Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Кумаркана мыйзамы биринчи окуудан өттү

Аналитика
511
0

Кыргыз парламенти чет элдик жарандар үчүн казино ачууга жол берген мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Жогорку Кеңеш кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда 56 макул, 13 каршы болгон добуш менен колдоп берди.

"Оюн-зоок маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" деп аталган мыйзам долбоору 11-майдагы парламент жыйынынын күн тартибинде болгон эмес. Түштөн кийин сунушталып, алгач жабык карала баштап, кийин айрым депутаттардын нааразылыгы менен жыйынга журналисттер киргизилди.

Кумаркана мыйзамы кандай иштейт?

Долбоорду экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Улан Сарбанов парламентте коргоп, мыйзамдын максаты инвестиция тартуу, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө шарт түзүү экени белгиледи. Сарбанов мыйзам долбоору экинчи окууга чейин жакшылап иштелип чыгарын айтты.

"Кыргыз Республикасынын жарандарына тыюу салынат. Тыюу салуунун механизмдери акт менен жазылып чыгат. Учурда ИИМ менен анын чараларын алдын ала кеңешип жатабыз. Бул суроолор иштелүүдө”, - деди Сарбанов.

Кумарканаларды юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр ача алат. Кыргызстандын жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө кирүүгө тыюу салынат. Каржылык көзөмөл кызматынын башчысы Сарбановдын айтымында, курманканалар үчүн салык жыл сайын көтөрүлүп, болжол менен казынага 2022-жылы 1 млрд. сомдон ашык, 2024-жылы 2 млрд. сомдон ашык каражат түшөт.

Мыйзам долбоорунун баяндамасында, кумаркана түрлөрүнүн салык ченемдери айтылды.

Ага ылайык, казино жана онлайн казинонун үстөлү үчүн 2022-жылы 750 миң сом, 2023-жылы — 1 миллион, 2024-жылы — 1,25 миллион сом болот.

Ал эми оюн автоматтары үчүн 2022-жылы 50 миң сом, 2023-жылы — 75 миң, 2024-жылы тартып — 100 миң сом.

Букмекердин жана тотализаторлордун 1 кассасы үчүн 2022-жылы 200 миң сом, 2023-жылы 350 миң, 2024-жылдан тартып 500 миң сом салык салынат.

Лицензия 10 жылга берилип, анын баасын Министрлер кабинети аныктайт. Кыргыз жаранын кумарканага кирүүгө тыюу салган эреже бузулган учурда 100 миң сом айып салынат.

Казиного каршы жана макул эл өкүлдөрүнүн жүйөсү

Парламенттеги талкууда эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү кумарканаларга кыргыз жарандарын киргизүүгө тыюу салууну тыкыр көзөмөлдөө менен мыйзам долбоорун колдой турганын билдиришти. Депутат Нурлан Шакиев мындай деди.

"Расмий түрдө казиного тыюу салынган. Анткен менен алар кадимкидей иштеп жатканы ачык айтылууда. Казинодо адам өзү акыл-эси менен чечим кабыл алышы керек. Чоң коркунуч жаш балдар азгырылып кетпей тургандай болушу керек. Бул мыйзам долбоорун алып чыгуу экономикалык абалдагы айласыздыктан болуп жатат”, - деди депутат.

Шакиев кумарканалардын салыгы менен тышкы карыздан кутулууга болорун кошумчалады. Бирок, эл өкүлү Исхак Масалиев казинонун акчасы менен казынаны толтуруу мүмкүн эмес экенин айтып, мыйзамга каршы пикирин билдирди.

"21-кылымда биз чет өлкөлүк жарандарды алып келип, чөнтөгүндөгү акчаны алабыз деген туура эмес. Кошуналар ким? Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Кытай. Демек, ошол элди бизге келип акчаңарды уттургула, биз акча табалы деген максат туура эмес. Жабылганга чейин 500 млн. сом төлөгөн болчу. Анда ондон ашыгы иштечү. Эми силер 5 млрд. сомго чыгабыз деп жатасыңар. Андай болбойт”, - деди Масалиев.

Казинолордун ачылышына жол берген мыйзамга каршылардын бири, депутат Нуржигит Кадырбеков кыргыз жарандарын киргизбөө тыкыр көзөмөлдөнөт дегенге кепилдик жок экенин айтып, далай кишилер кумардын курмандыгы болорун эскертти.

"Эми айтып жатышат, " мынча миллиард түшөт экен" деп. Чынында андай деле болбойт. Эч нерсе өндүрбөстөн бирөө топтогон акчаны алуу болуп жатат. Азыр түкүрбө деген мыйзам аткарылган жок. Жолдо МАИ жок жерде башкача айдайбыз. Бизде мыйзам менен тыюу салып кое берет. Бирок, аны айланып өткөн жолдорун таап алабыз”, - деди Кадырбеков.

Анткен менен Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев Кыргызстан светтик өлкө экенин белгилеп, казино гана эмес жеңил баңгизатка уруксат берген мамлекеттерди мисалга тартып, өкмөттүн казынаны толтуруу сунуштарын колдоого чакырды.

"Айлык көтөрүлдү, социалдык курулуштарга акча керек. Динди айтып жатышат. Кыргызстан ислам эмес, светтик өлкө. Дин менен карап маселе чечпеши керек. Ал эми кесиптештерим айткан мыйзам долбоорундагы чийки жерлерин, механизмдерин иштеп чыгышы керек”, - деди Малиев.

Президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге берген маектеринде мыйзам долбоорун колдой турганын билдиришкен.

2021-жылы депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштап, талаш-тартыштардан кийин артка кайтарып алган.

Президент Жапаров кызуу талкуу жараткан казинолор тууралуу мыйзамды колдоп, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган.

Өлкөдө кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар чыккан.

 

 

https://www.azattyk.org/a/kumarkana-myizamy-birinchi-okuudan-ottu/31844948.html

скачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик