Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:31
Бишкектик топ-менеджер: бүлөмдү багуу үчүн нике шакегимди күрөөгө койчумун
15:29
Мамкаттоодо бир нече кызматкер сөгүш алып, жумуштан айдалды
15:28
Маршрутка айдап баратып планшеттен ролик көргөн бишкектик айдоочу. Видео
15:25
КСДП менен "Единая Россия" кызматташмай болду
15:24
Кышкы Олимпиадага экинчи ирет катышып жаткан Евгений Тимофеев тууралуу 7 факты
21:49
Бишкекте окуучуларга гашиш таратууга шектелип эки студент кармалды
10:25
Өлкөдөгү паракорчулук гүлдөгөн мамлекеттик мекемелер. Рейтинг
12:20
Ат-Башыда минген аты келип, өзү жоголгон киши табылды
11:49
Бутун чечпей үйгө кирип барган аткаминерлер соцтармакта сынга кабылды
10:55
Ат-Башыда минген аты келип, дайынсыз болгон ээси изделүүдө
09:59
Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында күн кескин сууктайт
09:52
Бишкек — Ош жолунда эки унаа кагышып бир айдоочу мерт болду
18:30
Бишкекте унаа коюп кеткен аял каза таап, колундагы бөбөк ооруканага түштү
18:29
Чымчыктар ай!... Жакыны сабап, бычактап, кордогон бөбөктөр. Жүрөк титиреткен 7 окуя
18:28
"Сынган кылыч" диски "Азиздер жана дүлөйлөр" коомуна тапшырылды
18:27
Үч жылда Бишкекте жол кырсыгынан "Тазалыктын" 6 кызматкери каза болгон
18:25
Кыргызстандык өспүрүм таэквандочулар Казакстандан 11 медаль менен кайтты
10:12
Ысык-Көлдө өрттөн 41 жаштагы киши каза тапты
09:40
Аксыда каза болгон 30 жаштагы эки мугалимдин артында төрт бала калды
15:12
Күчүктү сактайм деп өзү чөгүп кеткен маркумдун жубайы: сөөктү бир күн издедик
15:11
Казак элчисин президент Жээнбеков кабыл алып, КРде дайым ардактуу конок экенин айтты
15:09
Түштүк Корея президенти Түндүк Корея башчысы Ким Чен Ындын карындашы менен жолукту
15:08
Сапар Исаков Дубайга учуп кетти. Максаты кандай?
15:03
Грэпплинг боюнча өлкө биринчилигинде Азия чемпионатына катышчулар тандалат
21:13
Ош: апасы депкир менен сабаган баланын дем алуусу начарлап, абалы оорлоду
21:11
ТЭЦтеги авариянын азабын ким көбүрөөк тартты? Экономисттердин пикири
21:09
Декабрь менен январь үчүн жылуулук төлөмүндөгү аз айырманын себеби түшүндүрүлдү
21:09
КТРК Олимпиада оюндарынын ачылыш аземин көрсөтмөй болду
21:08
Түркиядагы кыргызстандык дарыгер: бир тыйыным жок жүргөн учурлар болгон
11:05
Москва Кыргызстандагы аскер базасын күчтөндүрдү. Себебин Россия ТИМи түшүндүрдү
15:58
Кайрымдуу инсандар жардам колун сунууңуздарды суранабыз
10:21
Аида Салянованын соту. Учурда эмне болуп жатат
10:10
Бишкекте милиционерге ок чыгарган шектүүнүн сүрөтү жарыяланды
14:08
MegaCom компаниясын сатып алууга эми швейцариялык компаниядан сунуш түштү
15:47
Электр энергиясын кымбаттатуу керекпи же жокпу? Адистердин түшүндүрмөсү
11:21
Кыргызстандыктын абалы канааттандыраарлык
11:13
Бишкек ЖЭБин убактылуу ким башкарат?
11:09
Жалал-Абад облусунда 2 суу сактагыч курулат
10:58
Кар жаайт. Дем алыш күндөрүнүн аба ырайына божомол
14:35
Депутаттар жөө жүргөндөн уялар-уялбасын айтып беришти. Пикирлер
14:21
БИШКЕК ТЭЦтин КУРУЛУШУНДА КОРРУПЦИЯГА ЖОЛ БЕРИЛГЕНБИ?
14:21
Камчыбек Жолдошбаев маршруткада жүргөн депутаттардан уяларын айтты
13:47
ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ БАЗАРГА ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ УНАА КИРЕ АЛБАЙТ
10:20
"Ак Илбирс" улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталды
16:49
Үч күндөн бери уктай элекпиз! Ызгаар сууктан ооруканалар кантип чыкты
Бардык кабарлар

БАГЫ АЧЫЛБАГАН САЯСИЙ ТАНДЕМДЕР. ОТУ КҮЙҮШПӨЙ КАЛГАН КЫЙЫНДАР КИМ?

Аналитика
347
0

БАГЫ АЧЫЛБАГАН САЯСИЙ ТАНДЕМДЕР. ОТУ КҮЙҮШПӨЙ КАЛГАН КЫЙЫНДАР КИМ?Негизи саясатта айрым саясий күчтөрдүн биригиши кадимки көрүнүш. Ал Кыргызстанды да кыйгап өткөн жок. Айрымдары карапайым элди эле эмес, саясий серепчилерди да таң калтырган. Sputnik агенттиги мындай саясий биригүүлөрдү тизмектеп, алардын арты эмне менен аяктаганына кызыгып көрдү.

Бир нече күн мурун үч партия — "Ата-Журт — Мекенчил", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Өнүгүү — Прогресс" бириккени тууралуу жар салды.



Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев президенттикке бирдиктүү талапкер көрсөтө тургандыктарын айтышты, бирок азырынча ким тандалары белгисиз.

 

Кыргыз саясатында бул саясий биригүү биринчилерден эмес. Sputnik агенттиги мындай саясий биригүүлөрдү тизмектеп, алардын арты эмне менен аяктаганына кызыгып көрдү.

"Кыргызстандын элдик кыймылы"

2004-жылы бир катар оппозициялык саясатчылар Ишенгүл Болжурова, Азимбек Бекназаров "Кыргызстандын элдик кыймылын" түзүшкөн. Бул саясий бирикмени ошол учурда мурдагы премьер-министр Курманбек Бакиев жетектеген. Бирок 2005-жылы 24-марттагы окуялардан кийин кыймылдын аты чыкпай калган. Анын бир катар лидерлери мамлекеттик кызматтарга барышкан. Мисалы, Бакиев өлкө президенти болгон. 

Президент Кыргызстана Курманбек Бакиев и премьер-министр Феликс Кулов во время празднования 15-летия независимости Кыргызской Республики. 31 августа 2006 года.
© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO
Курманбек Бакиев менен Феликс Кулов жигиттик антташуу менен тандем түзүшкөн

 

Жигиттик антташуу. Тандем


Курманбек Бакиев менен Феликс Кулов жигиттик антташуу менен тандем түзүшкөн. Кулов премьер-министрлик кызмат үчүн 2005-жылкы президенттик шайлоого катышуу дымагынан баш тартып, Бакиевди колдогон. Бирок бул жигиттик антташуу көпкө узабай, 2006-жылы "ар намысчы" Кулов кызматынан кол жууган. Себеби, конституциялык реформанын алкагында өкмөт отставкага кеткен. Андан кийин Бакиев премьер кылчумун деп Куловдун талапкерлигин эки жолу парламентке сунуштаганы менен колдоо тапкан эмес. Үчүнчү ирет ошол учурда айыл чарба министрлигин жетектеген Азимбек Исабековдун талапкерлиги өтүп кеткен.

Митинг үчүн биригүү

 
Бакиевдин мындай аракетинен кийин Феликс Кулов "Бакиев жигиттик шертти бузду" деп айыптап, анын отставкасын талап кылган. Экс-премьер өзүнүн "Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн" фронту жана оппозициялык "Реформа үчүн" (лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаев болгон) кыймылы менен митингдерди уюштурган. Аянтка чыккандар атайын даярдыктагы аскерлер менен таратылган. Белгилей кетсек, митингдердин башталышынан эки жума мурун "Реформа үчүн" кыймылынын лидеринин бири Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп дайындалган. Бул митингдерде Атамбаевдин Куловду койлорду касапканага ээрчитип бараткан текеге салыштырып айтканы эсте калган.

 

Бабанов менен Ташиевдин "Республика — Ата-Журту"

Учурунда "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен "Ата-Журттун" анабашы Камчыбек Ташиев келишкис каршылаштардан болчу. Бирок алардын жылдызы 2014-жылы келишип, эки партия биригип "Республика — Ата-Журт" болушкан. Бир жылдан кийин 2015-жылы парламенттик шайлоого бир партия катары катышкан. Учурда РАЖ Жогорку Кеңеште депутаттардын санынын көптүгү боюнча экинчи орунда турат. Ал эми Ташиев 2015-жылы парламенттик шайлоонун үгүт иштери учурунда башка партиянын өкүлү менен мушташа кетип, тизмеден чыгып калган.

Ташиев менен Бабановдун биригүүсү 2016-жылдын аягына чейин гана созулган. Себеби, Ташиев Ахматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаров менен биригип кеткен

Көпкө узабаган биригүүлөр

Бакыт Төрөбаев үчүн саясий тараптар менен биригүү жаңылык эмес. 2013-жылы декабрда "Өнүгүү-Прогресс" менен "Улуттар биримдигинин" ортосунда стратегиялык өнөктөшүү боюнча келишим түзүлгөн. Ошол учурда "Улуттар биримдигинин" лидери Мелис Мырзакматов Ош шаарынын мэри болуп турган. Мырзакматов кызматтан алынары менен саясий бирикме да бузулган.

Ара жолдо…

2015-жылдын башында Адахан Мадумаров ("Бүтүн Кыргызстан") менен Аскар Салымбеков ("Эмгек") биригип, жаңы саясий бирикме "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" деп аталган. Бирок алардын 2015-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо жеңишке жетебиз тилеги ишке ашкан эмес. Мындан көп узабай партиялар "ажырашып" кеткен.




скачать dle 11.0фильмы бесплатно