары тууралуу
Бардык кабарлар

Сириянын келечегин кимдер курат?

Аналитика
191
0

"(Сириядан) Чыккым келет. Аскерлерими үйгө алып келгим келет. Алардын өлкөбүздү куруу милдетин алганын каалайм. Акыркы 17 жылда Ортоңку Чыгышка 7 триллион доллар жумшадык. Бирок эч нерсе ала алган жокпуз. Кыйроо, өлүмдөн башка эч нерсе болгон жок. Бул коркунучтуу жагдай. Жөнөкөй тургундар менен бирге мунай корлорун коргогула дедим. Бирок ал жактарды коруй алган жокпуз. Кимдин колуна өттү? Ири бөлүгү ИЛИМдин колуна өттү жана алар өз өнөктүтөрүн каржылоого пайдаланды. Мунай корлорун алдырбаш керек эле. ИЛИМге карата эч ким камсыздай албаган аскердик операцияларды кылдык. Эми үйгө кайтууга убакыт келди. Бул жагына абдан олуттуу маани берип жатабыз”,-деген.

Кийин "Twitter” тармагындагы дарегине төмөндөгү билдирүүнү жазды:

"Сирияда балдар жана аялдардан турган көп сандаган тургун химиялык кол салуудан көз жумду. Ал аймак Сириянын армиясынын курчоосунда жана эч ким кире албайт. Путин, Россия жана Иран Асадды колдогону үчүн жоопкерчиликтүү”.

Сириянын борбору Дамаск шаарына жакынкы Чыгыш Гута аймагында февраль айынан бери жаңжалдар кызуу уланууда. Алеппо сыяктуу куралдуу оппозициянын маанилүү жерине айланган Чыгыш Гутаны Россиянын колдоосундагы Сирия армиясы кайрадан колго алууга аракеттенүүдө. 2012-жылдан бери Чыгыш Гута делген 100 чарчы чакырым аймакты 4 башка куралдуу топ ээлеп алган.

Акыркы 5-6 жылдан бери азык-түлүктөн кыйналган аймактан жарандардын чыгуусу бир кыйла оор. Сирия армиясы узак мезгилден бери аймакты курчоого алган жана ичкери дары, тамак-ашты сейрек киргизет.

Буларга эми химиялык кол салуу боюнча кептер кошулду. 78 адам көз жумганы айтылгандан кийин Франция БУУнун Коопсуздук кеңешин кезексиз жыйынга чакырды. Бирок кеңештин туруктуу мүчөсү Россия химиялык кол салууну жокко чыгарып, бул тууралуу кептерге гуманитардык уюмду айыптады.

Трамптын айтымында, Сириядагы абалга себепкер Россия жана Иран эле эмес. Экс-президент Барак Обаманын "Кызыл сызык саясаты” да бүгүнкү хаостун себепчиси. АКШнын Сирияга алгачкы этапта киришпегени, Россия аймакта таасирдүү абалга келгени, Ирандын мындан бир кыйла жеңиш менен чыкканы көп талкууланган темалардын бири. Обаманы бул боюнча сындагандар болгону Трампты жактагандар эмес. Демократтар арасында дагы Сирияга киришүү тууралуу ошол мезгилдерде айтылган эле. Анткен менен өзгөчө Ливияга киришүүнүн жыйынтыгында Америка элчилигине кол салуу болгон. АКШ коомчулугунда андан улам Сирия армиясына колдоо көрсөтүү пикири колдоо тапкан эмес. Анын үстүнө Обаманын президенттик өнөктүгү жаңы согуштардын артынан түшүү эмес эле. Ливиядан айырмаланып Сирия сыяктуу өлкөгө кийлигишүү Иракта болгон сыяктуу аскердик жайгаштырууну талап кылмак. Трамп бул жерде саясий упай топтоого умтулууда. Бирок бул маселе көптөн бери же тарыхка айланды.

Алепподо болгон сыяктуу Чыгыш Гутада Россия колдогон Сирия армиясы кыргынды аймакты террорчуларды тазалоого байланыштырууда. Алгач Сириядан чыгышыбыз керек десе, ага удаа эле Асадга ачууланган твитт жазган Трамп АКШ кандай саясатты эңсеп жатканы белгисиздиктерди жаратууда.

Андай болсо эмне себептен Россия бул согуштан жеңди деп айта албайбыз? Анткени жүрүш ошол багытта. Россиянын жетекчилигинде жаңы Сирия курулат. Бирок бир жагынан Россия-Иран-Түркия үчилтигинин бири-бирине чаташкан кызыкчылыктарын да эсепке алуу керек. Айрымдар бул үчилтикти бириктирген жалгыз нерсе "анти-Американизм” жана АКШнын аймактан алыстатуу аракети катары баа берүүдө. Андыктан Сириянын келечеги дале талкууда. Бирок ошол келечек көпкө созулган согуштун жүгүн көтөр албай эзилген жөнөкөй жарандар менен кандайча курулаары чоң суроо жаратат. Андан улам адистер ИЛИМден кийин деле Сириянын радикалдашуусу аяктабай тургандыгын, зомбулук зомбулукту жаратарын болжолдоп жаткандай.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно