Бүгүн:

Акыркы кабарлар

13:22
Бишкектеги батирден тапанча, акча, зер буюмдарын уурдагандар кармалды. Сүрөт
13:22
Милиционер акы төлөөдөн качып тамакка ыпыр-сыпыр кошуп койдубу? Видео
13:20
"Туура эмес" өмүр сүргөн америкалык байбиче 105 жашка чыгуусунун сырын ачты
13:19
Кыргызстанда июндун аягына чейин катуу шамал болот. Климатологдун божомолу
13:18
Ким Чен Ын Кытайга барды
13:18
Сак болгула! Сел жүрүшү мүмкүн
13:17
Залкарлар Рыскулов менен Күмүшалиевага арналган республикалык фестиваль өтөт
13:16
Нарындын төрт районунун 42 миң га айдоо жери чегирткеден тазаланууда
13:16
Кытайдагы велосипеддердин "мүрзөсү". Оозду ачырган беш сүрөт
13:14
Майлуу тамакты "жек көргөзгөн" азыктар. Окумуштуулардын аныктамасы
13:14
Кулатуу эр таймаштын мушкерлери Каркыра жайлоосунда күчүн сынайт
13:13
Асманга көз салгыла! Кыргызстандыктар кылымдын астрономиялык окуясына күбө болот
13:12
Эмчек рагынын алдын ала турган ыкма табылды
10:57
Японияда жер титирөөдө окуучу кыз жана эки киши каза болду
10:56
Бишкектеги соода борборунда өрт чыкты
10:56
Мушкер Ринат Саякбаев атаандашын сулата чаап утуп алды. Украинада тартылган видео
10:54
Кыргызстанга качан сапаттуу бензин алып келинери айтылды
10:54
Кыргызстандык айдоочулар бир жумада 13 миллион сом айыпка жыгылды
10:53
Ысык-Көлдө триатлон боюнча Борбор Азия чемпионаты уюштурулат
10:52
"Коркут Ата" спектакли Алматыда калыстардын атайын сыйлыгына татыды
10:51
Кытайда скутерди айдап кеткен "арбак" элди дүрбөлөңгө салды. Видео
10:47
Карга аке тууралуу даректүү тасма тартылууда
10:47
Бразилия жана Швейцария футболчуларынын беттеши тең чыгуу менен аяктады
10:46
Мына сага! Мексиканын футбол командасы чемпион делген Германияны жеңип алды
13:30
20 саат уктабай калгам. Кыргызстандык таксисттин көрсөтмө берип жаткан видеосу
13:29
"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга эки эл аралык компания кызыкдар
13:28
Челябинскинин дүкөндөрүндө Кыргызстандын товарлары пайда болот
13:27
Ошто алыш күрөшү боюнча кыз-келиндердин мелдеши өтөт
13:27
Космостогу алгачкы аял командир пенсияга кетти
13:26
Өздөрү эле жипке тизгендей бекен... МАИ кызматкерлери кыжырды кайнатканда
13:20
Москва мэри элди коюп кеткен кыргызстандык таксисттин окуясы боюнча үн катты
13:19
Ысык-Көл облусунда волейбол боюнча фестиваль өтөт
13:18
Ич кийим тууралуу жомок казакстандык ата-энелерди бушайман кылды
13:17
Москвада адамдарды коюп кеткен айдоочу кыргызстандыкпы? Элчиликтин жообу
13:17
Бишкекте жол кырсыгынан кийин массалык мушташ чыкты
13:15
Москвада такси адамдарды коюп кетти. Айдоочудан кыргыз күбөлүгү табылды
13:13
Даниянын футбол курмасы перулуктарды жеңип алды
13:52
Көчмөндөр оюндарынын медалынын дизайнына конкурс жарыяланды
13:51
Күйөөм көзүмө чөп салып жүрүптүр. Мындан ары кантип жашайм?
13:50
Ысык-Көлдүн үч айылында сел жүрдү
13:49
Күн ачык болобу? Дем алыш күндөргө карата аба ырайы
13:49
Бишкекте кымыз фестивалы өтөт
13:48
Бишкекте киши колдуу болгон адамдын сөөгү өз батиринен табылды
13:48
Окумуштуулар көп уктоонун зыянын айтып беришти
13:46
Бишкекте кыргыз-орус парламентарийлери аскерий-техникалык кызматташууну талкуулайт
Бардык кабарлар

ЖЕТИ СААТТЫН ИЧИНДЕ ТАГДЫРЫ ЧЕЧИЛГЕН LIGLASS

Аналитика
143
0

ЖЕТИ СААТТЫН ИЧИНДЕ ТАГДЫРЫ ЧЕЧИЛГЕН LIGLASS19-сентябрь Жогорку Нарын ГЭСтер каскады үчүн бөлүнгөн 37 миллион доллар чех ишканасы тарабынан төлөнө турган акыркы мөөнөт эле. Бирок бир күн ичинде белгиленген саатка чейин кырдаалды баштан-аяк өзгөрткөн окуялар болуп кетти.

БИШКЕК, 19-сен — Sputnik. Liglass Trading CZ, SRO жетекчилиги Бишкекке келип, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан маалымат жыйынын өткөрдү. Быйылкы жылдын июль айында аталган ишкана Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча милдеттенмелерди алган эле.

Келишимге кол коюлган убактан тарта маалымат каражаттарында Liglass Trading компаниясынын акчасы тууралуу, ГЭС куруу боюнча тажрыйбасы жок, кыргызстандык аткаминерлер гана ал компаниянын кызыкчылыгын сүрөмөлөйт деп жазып чыккан.

