Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:15
Жээнбеков: ар кыл маалыматтарды тараткандар бар, элге түшүндүргүлө
10:09
Парламентте мааракелик той-аштарды чектөө боюнча мыйзам долбоору сунушталды
10:07
Ката кеткен. Акча алмаштыруу жайларын жабуу мыйзам долбоору ЖКга киргизилди
09:59
Президент коронавирустан каза болгон медиктин жакындарына көңүл айтты. Некролог
09:56
Жээнбеков облус жана шаар жетекчилери менен онлайн-жыйын курууда
17:09
Жаалы катуу сел. Нарын аймагындагы суу каптаган жерлердин видеосу
17:08
Өлкө ичинде учак менен ары-бери каттай турчуларга атайын эрежелер иштелип чыкты
17:05
Мэрия: COVID акимчиликтен эмес билим берүү борборунда иштегендерден чыкты
16:51
Бир нече күндөн кийин кыргыз-кытай чек арасы ачылып, "Торугарт" иштей баштайт
16:36
Кытайга газ алып өтүүгө айыл чарба жерлери берилген. ЖКда айтылган доомат
16:29
Кыргызстанда 5-июндан тарта аймак аралык транспорт каттай баштайт
10:58
Башкаларды да сыйлагыла. Фараны туура күйгүзүү боюнча айдоочуга 7 эреже
10:54
Бет кап жок болсо жетекчи жазаланат! Мэрия ишкерлерге кайрылды
10:50
Кадамжайдагы чек араны кыргыз-өзбек аскерлери кайтарууда
10:34
Кар жаткан ашууда электриктер үч күн иштеп, бузулган линияны оңдоду.
10:28
Министрлик бүтүрүүчүлөр аттестатты акысыз аларын эскертти
10:16
Россиянын ЖОЖдору пандемияга карабай кыргызстандык студенттерди кабыл алат
17:01
Коронавирустан коргоочу кол кап кандай болушу керек? Адистин пикири
16:42
Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр. Коңшу өлкөнүн ТИМи үн катты
11:38
Ата-энелер мектеп фондуна акча чогултулуп жатканын айтууда. Министрлик эмне дейт?
15:38
1-июндан тарта Кыргызстандагы бардык мамлекеттик органдар иштей баштайт
15:28
"Спартак" стадионунда машыгууга уруксат берилип, бирок бир шарт коюлду
14:59
Нарын облустук ооруканасы курчалып, төрт бөлүмү жабылды
14:14
Телеканалдарды балдарга туура келбеген контент үчүн жазалоо сунушталды
14:11
Бишкек менен Чүйдөгү 8 мектепте медициналык иш бөлмөлөр ачылат
14:05
Мумия, жасалма сүрөт. Министр Жаманкулов жоголгон экспонаттар тууралуу айтты
13:56
Аким: Октябрь акимиатынын кызматкерлеринен коронавирус табылган жок
13:16
Кыргызстан боюнча карантиндик канча пост калды. Министрликтин жообу
12:23
COVID-19: РФтин мамлекеттик мекемеси КМШ өлкөлөрүнө видеокеңештерин берет
11:23
Япония Кыргызстан баш болгон 11 өлкөнүн жарандарына кирүүгө тыюу салды
11:15
Электр энергиясына коюлган жаңы тариф 1-июлдан тарта күчүнө кирет
14:03
Индиядан чартердик каттам менен 22 кыргызстандык келди
13:56
Ак-Талаа менен Ат-Башыдагы катуу шамал имараттардын чатырын учуруп кетти
17:05
Кыргыз-өзбек чек арасында күчү 3,5 баллга жетип, жер титиреди
13:11
Эртеңден тарта иштечү соода борборлору менен базарларга талап коюлду
13:08
Мурдагыдай эле иштөөсүнө тыюу салынган тармактар айтылды.
13:07
Кыргызстанда электр энергиясына айрым тарифтер өзгөртүлөт
12:57
Дагы 12 киши коронавирусту жеңип чыкты
12:44
Жети-Өгүздө төрөт үйүн обсервацияга айландыруу чечими жокко чыгарылды
12:11
Коомдук транспорт 25-майдан баштап эл ташыйт. Талаптар
12:10
"Дордой" баштаган ири базарлар ишке кирет. 25-майдан тарта жанданчу тармактар
12:09
Боронов сырттан келгендерге кайрылып, медиктердин талабын аткарууну өтүндү
12:08
Көбөйүп жатат. 32 жүк ташуучу айдоочудан коронавирус табылды
14:42
КР энергетикасы жар учунда турат. Эксперттин билдирүүсү
14:34
Чуу салса эле обсервациядан чыгабы? "Гансидеги" жаңжал боюнча Үсөнбаевдин жообу
Бардык кабарлар

Депутат: өкмөттүн колунан келбесе, анда казактар менен, төрага, сиз сүйлөшүңүз

Аналитика
134
0

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев кыргыз-казак чек арасындагы абал эки жумадан бери жөнгө салынбай жатканын айтып, ЕАЭБдин эрежелери ага мүчө мамлекеттердин бардыгына бирдей болбой жатканын парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Ал өз сөзүндө салык төлөгөн ишкерлердин товарлары чек арадан өтө албай, кээси чирип бузулуп кетип жатканын белгиледи.

"Чек арадагы абал боюнча бир гана экономика министри Олег Панкратов "алар (казак тарап — ред.) туура эмес кылып жатат" деп эртеден кечке түшүндүрмө берип жатат. Ушул тармакты көзөмөлдөгөн вице-премьерди жана тийиштүү өкмөттүн өкүлдөрүн чакырып маалымат угуп коёлу", — деди депутат.

Эл өкүлү ошондой эле эгер сүйлөшүү өкмөттүн колунан келбей жатса, сүйлөшүү жүргүзүүнү төрагага сунуштады.

"Өкмөттүн колунан келбесе, анда сиз ошол жакка иш сапары менен барбайсызбы? Казактарга да сунуш кылыңыз, депутаттар кошулалы. Касым-Жомарт Токаевди куттуктаңыз", — деди ал.

Өз кезегинде төрага Дастан Жумабеков чек арадагы абал боюнча такай маалымат алып жатканын билдирди.

"Биздин Бажы кызматынын жетекчиси жана бир киши бүгүн Астанага учуп кетиптир. Өкмөт башчыбыз Казакстандын премьери менен телефон аркылуу сүйлөшүптүр. Эгер тийиштүү маалымат угабыз десек, анда добушка коюп берейин, ал эми токтом кабыл алабыз десек, анда комитет аркылуу келиши керек болуп калат", — деди төрага.

Ал эми депутат Аалы Карашев чек арадагы маселе 19-мартта башталганын айтып, 15 күндөн бери алгылыктуу иштер жасалбай жатканын билдирди.

 

"15 күн болду. Бизнести колдойбуз деп жатабыз, бирок айткан сөзүбүз менен жасаган ишибиз бир болбой калып жатат. Өкмөт маалымат эле бербестен кандай иштер жасалганын айтып берсин. Эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн деңгээлинде сүйлөшүү жүргүзүшү керек. Бардык тармакта талкуу болуп жатат, биз тараптан реакция жок. Ишкерлердин товарлары чирип банкрот болууда", — деди Карашев.

Жыйынтыгында экономика тармагын көзөмөлдөгөн вице-премьер жана тийиштүү органдардын кызматкерлери парламентке келип маалымат бермей болду.

Белгилей кетсек, кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунда эки жүздөн ашык фура Казакстанга кирүү үчүн узун кезекте турат. Мамлекеттик чек ара кызматы мындай абалдын жаралышына казак тараптын Кыргызстандын товаларын тыкыр көзөмөлдөөсү себеп болуп жатканын билдирген болчу.

Дагы: https://sputnik.kg/politics/20190404/1043853218/kyrgyz-kazak-chek-arasy-abal-talkuu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно