Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:58
Катар-2022: Аргентина 1/8 финалга чыкты
22:56
ЖК: Мыйзамдар жана регламент комитетинин төрайымы болуп Чолпон Султанбекова шайланды
07:28
Кыргызстанда Венгриянын маалымат жана маданий борбору ачылышы мүмкүн
07:26
Сөздөн ишке карай... Кыргызстанга Сауд Аравиядан инвестиция тартууну өнүктүрүү
07:24
Акылбек Жапаров Япониянын Улуттук банкынын төрагасы менен кызматташтыкты талкуулады
04:53
Оштун жаңы мэри жамаатка тааныштырылды
04:33
Бишкек: Бейтапканалар дем алышта да иштей баштады
04:26
"Тешилбеген жер калбады". Терек-Сайдын кейиштүү экологиясы
04:24
Бажы: киреше боюнча убада эмнеге орундалбай калды?
19:57
Кол күрөш боюнча спортчулар Азия кубогунда 25 медаль багындырышты
19:55
Элдияр Орозбеков шахмат боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды
07:53
Москвада Кыргызстандын жаңы коомдук борбору ачылды
07:48
Президент Жапаров-Ташиев тандемин сындаган делегат менен өзүнчө жолугат
06:31
Азизбек Мадмаров Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп дайындалды
06:30
Марипов ишин айкалыштыруу менен Кыргызстандын Бахрейн жана Египеттеги элчиси болуп дайындалды
04:40
Жогорку Кеңеште республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору кабыл алынды
04:23
Медициналык 23 окуу жайдын бешөө гана эл аралык каттоодон өткөн
04:20
Жапаров ЖККУда чек ара коопсуздугун камсыздоону сунуштады
04:21
Шакиев баштаган депутаттар Түркия парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты
04:19
Садыр Жапаров Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директорун кабыл алды
04:13
Москвада кыргызстандык таксист киши колдуу болду
04:10
Парламентте “Газпромдун” ишине сын айтылды
06:56
Жапаров Токаевди президенттикке кайра шайланышы менен куттуктады
06:54
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу документтери апрелде даяр болот
04:38
"Тажикстан менен тил табыша баштадык". Камчыбек Ташиев чек ара боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу
05:37
Кыргызстанда Google Pay пайда болду, бирок бул функция азырынча беш гана банкта бар
05:30
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" бекети оңдолууда
05:28
Композитор Муратбек Бегалиев Франциянын ордени менен сыйланды
19:52
БУУ Кыргызстанга жакырчылыктан чыгуусуна 105 млн. доллар бөлөт
19:49
Ишкер аялдар күнү: Кыргызстан Араб Эмираттарынан эмнени үйрөнө алат?
17:52
17-20-ноябрь күндөрү Кадамжайдагы айрым айылдарда электр жарыгы өчүрүлөт
17:26
Доллардын өсүшү. Улуттук банк валюта рыногуна 55,2 млн. доллар сатты
17:24
Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо сунушу жыл соңуна чейин берилерин айтты
17:15
Садыр Жапаров: "Эң туура жол менен баратабыз"
08:09
18 жаштагы Айнура Ирисалиева үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголду
08:07
Үйгө кирип барып, бешилик менен өлтүргөн: Тайгандын Таш-Көмүрдөгү өлүмү
07:58
Жалал-Абад шаардык кеңешине 3 жаңы депутат келди. Алар кимдер?
07:49
Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата жумалык өтөт
07:45
Дүйнөнүн калкы 8 миллиард кишиге жетти
07:40
Элдик курултайга кимдер келатат, алар эмне маселе көтөрөт?
06:56
УКМК: Аткезчиликтен алынган 2 миллиондон ашык доллар бюджетке берилди
06:45
Кыргызстанда акыркы жумада коронавирустун 19 жаңы учуру катталды
06:43
Кыргызстанда инфляция 15,4%га жетти - ЕӨБ
06:41
Аскер бөлүктөрүнүн бириндеги курулушта мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтирилген
06:39
Баткенде аткезчилик товар ташыган унаа конфискацияланды
Бардык кабарлар

Октябрь окуясы: сот Атамбаев баштаган саясатчыларды актады

Аналитика
180
0

Бишкектин Биринчи май райондук соту Октябрь окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон саясатчылардын бардыгын кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу актады.

Фарид Ниязовду сот залынан бошоткон өкүмүн чыгарды. Калгандардын бөгөт чарасы соттун өкүмү күчүнө киргенге чейин өзгөртүүсүз калтырылды.

Мунун алдында мамлекеттик айыптоочулар Алмазбек Атамбаевди Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык башаламандыктар”) боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жылга абакка кесүүнү сураган. Мындан сырткары айыпталып жаткандардын бардыгын күнөөлүү деп таап, жети жылдан тогуз жылга чейин камоону соттон өтүнгөн. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык башаламандыктар”) жана 374-беренеси ("Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук”) боюнча айыпталган.

Октябрь окуясына байланыштуу жети саясатчыга айып тагылган. Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын кеңешчиси Фарид Ниязов, жансакчысы Канат Сагымбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, "Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жана саясатчы Өмүрбек Бабанов. Бабановдун иши өзүнчө бөлүнүп тергелди.

28-июндагы сотко Атамбаев менен Бабановдон башка бардык шектүүлөр катышты.

"Бул саясий иш болгон. Сот өзүнүн адилеттүүлүгү үчүн калыс чечим чыгарды. Ал эми жалпы соттук системада реформа болгон жок. Мен камакта отурганда камалган миңдей адамдын жарымынан көбү адилетсиз чечим менен камалганын көрдүм. Ошол жөнөкөй жарандардын тагдыры чечилип, алар акталганда гана реформа жүрдү деп айтса болот",-деди соттон акталгандардын бири, "Туран" саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов.

Молдокматов Октябрь окуясы боюнча комиссия түзүлүп, бул боюнча макам берилиши керек дейт.

"Бул иш боюнча чекит коюлбашы керек. Күнөөлүүлөр жооп бериши керек. Сот бизди күнөөлүү эмес деп тапты. Демек, башка күнөөлүүлөр бар. Өлгөндөр, жарадар болгондор бар. Ошолорду таап, жоопко тартышы керек",-деди акталгандардын бири, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков.

Прокуратура өкүмгө макул болбосо, чечим күчүнө киргенге чейин кийинки инстанцияга кайрыла алат.

"Бул биз күтпөгөндөй чечим чыкты жана акыр аягы адилеттүүлүк болду. Кыргызстанда өзгөрүү болуп жатканы сезилүүдө. Анткени акыркы үч жылдан - Кой-Таш окуясынан бери сотто жүрөм. Азыркы бийликтин келиши менен соттор жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусу менен ачык өтө баштады. Ал эми бүгүнкү чечим чынында күтүүсүз болду. Менин пикиримде, прокуратура бул чечимге каршы кийинки инстанцияга арызданбайт”,-дейт ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Рыскелди Момбеков сот чечимине байланыштуу пикирин билдирди. Ал Октябрь окуясы боюнча ошол кездеги өлкө жетекчилеринин жоопкерчилиги каралыш керек деп эсептейт.

"Бүгүнкү чечим адилеттүү болду. Бирок бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоого негиз жок болчу. Кылмыш иши боюнча мен да күбө катары өткөм. Мен Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө "Шалаакалык” беренеси менен кылмыш иши козголушу керек деп көрсөтмө бергем. Бирок Ички иштер министрлиги (ИИМ) буга тиешеси жок кишилерге иш козгоп койгон. Октябрь окуясы боюнча айыпталгандардын акталышы мыйзам ченемдүү эле нерсе. Бирок булар акталгандан кийин башка адамдар такталыш керек. Аткени Октябрь окуясынан жабыркагандар бар да. Аларды сот жабырлануучу деп тааныды. Ошондуктан эми ошол кездеги президент, УКМКнын, ИИМдин башчыларына иш козголушу керек”.

 

Октябрь окуясына байланыштуу кылмыш иши

2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу тергөөнүн материалында Атамбаевдин 2020-жылы 5-октябрдын түнү камактан мыйзамсыз бошоп кеткени, андан кийин Бабанов, Султанбеков, Сагымбаев, Молдокматов жана Ниязов баштаган тарапташтары менен алдын ала сүйлөшүп алып, бийликти басып алууга аракет кылганы көрсөтүлгөн. Алар 9-октябрда "Медиа Форум” имаратынын алдына чогулуп, андан кийин "Ала-Тоо" аянтына келгени, ал жерден жапырт башаламандыкты баштаганы белгиленген.

10-октябрда Атамбаев баш болгон анын бир нече тарапташтары кармалып, милиция ошол эле күнү Жазык кодексинин 264-беренеси ("Массалык башаламандык”) боюнча иш ачып, сотко чейинки өндүрүш баштаган.

Атамбаев жогоруда айтылган айыптардын баарын четке кагып келет. Ал сот отурумдарында "менин жүйөлөрүм эч нерсе чечпейт” деп, соттун суроолоруна жооп бербей келди.

Ушул эле иш боюнча мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабановго карата да кылмыш иши козголуп, бирок өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.

Октябрь окуясы боюнча кылмыш иши менен Фарид Ниязов гана камакта отурду. Кылмыш ишинде фигурант катары өтүп жаткан жарандар тандалма мамиле жасалып жатканын айтып келишкен.

Былтыр жыл башында ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго 2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу "имаратты жана мекемени басып алуу" деген беренеси менен да айып тагылган. Асанов алгач камалып, кийин үй камагына чыгарылган.

"Замандаш" партиясы менен 2020-жылдагы шайлоого катышкан, кийин "Туран” партиясын түзгөн Жеңиш Молдокматов былтыр 8-майда камалган. Февралда Бишкек шаардык соту Молдокматовду үй камагына чыгарган.

Атамбаевдин кылмыш иштери

 

Буга чейин 16-июнда Биринчи май райондук соту үч жылдан бери абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди эки иш боюнча актаган - Бишкектин жака белиндеги Калыс-Ордо жаңы конушуна мектеп курууда жана мурдагы "Себат” окуу жайынын түркиялык 10 демөөрчүсүнө кыргыз жарандыгын берүүдө мыйзам бузган эмес деп тапкан. Бирок Атамбаевге башка иш боюнча сот өкүмү болгондуктан, ал камакта кала берет.

Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулганына байланыштуу кылмыш ишине айыпталган. 2020-жылы июнь айында Атамбаев 11 жылга соттолгон. 2021-жылы 12-октябрда Жогорку сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, мурдагы президентке чыккан өкүмдү кайра күчүнө киргизген. Процесс дагы уланып, быйыл 15-мартта Жогорку сот буга чейинки инстанциялардын 11 жылга эркинен ажыраткан өкүмүн күчүндө калтырып, Батукаевдин ишине чекит коюлду.

Октябрь окуясы боюнча соттук териштирүү. 28-июнь, 2022-жыл.
Октябрь окуясы боюнча соттук териштирүү. 28-июнь, 2022-жыл.

Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаев оор беренелер менен айыпталууда. 2019-жылы июнь айында Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча Алмазбек Атамбаевдин кылмыш иши өзүнчө бөлүнүп, тергелип жатканы белгилүү болгон. Атамбаев кармалгандан кийин айыбы угузулган. Андан сырткары Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча айыпталган.

Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын августунан бери камакта. Мурдагы президент өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук деп атап келет. Соңку мезгилде мурдагы президенттин тарапкерлери саясатчынын ден соолугу начарлаганын айтып келишет.

Алмазбек Атамбаев 2005-жылдагы Жоогазын ыңкылабынан кийин Курманбек Бакиевдин бийлиги маалында эки жолу өкмөткө барган. Биринчисинде, 2006-жылы Өнөр жай, соода жана туризм министри болуп барган Атамбаев жети айдан кийин "Бакиевдин өкмөтү кылмышкерлерди колдоп жатат" деп күнөөлөп, кызматынан баш тарткан. Атамбаевди экинчи ирет Бакиев өз өкмөтүнө премьер-министр кылып 2007-жылы алып барган. Мындай кадамы аркылуу Бакиев өзүн оппозиция менен эсептешерин билдиргиси келсе, Атамбаев оппозиция менен бийлик ортосуна "көпүрө” болгусу келген.

Бул чечим оппозиция "Реформа үчүн” кыймылын түзүп, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаева баштаган саясатчылардын айланасына реформачыл күчтөр биригип турган кезде кабыл алынган эле.

Премьер-министрлик кызматтан кеткенден кийин 2009-жылдагы президенттик шайлоого чейин саясаттан оолак болду. Ал эми президенттик шайлоодо 8 пайыздан ашыгыраак добуш алган.

Президенттик шайлоодон кийин Атамбаев өзүнүн санаалаштары менен Бакиевдин бийлигине каршы кайрадан "Бириккен элдик кыймылга” кошулган. Президенттик кызматка 2010-жылдагы кандуу Апрель окуяларынан кийин, 2011-жылдын аягында жаңы Конституциянын негизинде шайланып келген.

2017-жылы өзү "саясаттагы досум” деген Сооронбай Жээнбековду президенттик шайлоого чыгарып, сүрөгөн. Жыл айланбай аны сындап чыккан. Андан кийин Атамбаев "Батукаев иши” боюнча тергөөгө барбай, 2019-жылы август айында анын Кой-Таштагы үйүндө кармоо операциясы болгон. Күч органдарынын операциясы учурунда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган.

https://www.azattyk.org/a/31919596.html

скачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик