Бүгүн:

Акыркы кабарлар

14:49
Айыл чарба министрлиги фермердин айыптоолоруна жооп берди
14:45
Министрлик: фермерлер киреше алып келчү гана эгиндерди экпеши керек
15:36
Сирияга үй-бүлөсүн алып кетип согушка катышкан кыргызстандык кармалды
15:27
Эреже бузганына ынанбаган айдоочу кимге кайрыла алат
15:15
Кыргызстан дагы 10 өлкөгө визасыз режим киргизүүнү демилгелеп жатат
16:16
23 миң сом! Жол эрежесин бузгандарга салынчу айыптардын көлөмү
15:24
Өңүмбү же түшүмбү? Бусиктер экинчи тилкеден бурулбай калышты. Видео
20:13
"Коопсуз шаар" системасы боюнча айып салынган-салынбаганын кантип билсе болот
19:56
Шампунь менен чай жасаган компания «крышаларына» чалып башташты, - депутат
19:55
Чаткалдык мергенчи тирүү карышкыр багып, аны менен аңчылык кылууда
19:02
Жамиля Жапашева: “Кыздар деле күйөө издеши керек, тандашы керек шариатта тандоо укугу аял-эркеке тең берилген”
16:24
Акжол Махмудов олуттуу жаракат алды. Операциясына ири суммадагы акча керек
16:18
Жол улаш адамды ала кет! Бишкектик активист казакстандыктарга үлгү болду
15:22
Бишкектин чок ортосуна 140 орундуу бала бакча курулат
13:39
Сагынбаев: кол тийбестиги алынгандан кийин Атамбаевге иш козголушу мүмкүн
13:38
150 миң доллар алып тергөөнү токтотууга жардам берген. Илмияновдун иши
13:27
Бишкекте күркө күйүп, эки киши каза болду
13:25
Депутат Жолдошбаев карышкырларды эми танк менен атууну сунуштады
12:02
Мэрия кызматкерлеринин чыры: Бишкекте дагы 4 миң бак кыйылабы?
11:02
Бишкектин дагы эки жерине "бомба коюлду" деген маалымат тарады
11:00
УКМК: Бишкектен бомба табылган жок. Стратегиялык жайлар текшерилип жатат
10:22
Бишкекте үйлөр арзандайбы? Саресеп жана рыноктогу абал
15:13
ЖКдагы депутаттардын арасында кылмышкерлер барбы? Министрдин жообу
15:09
Бишкекте үйлөр арзандайбы? Саресеп жана рыноктогу абал
10:59
Артынан сөз ээрчиткен эмес... Корчубек Акназаров жерге берилди
10:34
Кыргызстанды космостон көрдүңүз беле? Канадалык астронавт сүрөт жарыялады
10:13
Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңеш катчысынын орун басары болду
11:34
Ошто Бүткүл дүйнөлүк Жоолук күнү белгиленди
11:27
Россияда поезддин алдында калган кыргызстандык өспүрүм көз жумду
15:27
Президентти ызаланткан 41 "алтын" лицензиянын ээси аныкталды
14:07
Жогорку Кеңеш жарандыгы жок адамдарды өлкөдөн чыгаруу тартибин талкуулады
12:06
ЖК ойлонуп, өкмөт толгонгуча айдоочулар ишсиз калды. Лицензия качан берилет?
10:55
Депутат: чет элдиктерди депортациялоого мамлекет чыгым болбошу керек
10:38
Токмоктогу атышуу: эки шектүүнүн баш коргоо чарасы тандалды. Окуянын чоо-жайы
15:27
Кызыңызга ат кое албай жатасызбы? "Манас" эпосундагы ысымдардын тизмес
15:20
Депутат: медицина калдыктарын утилизациялоодон көрө ыргытып жиберген оңой
15:15
Жээнбеков: керек болсо Геология комитетиндегилердин баарын иштен алгыла!
15:14
Жээнбеков өлкөнүн маанилүү тармагындагы "соодага" нааразы болду
15:13
Бишкектик кыз зордукталып, шектүү катары милиционер кармалды
15:08
70 миң сом утуп алгың келеби? Социалдык сынактын жол-жобосу
14:43
Жээнбеков Түркиядагы кыргыздардын пенсиясы боюнча келишимди ратификациялады
14:40
Кыргызстанда авиабилеттердин баасы арзандайбы? Адистердин жообу
14:27
УКМК: лицензиянын көбү Зилалиевдин тушунда бөлүштүрүлүп кеткен
14:26
Бишкектик кыз зордукталып, шектүү катары милиционер кармалды
14:07
Кыргызстанда коррупциялык жол менен лицензия берүүнүн кесепеттери
Бардык кабарлар

ТАЛАСТАГЫ ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРГА ШАРТ КЕРЕК

Аналитика
219
0

 

ТАЛАСТАГЫ ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРГА ШАРТ КЕРЕК

 

Таласта аутизм жана даун синдрому менен жабыркаган балдарга реабилитациялык борбор курулууда.

Талас облусунун борборунда аутизм жана даун синдрому менен жабыркаган балдардын саламаттыгын чыңдаган атайын борбор курулууда.

Анын курулушун Кызыл Жарым Ай коому колго алган. Бир кабаттуу имаратта 30 бала тарбияланмакчы. Курулуш күзүндө аяктап, кышында ишке кирет деп күтүлүп жатат.

«Теңир колдо» аттуу аутизм жана даун синдрому менен жабыркаган балдар үчүн реабилитациялык борбордун директору Абдумалик Акматов. Талас ш. 03.8.2017.
«Теңир колдо» аттуу аутизм жана даун синдрому менен жабыркаган балдар үчүн реабилитациялык борбордун директору Абдумалик Акматов. Талас ш. 03.8.2017.

"Теңир колдо" деп аталган бул борбордун директору Абдумалик Ахматов:

- 2005-жылы балалуу болгонбуз. Ал даун синдрому менен төрөлүп калды. Азыр балам 11де. Кудайга шүгүр, тамга таанып калды, компьютер ойнойт, сүйлөйт.

Баласы башкалардан айырмаланарын уккан Абдымалик Ахматов 2009-жылы өзгөчө балдар үчүн «Теңир колдо» деп аталган борбор ачып, коомдун жардамына муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарын тарбиялай баштаган.

Бирок мэрия бөлүп берген имарат талапка ылайык келбегендиктен, балдарды бир жылдан бери өз үйүндө багып жатат.

- Иштеп жаткан имаратыбыз өтө тар болуп калды. Анткени балдарга толук кандуу кызмат көрсөтүү үчүн көп бөлмө болушу керек экен. Социалдык министрлик тарабынан атайын стандарт чыккан. Ошонун негизинде уктоочу, сабак окуучу, тамак ичүүчү жайы болуп, бөлмөсү көп болушу керек экен.

Абдумалик Ахматовдун алты бөлмөлүү үйүнө Таластын төрт районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген 80дей бала келип, кетип билим алып турат. Ушул тапта үч жаштан 15 жашка чейинки 18 бала тарбияланууда.

- Балдар саат сегизден кечки алтыга чейин 10 саат биз менен болот. Ошол учурда биз балдарга социалдык кызматтын бүт түрүн, бети-колду жуугандан тарта, кашык кармап өзү тамактанып, тамга таанып, өзүнүн оюн жеткире алгандай кылып үйрөтөбүз. Өз алдынча жашоого үйрөтүүгө аракет кылып жатабыз.

Билим алып жаткан балдардын ичинен алтоо даун синдрому менен жабыркаса, төртөө аутизм менен төрөлгөн. Алар жакынкы айларда толук шарты бар жаңы имаратта билим ала баштайт деген ата-энелер кубанып жатышат.

"Кызыл Жарым Ай” уюмунун Таластагы өкүлү Дилдекан Шадыбекова. 03.8.2017.

Мындай мүмкүнчүлүктү эл аралык "Кызыл Жарым Ай" коому түзүп берип жатканын коомдун Талас облусундагы өкүлү Дилдекан Шадыбекова билдирди.

- Фундаменти куюлуп, чуңкур казылды. Буюрса кышка чейин, декабрга чейин бүтүрөлү деп аракет кылып жатабыз. Негизгиси, кирпичтерин көтөрүп, үстүн жаап, айнегин салып койсок, ички жумуштары жайыраак жүрө берет деп үмүттөнүп жатабыз.

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Токтосунов Талас облусу боюнча даун синдромуна чалдыккан 11 бала каттоодо турарын, ал эми аутизм менен жабыркагандардын каттоосу жоктугун билдирди.

«Теңир колдо» аттуу аутизм жана даун синдрому менен жабыркаган балдар үчүн реабилитациялык борбордогу балдар. Талас ш. 03.8.2017
«Теңир колдо» аттуу аутизм жана даун синдрому менен жабыркаган балдар үчүн реабилитациялык борбордогу балдар. Талас ш. 03.8.2017

Өзгөчө балдарды тарбиялап, коомго аралаштыруу аракеттерин эл аралык уюмдар ар кандай долбоорлордун алкагында жүргүзүп келет.

Анткен менен атайын билим алганадистердин жоктугу, тиешелүү мекемелердин кайдыгер мамилеси бул балдарды кичине кезинен аныктап, аларга атайын адистешкен тарбия берүү жана коомдогу аларга жаңыча педагогдук көз карашты калыптандырууга бөгөт болуп жаткан себептердин бири.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик