Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Дагы: https://sputnik.kg/politics/20210222/1051543281/gulnara-klara-samat-rossiyadagy-elchi.html
2020-жылдын октябрь айына чейин аталган кызматты Аликбек Жекшенкулов аркалап келген. Бирок мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып, аны дагы элчиликтен бошоткон.
Ал эми Гүлнара-Клара Самат "Ата Мекен" партиясынан депутат болуп турганы менен 2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Мекенчил" партиясынын катарында катышкан.