Акча маселеси


Чехиялык компаниянын аталган долбоордун мурдагы инвестору "Русгидро" ишканасынын 37 миллион долларлык чыгымын жабууга берген убадасы башкы маселе болчу. Төлөө мөөнөтү бир канча ирет жылдырылган. Сапар Исаков президенттик аппаратты жетектеп турган маалда эле 15-сентябрь акыркы күн экенин айткан. Кийин премьер-министр болгодон кийин акыркы мөөнөт катары 18-сентябрды атады. Көп өтпөй, Өнөр жай, энергетика жана кенди пайдалануу мамлекеттик комитети 19-сентябрь тагдыр чечүүчү күн экенин билдирген.

 

Чех ишканасына "медиааңчылык"

Кечээги басма сөз жыйынында Liglass Trading CZ, SRO башкы директору Михаэль Смелик келишимдерге кол коюлган 11-июлдан тарта жалпыга маалымдоо каражаттарында сындарды камтыган макалалар көп жарыяланып, ишканасына, жеке дарегине да "жалган жалаа тагылып, аңчылык башталганын" айтты. Ишкана жетекчиси коомдук ишмер Эдил Байсаловду да сотко берерин айтып сөөмөй кезеди. Айтымында, ал "ишкана банкротко учураган, каражаттарын адалдайт, ал эми биз кылмышкер" деген имиш. Смелик Байсаловду форс-мажор менен салыштырды.

Каражат барбы?

Liglass Trading жетекчисинин билдиришинче мындай ызы-чуудан кийин Barclays эл аралык банкы 2-августта бул "медиааңчылыкта" тобокелге салбаш салбаш үчүн чехиялык ишкана менен кызматташуудан баш тарткан.

"Unikredit банкында 40 эсебим бар. Эми алардын баары атайын кароого алынды. Телефонго 50 доллар да төлөй албайм, себеби, эсептеримди комиссия иликтеп жатат", — деп арызданды Смелик.

Ал долбоор ишке ашаарына убада берди. Журналисттердин "37 миллион долларды төгөсүзбү?" деген түз суроосуна Смелик жооп бербей турганын айтып, бирок акчасы бар экендигине ынандырууга аракеттенди.

Чакырык кабыл алынды. Байсалов сот туурасында

Туура үч сааттан соң (15.00дө) Эдил Байсалов маалымат жыйынын уюштурду.

"Менин дарегиме карата айтылган коркутуу боюнча чакырыкты кабыл алдым. Мага десе Прага, Брюссель жана Майамидеги сотко берсин", — деди Байсалов.

Коомдук ишмер доону жеңип чыгарына ишенет. Анын пикиринде, чех ишканасынын өкүлдөрүнүн жыйыны Кыргызстандын бийлигиндеги аларды калкалагандар тарабынан уюштурулган.


"Баары жакшы болуп турганда Байсалов пайда боло калып, баарын талкалады" өңүтүндөгү оюн коюуну суранышкан. Интернетке чыга ала турган адам жеңилгис күчпү? Форс-мажор экендигиме куштарландым", — деди ал.

 

Байсалов Liglass жетекчилигин Кыргызстандын гидроэнергетика сыяктуу улуттук байлыгы табышталган шектүү адамдар. Чакан деп аталганы эле болбосо курула турган ГЭСтин бири көлөмү боюнча өлкөдө экинчи орунда турган Орто-Токой суу сактагычында курулган", — деп белгиледи Байсалов.

Жооптуу вице-премьердин жообу

Болжол менен саат 14.30дар чамасында долбоорго жооп берген вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев кырдаал боюнча билдирүү жасады. Келишимге ал Өнөр жай, энергетика жана кенди пайдалануу мамлекеттик комитетин жетектеп турган маалда кол коюлган.

"Алар (Liglass Trading — ред.) төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча өкмөткө расмий кат менен кайрылган. Биз ал катты мамлекеттик органдарга жолдогонбуз, алар бүтүм чыгарган. Бардык документтерди топтогондон кийин премьер-министрге тапшырабыз. Бүгүн-эртең жетишебиз деп турабыз", — деген Зилалиев.

Ал 19-сентябрь 37 миллион долларды төлөөнүн акыркы мөөнөтү экенин, ал эми 20сында чечим кабыл алуу керектигин да эскерткен. Эгер негизсиз деп табылса, Кыргызстан бир тараптуу түрдө келишимди жокко чыгарарын айткан вице-премьер.

Өкмөттүн бүтүмү

Бирок өкмөт шаршембини күтпөдү. Саат 19.00дө премьер-министр Сапар Исаковдун жетектөөсүндө жыйын болуп өттү. Алгач сөздү Зилалиев сүйлөдү.

"Мамлекеттик органдарды чукул чогултуп, төлөө мөөнөтүн узартуу өтүнүчү мыйзамдарга жана келишимдерге ылайык келбейт, укуктук мүмкүнчүлүктөр жок деген бүтүмгө келдик" — деди Зилалиев.


Исаков андай чечимди туура көрүп, Liglass менен келишимди бузуунун жол-жобосун баштоону тапшырды. Премьер Кыргызстандын бир тараптуу келишимди бузууга толук акысы бар экендигин, себеби, чех тарап милдеттенмелерин аткарбагандыгын эскертти.

 

Өнөр жай, энергетика жана кенди пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскулов билдиргендей, чех ишканасы төккөн баштапкы сумма – 1 миллион 147 миң доллар Кыргызстанда калат. Андан сырткары, келишимдерге кол коюлган убактан бери өлкөгө эч кандай зыян келтирилбегенине ишендирип өттү.

Жыйынтыгында Исаков келишимдерди жокко чыгаруу жана жаңы тендерди өткөрүү иштерин тездетүүгө чакырды.




скачать dle 11.0фильмы бесплатно