Бүгүн:

Акыркы кабарлар

10:29
Эки күндүк майрам! Ошто эл аралык жарманке өтөт
10:28
Салтанат Саматованын сөөгү кайда коюлары айтылды
10:27
Аарылар адамдарды жүзүнөн тааный алары аныкталды
10:26
Теле алып баруучу Салтанат Саматова каза болду
10:25
Ага-ини Муртазалиевдер Азия оюндарына барат. Жиу-житсучулардын тизмеси
10:24
Стресс аялдарга караганда эркектердин өмүрүн көп алат. Себеби
10:23
Чүй облустук театры "Тоолор кулаганда" романын сахнага алып чыгат
14:53
Сулайманов: бийликтегилер "жигит" бойдон кала алабы?
14:49
Алайда сел жүрүп тажик жарандары бара жаткан жол тандабас агып кетти. Видео
14:46
"Америка, кайыр кош! Бизди чөгөлөтө албайсың!". Эрдогандын билдирүүсү
14:45
Жээнбеков Кыргызстан алакасын жакшырта турган өлкөлөрдү атады
14:44
Азаматтар! КР кикбоксчулары Борбор Азия чемпионатынан алтын кур тагынышты
14:43
ЖК төрагасы депутаттардын кол тийбестигин калтырууну өтүндү. Жээнбековдун жообу
14:42
Оңолбек Каныбек уулу туу көтөрөт. Азия оюндарында ат салышчу волейболчулар
14:41
Бостериде көлгө чөгүп каза болгон 25 жаштагы кыздын сөөгү табылды
14:41
WhatsApp атайын кызматка колдонуучулардын маалыматын берүүгө мажбур болду
14:40
Жээнбеков жаңы стратегиянын Атамбаевдикинен эмне артыкчылыгы бар экенин айтты
14:39
КРде браконьерчилик, зыяндуу курт-кумурска менен күрөшкөн 8 дрон пайда болот
14:38
Жүрөк "шуу" дейт экен! Мотоциклчен киши аз жерден калган видео
09:32
Кыргыз режиссерлорунун жакында тартуулай турган тасмалары.
14:26
Бишкекте унаа мамыны сүзүп, эки каттамдын троллейбустары ишин токтотту
14:22
Чүйдө ГЭС-5 суусуна чөгүп кеткен кишинин сөөгү табылды
14:10
Бишкекте күйгөн эт комбинатын кантип өчүрүп жатышат.
09:38
Бишкек мэриясынын алдында митинг болуп жатат
09:13
Окумуштуулар: узак уктоо ден соолукка зыян
15:04
Амансызбы, бурадар? Өлкөдө: 10.15. "Балам, кымыз ичип кет". Билем анын кандай экенин
15:01
Балыкчыда топтошкон балдар милицияга карата ок атышты
15:00
Арманым аттын башындай! Прокуратуранын WhatsApp номерине үч миң киши арызданды
14:55
Юстиция министри кызматынан бошотулду
14:51
Чүй облусунда жоголгон таксисттин сөөгү талаадан табылды
14:49
Чемпион болуп келгиле! Жээнбеков Азия оюндарына жол тарткан спортчуларды узатты.
16:29
Кызыл-Кыяда туруктуу турак жайы жок үй-бүлөлөргө 25 батирлүү үй курулуп жатат
16:24
Жаштардын демилгеси: Кара-Кечүү айылында 600 орундуу мечит жана волейбол аянтчасы курулууда
14:24
Өзбекстан эми той-аштарга ылайыктуу ырлардын тизмесин түзмөй болду © Sputnik / Евгений Одиноков АЗИЯ
14:20
Ташкентте Кайгуул-күзөт кызматынын башчысын иш бөлмөсүнөн бычактап кетишти
14:17
Таластын Казактан менен чектешкен тоосунда кайрадан өрт тутанып кетти
14:15
Аламүдүн РИИБин жетектей турган Талантбек Асаналиев деген ким?
14:09
Ысык-Көлдө эс алып жаткан Казакстандын жараны жүрөгү кармап каза болду
14:04
Карегин агыза сайган күйөөсүн кечирген аял. Июлдагы 8 криминалдык окуя
14:02
Миграция кызматы: РФтеги мигранттарга 36 млн. рублден ашык акчасын өндүрүп бердик
11:15
Кадамжайдын Миң-Чынар айылында тигүү цехи ачылып, 8 адам жумуш менен камсыз болду
11:11
Баткенде эне сүтүн даңазалаган акция флешмоб жана жөө жүрүш менен коштолду
11:07
Баткен районунда жарым жылда сүйүнчү пул алууга 993 адам катталды, - ЖААК
11:00
Баткендин Бужум айылында заманбап спорт зал курулуп жатат
10:54
Баткендин Көк-Таш айылында курулуп жаткан насостук станция 70 гектар жерди суу менен камсыздайт
Бардык кабарлар

Саясатта түбөлүк достук болобу?

Аналитика
124
0

Кыргыз мамлекетинин саясаты "Жаздын күнү – жаш бала” деген макалды эске салат. Эгер орус мамлекети дээрлик жыйырма жылга жакын убакыттан бери, ортодо бир жолу орун алмаштырган бир президент, бир премьер-министр менен эле жашап, иштеп келе жатса, бизде премьер-министрди шапке алмаштыргандай кылышууда. Кайсы бир депутат демилге көтөрсө деле, фракцияларга кайсы бир жеринен жакпай калса деле, президенттин тымызын ишарасы менен, же анын эч кандай кийлигишүүсү жок деле премьер-министрлер алмаштырылгандыгын биз өз башыбыздан өткөрүп, күбө болдук. Премьер-министр алмашкандан кийин, министрлер кабинетинин мүчөлөрү дагы толук башынан дайындалып, көпчүлүгү кызматтан кетип жатат. Мына ушул туруксуздук биздин мамлекетти жетектеп турган ири жетекчилердин эртеңкиге карата ишенимин кетирип, канча убакыт иштерин болжой албаган соң, кармаган ишинин майын чыгарып, чыныгы берилгендик менен иштөөсүнө кедерги болууда. Эгер негизги деп эсептелген кадрлар өздөрүнүн эртеңки келечегин болжой албай турган болсо, мамлекетте анык баш аламандык болорун биз түшүнгүдөй эле болдук. Жетекчилер бат алмашкан жерде туруктуулук болбойт, бири жалпы мамлекеттик кызыкчылык үчүн жасалып жаткан жана жасала турган иштердин мааниси менен багытын түшүнүп, ошого чын пейилден үлүш кошоюн деген ниет менен келсе, дагы бирин кайсы бир партия желкесинен күчүктөй кылып "тиштеп” келип эле креслого отургузуп коюп жатат, анан ал бечара мамлекеттик саясат менен иши жок, ошол өзүн жөлөгөн партиянын жетекчилеринин ыкыбалына карап жүрүп күн өткөрөт. Ошентип ири долбоорлордогу ведомстволор аралык макулдашуулардын жоктугу, бирдиктүү саясат, бир багыт алуу сыяктуу тагдыр чече турган аракеттердин болбой калышы сыяктуу балакеттер башталып, өлкөнүн өнүгүшүнө бут тоскон күчтөр пайда болот, И. Крыловдун тамсилиндегидей болуп, мамлекет деген "арабаны” бири көккө тартса, дагы бири жерге тартат, үчүнчүсү сууну көздөй сүйрөйт. Ошентип араба ойдогудай жылбайт, же такыр эле жылбай туруп алат. Ошондон улам балким, Баш мыйзамды өзгөртүүгө чейин болсо да барып, "кадр саясатындагы туруктуулук” деген маселени биротоло бекемдеп чечип алуу керек болуп турат. Орус мамлекетинин башкы кызматтарында В. В. Путин менен тең келген огеле көп саясатчылар иштешет, бир катар мэрлер, губернаторлор, республикалардын жетекчилеринин айрымдары бир кызматта он, он беш жылдан ашык иштеп келе жатышат. Ошондон мамлекет кандайдыр бир зыян тарттыбы, менимче, кадрларга карата жасалган мындай ишенимдүү мамиледен Россия утса утуп, эч нерсе уттурган жок. Мындай саясат мамлекеттин кыймылдатуучу күчү адамдар экендигин, андыктан адамга толук ишениш керектигин даана көрсөтүп турат. Биздин чакан мамлекетте, тилекке каршы, мындай туруктуулукка жетише албай жатабыз...

 

Араздашкандар кимдер?

 

Албетте, мамлекеттеги туруктуулук, кадрлардын ишеним менен, өзүнүн келечеги үчүн кооптонбой иштеши өлкө үчүн өтө зарыл, бирок биздин ала булуттуу саясатыбызда азыр андан да зарыл көйгөй пайда болду, бул – экс-президент А. Атамбаев менен азыркы президенттин ортосундагы тирешүү деген маселе. Мындай нерсе чыны менен эле болуп жатабы, же эки тарапка бөлүнүп алган, кызмат даражасы жана саясаттагы орду боюнча алардан төмөн жакта тургандардын "күн тийген жерди” талашкан аракетинен улам пайда болгон ызы-чуубу? "Эмне себептен ушундай жагдай келип чыкты?”,- деген маселеге жооп издей турган болсок, экс-президенттин тарапкерлери: "Атамбаев иштеди, далай адамдар менен урушуп-талашты, кызматынан кетирди, дагы бир топтору камалды. Азыр ошонун бары Атамбаевге кек сактап турат”,- дегендей маанидеги пикирди карманууда. Анан ошол кек сактагандардын баары экс-президенттен алмакчы болгон өчүн азыркы президенттин колу менен алгысы келип жатат.

Биздин оюбузча, экс-президенттин кандай иштеп, кандай койгону өзүнчө маселе, бирок ал Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин ичинде али жасала элек кадамга барып, кызматын мыйзамды сактоо жана урматтоо менен өткөрүп берип, кыргыз саясатындагы колдоп, кубаттай турган тарыхый демилгенин баштоочусу болуп калганын унутууга болбойт. Ал өз президенттигинин учурунда бир катар жакшы иштердин демилгечиси болуп, көп иштерди жүзөгө ашырды, айрымдарын баштап койду, айтор колунан келген аракетинин баарын жумшады. Анын жасаган иштеринин кунун кандайдыр бир жолдор менен төмөндөтүп көрсөтүүнүн өзү да мүмкүн эмес. Бирок анын жетекчилигинин учурунда криминалдык авторитеттин түрмөдөн бошоп кеткени, огеле көп коррупциялык иштерге жол берилип, алардын бети эми ачылып жаткандыгы, "Шоопур” сыяктуу өтө эле "таасирдүү” көмүскө саясатчылардын пайда болушу, жан сакчыларынын генералдык наамдарга чейин ээ болуп, мамлекеттик күч түзүлүштөрүн жетектеп калышы, өзүнө хан сарай салганы сыяктуу көрүнүштөр экс-президенттин колду-буттун чырмаган терс көрүнүштөрдөн биротоло кол үзүп кете албагандыгын айгинеледи. Ал эми мамлекеттик резиденциядан чыгып кетели дегенине байбичесинин болбой койгондугн айтканы, уккандын күлкүсүн гана келтирбестен, "Андай болсо деги экс-президенттин тилин уга турган бирөө-жарым калганбы?”,- деген шектүү суроону да пайда кылды.

Ошентип экс-президент кызматынан кеткенден кийин, ал жетекчи болуп турган мезгилде таасирдүү кызматтарды ээлеп турган командасынын мүчөлөрүнүн акырындык менен четке сүрүлүп жатышы – анын өзүнө да, тарапкерлерине да жакпай, ар түрдүү аракеттерди жана кеп сөздөрдү пайда кылып жатат. Анан эмей, бир жылга жетпеген убакыттын ичинде, экс-президент менен иштешкен огеле көп адамдар кызматтарынан кол жууса, анын ичинен эң таасирдүүлөрүнөн үчөөсү СДПКнын этегине келип жармашканын көрүп турбайбызбы...

Ал эми жаңы президенттин желкесине үйүлгөн жүк дагы азыр жеңил эмес, эгер аны өзүнүн досу – экс-президенттин тарапкерлери өз баштарына келген азыркы күндүн башкы күнөөкөрү катары карап, жасалган жакшылыкка (алардын ою боюнча – А. Атамбаев өз ордуна талапкер кылып, каалаган кишисин көрсөтө алмак!..) жамандык кылып жаткан адам катары көрүшсө, анын өзүнүн таламдаштарынын бир тобу экс-президенттин тарапкерлерине жана анын жеке өзүнө карата жумшак мамиле кылып жатат деп жектешүүдө. Ошентип чын-чынына келгенде азыр жаңы президент менен экс-президентин ортосундагы мамилеге караганда, алардын тарапташтарынын ортосундагы жаатташуу алда канча күчтүү жана айыгышкан мүнөздө болуп жатат. Мамлекеттин кемесин термелтүүгө баарынан көбүрөөк куштар болуп жаткандар да ошолор! Мындайда ар бир кадам өлчөнүп, салмакталып жасалууга тийиш, биздин оюбузча, жаңы президент өзүнүн сабырдуулугу жана оор салмактуу мамилеси менен бул термелтүүлөрдү болтурбай келе жатат...

 

Ойлор, ойлор жана эң негизги ой...

 

Мындайда ар түрдүү пикир да көбөйөт эмеспи, ошолордун айрымдарына токтолуп көрөлү: "Атамбаев президенттик шайлоо учурунда өз ордуна келе турган адамды дайындаган учурда, ал Жээнбеков мага баш ийеи деп ойлогон, Номиналдуу түрдө өлкөнүн президенти С. Жээнбеков болот, а ал өзү – Атамбаев "көмүскө тескөөчү” болуп мамлекетти башкарууну улантып, стратегиялык маанилүү чечимдерди мен кабыл аламын деп ойлогон. Андай болгон жок, С. Жээнбеков өз алдынча башкаруучу болуп чыкты. Буга күнөөлүүнү алыстан издөөнүн кереги жок, экөө тең, экс-президент дагы, жаңысы дагы өз алдынча инсандар, андыктан мындай көрүнүш балким нормалдуу эместей туюлса дагы, табигый процесс. Бул көрүнүш мамлекеттик түзүлүшкө таасир эте албайт, Тескерисинче, саясий кырдаал өсүп, коррупциялык иштердин бети ачылып, систиема бекемделип жатат” ( Марс Сариев – "Вечерний Бишкек”).

"Достор арасында сөзсүз өйдө-ылдый болот. Кээде түшүнүксүз нерселер болуп кетет. Анан кайра отуруп сүйлөшүп, достугуна келет. Мен эки дос деле балким бир сөзгө келип, отуруп, сүйлөшүп маселенин баарын чечип алат деп ишенем. Мен Атамбаевдин жанында жүргөн адам катары анын жакшы сапатын белгилегим келет. Эгер ал ката кетирсе, өзү кечирим сураганга даяр. Эки киши өздөрү тил таап алат. Аларга эч кандай ортомчунун кереги жок”. (Сапар Исаков – "Азаттык”).

Эгер А. Атамбаевге карата кандайдыр бир каршы аракеттер жасалса, анда: "...эл көтөрүлүп, Бакиевдин тагдыры кайталанышы мүмкүн. Ооганстандагы талибандарга окшогондорго таянып, Кыргызстанда халифат орнотобуз деген күч жанданат. Жаман нерселердин баарын мурунку бийликке шылтап, жакшы нерселерди жаңы бийликтики деш туура эмес. Негизи Кыргызстан үчүн бул эки лидердин ынтымакка келгени эле дурус. Коркунучтуу аймакта турабыз, койнубузду башкаларга ачып бербейли” (Интернет маалымат – соц. тармак),- деген сыяктуу жоромолдорду айткандар да жок эмес.

Биз бул жерде социалдык тармактагы айрым жарма саясатчылардын: "экс-президентти камаш керек, камалган ким бирөөлөрдү бошотуш керек, баланчаны бошотуш, түкүнчөнү кызматка коюш керек”,- деген сыяктуу толуп жаткан обу жок пикирлерине атайылап көңүл бурган жокпуз.

Саясатта эки лидердин кыйышпас дос болушу мүмкүн деген жомокко менин ишенимим аз, балким жеке инсан, пенде катары жакшы санаалаш, кыйышпас болсо болор, бирок мындай ички мамилеге мамлекеттик саясат аралашып кетсе, иштин ишпалдасы чыкканы – ошол. Андай болбойт дагы, жаңы президенттин "Мен коррупция маселесине келгенде досума да карабайм”,- дегени бир гана коррупция маселесинде гана эмес, мамлекеттик саясаттын орчундуу маселелердин бардыгында эле жеке мамиле эч нерсеге арзыбай тургандыгынын далили.

Жайынтыктап айтканда, маселеге олуттуу караган саясатчылардын, саясат таануучулардын жана элдин көпчүлүгүнүн мурдагы жана азыркы президенттин ортосундагы мамиле кандай болбосун, жалпы элге, мамлекетке кедергиси тийбегендей болушу керек дегендей маанидеги пикирлери баарынан маанилүү. Эгер эки тараптан тең радикалдуу жана терең ойлонулбаган аракеттер жасалып кетпесе, (Мисалы, экс-президент өз таламдаштарын баштап митинг, пикеттерге чыкпаса, же болбосо жаңы президент тарабынан жөнү жок куугунтуктоолорго жол берилбесе ж. б.) иштин аягы жапжакшынакай эле бүтөт! Ошентип эки лидердин ортосуна от жагып, ошонун аркасы менен өзүнүн кайсы бир жеке максатын ишке ашырып алсам деп көксөгөндөр дуулдаткан шамалга ар бирибиз каршы боло алсак, мамлекетибизде тынчтык, бейпилдик болот.

"Ошентип дагы бир канкор падыша чыгып, башка бир мамлекетке согуш ачканча, араб эли тынч жашады...” – атактуу "Миң бир түн” жомогундагы абдан кандуу согуштарды баяндаган бир жомок ушундайча аяктайт. Демек, элибиздин тынчтыгы кээде падышаларга түздөн-түз көз каранды болот, ылайым биздин шыбагабызга Жараткан эгем тынчтыкты жазган болсун!..


скачать dle 11.0фильмы бесплатно