Бүгүн:

Акыркы кабарлар

04:40
Жогорку Кеңеште республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору кабыл алынды
04:23
Медициналык 23 окуу жайдын бешөө гана эл аралык каттоодон өткөн
04:20
Жапаров ЖККУда чек ара коопсуздугун камсыздоону сунуштады
04:21
Шакиев баштаган депутаттар Түркия парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты
04:19
Садыр Жапаров Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директорун кабыл алды
04:13
Москвада кыргызстандык таксист киши колдуу болду
04:10
Парламентте “Газпромдун” ишине сын айтылды
06:56
Жапаров Токаевди президенттикке кайра шайланышы менен куттуктады
06:54
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу документтери апрелде даяр болот
04:38
"Тажикстан менен тил табыша баштадык". Камчыбек Ташиев чек ара боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу
05:37
Кыргызстанда Google Pay пайда болду, бирок бул функция азырынча беш гана банкта бар
05:30
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" бекети оңдолууда
05:28
Композитор Муратбек Бегалиев Франциянын ордени менен сыйланды
19:52
БУУ Кыргызстанга жакырчылыктан чыгуусуна 105 млн. доллар бөлөт
19:49
Ишкер аялдар күнү: Кыргызстан Араб Эмираттарынан эмнени үйрөнө алат?
17:52
17-20-ноябрь күндөрү Кадамжайдагы айрым айылдарда электр жарыгы өчүрүлөт
17:26
Доллардын өсүшү. Улуттук банк валюта рыногуна 55,2 млн. доллар сатты
17:24
Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо сунушу жыл соңуна чейин берилерин айтты
17:15
Садыр Жапаров: "Эң туура жол менен баратабыз"
08:09
18 жаштагы Айнура Ирисалиева үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголду
08:07
Үйгө кирип барып, бешилик менен өлтүргөн: Тайгандын Таш-Көмүрдөгү өлүмү
07:58
Жалал-Абад шаардык кеңешине 3 жаңы депутат келди. Алар кимдер?
07:49
Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата жумалык өтөт
07:45
Дүйнөнүн калкы 8 миллиард кишиге жетти
07:40
Элдик курултайга кимдер келатат, алар эмне маселе көтөрөт?
06:56
УКМК: Аткезчиликтен алынган 2 миллиондон ашык доллар бюджетке берилди
06:45
Кыргызстанда акыркы жумада коронавирустун 19 жаңы учуру катталды
06:43
Кыргызстанда инфляция 15,4%га жетти - ЕӨБ
06:41
Аскер бөлүктөрүнүн бириндеги курулушта мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтирилген
06:39
Баткенде аткезчилик товар ташыган унаа конфискацияланды
06:38
Садыр Жапаров Стамбулдагы терактка байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты
05:48
Үй камагына чыккан Руслан Бекназаров акимдин орун басары кызматына кайтып барды
06:11
Кытай кыргызстандык студенттерге 23 мамлекеттик стипендия бөлдү
06:07
Москва биржасында кыргыз сомун сатып алуу боюнча үч операция жүрдү
06:03
Австралияда Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы "Азиянын Оскарын" алды
06:00
Кыргызстандык мушкерлер Азия чемпионатында төрт коло байгеге ээ болушту
07:52
Садыр Жапаровдун Өзбекстанга иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди
07:49
Байсалов Самбо боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышты
07:47
Социалдык тармактардагы алдамчылардан кантип коргонуш керек? Улуттук банктын кеңештери
07:44
Бишкектин Ак-Ордо конушунда жаңы мектеп ачылды
05:10
ОшТУда илим күнү белгиленди
05:06
Энергетика министри Дүйнөлүк банктын CASA-1000 долбоору боюнча миссиясы менен жолукту
05:04
Президент Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри менен жолугушту
05:01
Ош шаарында "Билим" лицейинин жаңы окуу корпусунун салтанаттуу ачылышы өттү
04:56
Электр энергиясын убактылуу чектөөнүн себеби айтылды
Бардык кабарлар

Новиковдон кагуу жеп буйдалган жетекчи. Салык кызматы түшүндүрмө берди

Аналитика
220
0
Салык кызматы премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков тарабынан кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдовар" көзөмөл-өткөрмө пунктун кыдыруу учурунда салыкчыларга айтылган сынга жооп иретинде маалымат таратты.

Буга чейин Новиковдун Салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкуловго суроо узатып, ал буйдалып калган видео тараган

Анда Салык кызматы мыйзамсыз ташып өтүүгө каршы күрөшүү максатында "Жыйынды пост” автоматташтырылган маалымат системасын (АМС) ишке киргизүү боюнча бардык керектүү иш-чараларды өз убагында аткарганы белгиленет. Ал эми көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын иштөөсүн камсыздоого Салык кызматынан тышкары 8 мамлекеттик орган жооптуу экенин айтууда.

"Өкмөттүн 3-ноябрдагы кеңешмесинде Чек ара кызматынын кызматкерлерин керектүү уюштуруу техникасы менен камсыздоо жана 15-ноябрга чейин "Жыйынды пост” АМСти колдонуу боюнча окутуу тапшырмасы берилген. Аны аткаруу үчүн Салык кызматы 13-ноябрда "Чалдовар” өткөрүү пунктуна керектүү жабдууну берген. Белгилей кетсек, Салык кызматы март айында эле "Жыйынды постту” ишке киргизүүгө даяр болгон. Бирок башка органдардын даяр эместигинен улам система ушул кезге чейин толук ишке киргизиле элек”, — деп айтылат маалыматта.

Аталган программа 16-18-ноябрь күндөрү сыноодон өткөрүлүп, анда дагы оңдоп-түзөө зарылчылыгы жаралган. Аларды жоюу башка мамлекеттик органдардын компетенциясына кирери белгиленди.

Ал эми жаңы орнотула турган кошумча видеобайкоо камераларынын жоктугу боюнча да жооп берип, аны орнотуу тапшырмасы Салык кызматына эмес, Чек ара кызматына берилгени айтылат.

"Бетамонт” салмак-габариттик контролдун динамикалык системасынын тийиштүү деңгээлде иштебегендиги тууралуу түшүндүрө турган болсок, Салык кызматы ал система менен маалыматтарды салыштыруу мүмкүн эместигин бир нече жолу маалымдаган. Анткени ал Транспорт жана жолдор министрлигинин балансында болуп, салмак-габариттик контролдоо адистери тарабынан тейленет. Бул маселе боюнча өкмөттүн аппаратына жана мамлекеттик органдардын дарегине 15тен ашуун кат жолдонгон. Башка органдардын аракетсиздиги үчүн Салык кызматы жооптуу эмес. Мисалы, электр энергиясынын өчүрүлүшү, суунун, интернеттин жоктугу жана башкага жооп бербейт”, — деген позициясын билдирди.

Өлкөгө кирген автоунаалардын саны тууралуу Салык кызматы, Чек ара кызматы, Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматтарындагы айырма боюнча ар бир мамлекеттик орган кызматтык функцияларына жараша каттоонун өзүнө таандык методикасын колдонорун айтты.

Мисалы:

  • Салык органынын кызматкерлери үчүнчү өлкөлөрдөн жана ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдөн жүк (товар) импортточу транспорттук каражаттарды белгилеп турат. Бирок ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдөн импорттоо же жеке максатта товар ташуучу автоунааларды гана каттоого алат;
  • Чек ара кызматы бардык, анын ичинде, үчүнчү өлкөлөрдөн кирүүчү транспорттук каражаттарды белгилейт;
  • Транспорт жана жолдор министрлиги салмак-габариттик көзөмөл аркылуу 18 тоннадан оор, жолдун кыртышын бузган жүгү (товары) бар автоунаалары гана тескейт.


Дагы: https://sputnik.kg/politics/20201201/1050626367/salyk-kyzmaty-tushundurmo-berdi.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно