Бүгүн:

Акыркы кабарлар

14:24
Облустарда аэропортторду оңдоп-түзөй башташты. Сүрөт
10:18
Бала сатууга шектелген гинекологдун бири экс-жетекчиси менен соттошуп жатат
16:15
Апасы ичип, 3 күн кароосуз калган бөбөктөр... Погончон айым — жалгыз бой эне Перизаттын жашоосу (сүрөт)
15:37
Прокуратура: Ленин райондук сотунун төрагасына иш козголду
15:35
Ичинде эли бар автобус Бишкекте каршы тилкеге чыгып кеткен видео
15:25
Бишкектеги аярламада түкүргөн милиционер табылды. Кандай жазага тартылат
14:42
Жаңы конушта жашагандар эмне үчүн балага жөлөк пул албайт? Министрдин жообу
14:34
Электрондук кезек менен бакчага кирген бөбөктөр. Кезекке туруунун жолу
14:17
Бишкектин көчөлөрү быйылкы кышта реагенттер менен тазаланабы? Мэриянын жообу
14:09
Бишкектеги үйлөрдүн сырткы көрүнүшү өзгөрөт. Сынакка түшкөн эскиздер
10:27
Бишкекте "Тазалык" таңкы төрттөн тарта иштеп жатат
10:03
"Бишкек жашыл чарба" жол жээктерине 103 бак отургузду
09:59
Бишкектен иш издеп жатасызбы? Мэрия 600 жумуш орун сунуштоодо
09:57
Көңүлдөш болуудан тажадым! Үй-бүлөлүү эркектин очогун бузгусу келген аял
09:50
Бишкектеги Ала-Арча дарыясынын жээги кышка карата бекемделүүдө.
09:33
Мэр Суракматов "Нарын" рестораны канчага сатылганын айтып берди
13:22
Аялдамада түкүрүнүп, тамеки тарткан милиционерди жетекчилик издөөдө. Видео
12:20
Бишкекте Кыргызстан жаштарынын күнү белгиленет
09:13
Бишкекте Тез жардам кызматы эки унаа менен кагышты. Кырсыктан кийинки видео
09:10
Топоз минип шаар аралап... Бишкектин жанынан тартылган видео
11:39
Бишкекте мода жумалыгы менен форум өтөт
10:46
Кыздарым көзүмөн учат, бирок бара албайм. Мигрант келиндин каты
10:32
Бишкектин чок ортосунда эл ташыган автобустан өрт чыкты. Видео
10:26
Бишкекте кафе өрттөнүп жатат. Видео
09:47
Бишкекте азиздерге жардам берүү үчүн сүрөт көргөзмө өтөт
09:29
Аскарбек Шадиев мандатынан ажыратылды
09:28
КСДП: Иса Өмүркуловду лидерликтен алуу фракциянын колунда
09:26
Суукта көйнөкчөн марш баскан окуучулар. Канттан тартылган сүрөт
09:45
Бишкектеги башкы туу жерге түшүп калды. Сүрөт
09:42
Сот “Коопсуз шаар” боюнча көз карандысыз комиссиянын чечимин жокко чыгарды
09:41
Турак жай сатып алуунун дагы бир жолу сунушталды. Механизм кандайча иштейт
09:39
Борбор калаада журналисттердин көйгөйүн талкуулаган жыйын өтөт
09:34
Бишкекте айдоочулук күбөлүктү мыйзам бузуу менен бергендерге чара көрүлдү
09:30
Бишкекте үч автоунааны жөөлөп кеткен жол тандабастын айдоочусу изделүүдө
09:29
Борбор шаардын чок ортосундагы инсталляция талкаланып калды. Сүрөт
09:13
Sputnik Кыргызстан журналисттерди шахмат боюнча турнирге чакырат
09:12
ӨКМ ашууларга жааган кар боюнча маалымат таратты
09:25
Шаардык сот Илмияновдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок
09:19
Мурдагы "Нарын" ресторанынын орду дагы деле бош турат. Себеби айтылды
09:13
Кызын карай албай мас болуп жаткан аялдын ким экени такталды
09:06
Сириядагы террорчуларга 100 миң доллар жөнөткөн. УКМК шектүүнү кармады
09:05
Депутат: Кыргызстанда аялдын бир төрөтү 15 миң сом турат
09:02
Бишкекте видеосу интернетке тараган аракеч энени милиция издеп жатат
10:04
Мас апасын тургуза албай мукураган бөбөк. Бишкекте тартылган видео
09:45
Мэрия Бишкекте быйыл канча көчө оңдолгонун айтты
Бардык кабарлар

Туулган күнүндө кызматынан кол жууган Индира Жолдубаева тууралуу 6 факты

Аналитика
824
0

Жолдубаева бүгүн туура 39 жашка чыгып, туулган күнүн белгилейт. Ал өлкөнүн башкы көзөмөл органын башкарууга 36 жашында дайындалган. Бул кызматка келгенге чейин бир күн да прокуратурада иштеген эмес.

Sputnik Кыргызстан агенттиги эгемен тарыхтагы эң жаш баш прокурор туурасында фактыларды сунуштайт.

Туулган жери. Индира Жолдубаева 1979-жылдын 11-апрелинде Бишкек шаарында төрөлгөн. 2002-жылы Кыргыз улуттук университетин аяктаган. 3-класстагы мамлекеттик кеңешчи.

Президент Алмазбек Атамбаев в ходе встречи с генеральным прокурором Индирой Джолдубаевой
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ
Индира Жолдубаева баш прокурорлукка 2015-жылы 36 жашка таяп калган маалда дайындалган. Ага чейин бул кызматты 2011-жылдын апрелинен тарта Аида Салянова башкарып келген

Эмгек жолу. Эмгек жолун 23 жашында баштап, юридикалык тармакта 13 жыл, мамлекеттик кызматта 7 жыл иштеген. Алгач 2002-жылы Сорос-Кыргызстандын "Коомдун аз камсыз болгон катмарына юридикалык жардам берүү коомдук фонду" долбоорунун кеңешчи юристи болуп бир жылдай иштеген. Кийин "Манас" эл аралык аэропортунун кеңешчи юристи болуп эки жыл эмгектенет. Андан соң "Компаньон" финансылык тобу" чакан кредит компаниясынын юристи, "ДЭКА" ЖАКтын аткаруучу директору, юрист болгон.

 

Саясий чөйрөнүн астанасын 2008-жылы аттаган. Алгач президенттик аппараттын укук бөлүмүндө бир жыдан ашык иштеген. Ортодо бир жылга чукул Мамлекеттик кадр кызматынын директор орун басары кызматын аркалаган. Андан соң кайра президенттик аппаратка кайтып, баш прокурор болгонго чейин эмгектенген. Мурунку президенттик шайлоо учурунда Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабында юрист болуп эмгектенген.

 

Кыргызстандын тарыхындагы эң жаш баш прокурор. Индира Жолдубаева баш прокурорлукка 2015-жылы 36 жашка таяп калган маалда дайындалган. Ага чейин бул кызматты 2011-жылдын апрелинен тарта Аида Салянова башкарып келген. Жолдубаева Кыргызстандын 13-баш прокурору болуп калды. Ошондой эле эгемен тарыхка эң жаш жана үчүнчү аял прокурор болуп жазылмай болду. Анын мөөнөтү 2023-жылы аяктамак.

"Прокуратура жөнүндө мыйзамдын" 45-беренесинин 5-пунктуна ылайык, баш прокурорлукка 35 жаштан кем эмес, 65 жаштан ашпаган, юридикалык билими бар, бул тармакта 10 жылдан кем эмес убакыт эмгектенген адамдар дайындала алат.

 

Баш прокурордун жаш курагы боюнча "КРдин прокуратура жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү 2009-жылдын 20-ноябрында киргизилген. Ага чейин аталган кызматка 40 жаштан төмөн эмес, 65 жаштан ашпаган, юридикалык адистик боюнча 15 жылдан кем эмес убакыт иштеген адис дайындалчу.

 

Саясаттагы туугандык байланыштары. Эгемен тарыхтагы Башкы прокуратуранын алгачкы жетекчиси, Конституциялык соттун мурдагы төрайымы, Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын вице-спикери Чолпон Баекова Индира Жолдубаеванын бир тууган таежеси. Ал эми учурдагы ЖК депутаты Аалы Карашев бир тууган жездеси болот. Бул туурасында парламентте баш прокурорлукка талапкерлиги каралып жатканда ошондогу президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев айткан.

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков принял Генерального прокурора страны Индиру Джолдубаеву. 5 декабря 2017 года
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ
Президент Сооронбай Жээнбеков конституциялык укугунан пайдаланып Индира Жолдубаеваны кызматтан бошотуу сунуштамасын Жогорку Кеңештин тармактык комитетине жиберди

Кызматтан кетирүүгө аракеттер. Алгач "Ата Мекен" фракциясы баш прокурордун жылдык отчетун угуп канааттандырарлык эмес деп тапкан. Андан соң ушундай эле чечимди "Республика — Ата-Журт" фракциясы кабыл алды. Көп өтпөй президент Сооронбай Жээнбеков конституциялык укугунан пайдаланып Индира Жолдубаеваны кызматтан бошотуу сунуштамасын Жогорку Кеңештин тармактык комитетине жиберди. Сунуштама ал жактан да колдоо тапкан соң парламентте каралып, эл өкүлдөрү аны ээлеген ордунан бошотууга макул болушту. Бул учур Жолдубаеванын туулган күнүнө туш келди.

Окшош сандар. Жолдубаеванын кызматка келишине V чакырылыштын 105 депутаты макул болсо, экөө каршы чыккан. Кызыгы бүгүн кызматтан кетирүүгө да депутаттардын 105и макул, экөө "каршы" деген добушун берди.



Дагы: https://sputnik.kg/politics/20180411/1038604965/indira-zholdubaeva-tuuraluu-5-fakty.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно