Бүгүн:

Акыркы кабарлар

11:03
Кыргызстан коронавирусту дарылоодо Россиянын дары-дармегин алабы? Министрдин жообу
11:02
Боронов: Кыргызстан сырттан келебиз деген бардык жарандарын тосуп алууга даяр
10:49
Бишкекте соцкызматкерлер карыларга тамак жеткирип, үйлөрүн дезинфекциялоодо
10:40
Жакшы кабар! Кытайда коронавирус жуктургандардын 93 пайызы сакайды
19:26
Чет өлкөлөрдө жүргөн 5 кыргызстандыкка коронавирус жукканы айтылды
19:24
Күнү-түнү иштешет! Бишкектин райондук штабдарынын телефондору
19:21
Калп айтпагыла, посттогуларды кагып-силкпегиле! Нарын мэриясы элге кайрылды
20:51
Балыкчыдагы посттон айдоочулар өтө албай жатышабы? Өкмөт жооп берди
20:51
Коронавирус: КРдин РФтеги элчилигиндеги штаб күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат
20:48
Милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Өкмөттүн соңку маалыматы
20:45
Обсервацияга баары алынат. Сырттан келгендерди карантинге алуунун шарты өзгөрдү
20:39
Балалуу мамкызматкерлер кандай тартипте иштейт? Өкмөттүн жообу
20:32
Кол сунам дегендер болсо... Бишкек мэриясы ыктыярчыларды чогултууда
20:31
Кол сунам дегендер болсо... Бишкек мэриясы ыктыярчыларды чогултууда
20:29
Аэропортко жүргүнчүнү тосуп, узаткандар киргизилбейт! Штабдын эскертүүсү
19:51
Сыртта калган КР туристтеринин тагдыры кандай болот? Расмий жооп
19:42
Бишкек: коронавирус жуктургандар 24 жана 26 жаштагы жигиттер
19:41
Өзгөчө кырдаалда Бишкек — Ош жолу жабылабы? Өкмөттүн жообу
19:39
Бишкекте коронавирус жуктурган эки учур катталды
14:12
Жээнбеков Аксы окуясына карата кайрылуу жолдоду
14:10
Кыргызстандын жарандыгын алууну кимдер каалайт?
13:33
Бейөкмөт уюмдар КРдеги USAID ишмердүүлүгүн сындап жатат
13:31
Коронавирус өлкө казынасына кедергисин тийгиздиби? Жээнбековдун тапшырмасы
16:17
Кочкор: дезинфекция кылгандардан шек санап, фейк маалымат тараткан аял сурак берди
16:16
Коронавирус жакындады, баарына даяр турушубуз керек! Абылгазиев элге кайрылды
16:15
ИИМ: кыргызстандыктар менен бирге Европага героин ташыган чет элдиктер кармалды
15:43
Өкмөт ундун жана башка азык-түлүктүн баасына чектөө киргизет
15:33
Абылгазиев доллардын курсу кандай болорун айтты
09:42
Кыргызстанда коронавирус билинбей жүрүшү мүмкүнбү? Министрдин жообу
09:41
Абылгазиев: вирустан улам экономика алсырайт, бирок элдин ден соолугу маанилүү
09:30
Вице-спикер Аида Касымалиева карантинге алынды
09:20
Вице-премьер Асрандиев үй-бүлөсү азык-түлүк камдаар-камдабасын айтты
15:18
Сапар Исаков төрт кыздан кийин эгиз уулдуу болду
14:23
Кадырбеков: көчөдө кыйкырып аялдардын укугун кантип коргорун түшүнгөн жокмун
14:09
Айдоочуларга автоунаанын айнегин караңгылатууга уруксат берилеби? Мыйзам долбоору
16:42
Кыргызстанда камактагы адамдар ачкачылык жарыялады
16:04
Мамэкотехинпекциянын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды
14:24
Суу алып жатканда көргөн... Борбор Азиянын ажолору сүйүүсүн кантип тапкан
13:11
Бишкекте феминисттер маршынын катышуучуларын милиция кармап кетти.
14:54
Казакстан кыргызстандыктар үчүн акысыз билим алууга сынак жарыялады
14:30
Бишкектин базарларын дезинфекциялаган каражаттар коопсузбу? Адистин жообу
14:29
Соцтармакта мактанган адамдардын көйгөйү эмнеде? Психологдун пикири
14:12
Бишкектин мектептеринде 1-класска канча орун бар?
11:47
Атамбаевдин сотто костюм-шымчан отурган ирмеми.
11:45
Ультиматум тили кабыл алынбайт! Жээнбеков кечээки митинг тууралуу
Бардык кабарлар

"Былтыйып отурасыңар!". Жээнбековдун сынынан кийин прокурор иштен алынды

Аналитика
27
0

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы кызматкери Насирбек Алмаматовдун иши боюнча экинчи инстанцияда мамлекеттик айыптоочу болгон прокурор Р.Б. ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

ЖМКлардын маалыматы боюнча, аталган иште мамлекеттик айыптоочу милдетин Белек Рысбеков аткарган.

9-июлда Бишкек шаардык соту (экинчи инстанцияда) Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин экс-директору Насыр Алмаматовду эркиндикке чыгарган.

 

Жазасы жеңилдеген аткаминер 3 миллион 300 миң сом айып пул төлөмөй болгон. Анткен менен Жогорку сот Октябрь райондук сотунун (биринчи инстанция) чечимин жокко чыгарып, Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок соттук процесстер жүрүп жаткан кезде аткаминер качып кеткени белгилүү болгон. Буга байланыштуу ноябрда ага издөө жарыяланган.

24-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны сындаган.

Анын айтымында, бул резонанстуу иш болчу. Аны менен УКМКнын коррупцияга каршы кызматы бир нече ай бою күнү-түнү иштеген.

"Аны кармоого жана коррупциялык ишине бөгөт коюуга канча ай кеткенин билесиңерби? Бир сот менен прокурор аны коё берип салды. Менин таң калганым, эмнеге чара көрбөйсүңөр? Эркиндикке чыгарган прокурор дагы деле иштеп жатат. Ал эмнеге жумуштан кеткен жок? Бул нерсени прокурор өзү кылган жок, жогорку жактан тапшырма болгон. Ошол себептен иштен албай жатышат, себеби бардыгын айтып коёт деп коркушат", — деген Жээнбеков.

Өлкө башчынын айтымында, мындай учурлар өзүнө жана прокурор менен сотторго көлөкө түшүрөт.

"Мага сөз тийип жатпайбы. Мен тапшырма бергендей болуп жатпаймынбы. А силер былтыйып отурасыңар! Мына ушинтип элдин укук коргоо органдарына болгон ишеними жоголот. Эмне деген акмакчылык!" — деген Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Алмаматов УКМК тарабынан 2018-жылы пара менен кармалган. Тергөөдө аны автоунааларды каттоодо жана айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырууда коррупциялык схема түзүп акча алып турганы аныкталган.

Дагы: https://sputnik.kg/politics/20200127/1046886710/zhehehnbekov-synynan-kijin-prokuror-ishten-ketti.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно