Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-ноябрда, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алган.
"Министр Казакстандын башчысы Токаевдин 27-ноябрга белгиленген мамлекеттик сапарына карата даярдык тууралуу президентке маалымат берди", — деп айтылат билдирүүдө.Мындан сырткары, Айдарбеков Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жыйынына даярдыктардын алкагында аткарылып жаткан иштер жөнүндө айтып берди.
Ошондой эле 28-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтө турчу иш-чарага Белоруссия, Казакстан, Россия, Тажикстан мамлекет башчыларынын жана Армениянын премьер-министринин катышуусу күтүлүүдө.