DataLife Engine > Аналитика > ТИМ жетекчиси Казакбаев Россияга иш сапар менен барат

ТИМ жетекчиси Казакбаев Россияга иш сапар менен барат

22-24-октябрда КРдин тышкы иштер министри Руслан Казакбаев иш сапары менен Россия Федерациясына барарын министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш сапардын алкагында министр Казакбаевдин россиялык кесиптеши, РФдин тышкы иштер министри Сергей Лавров менен эки тараптуу жолугушуусу болот.

Алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдө жана коопсуздук жаатындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын өз ара кызыкчылыкты камтыган ар тараптуу алака маселелери тууралуу сөз болору айтылган.



Дагы: https://sputnik.kg/politics/20201021/1050143389/rossiya-kazakbaevdin-ish-sapary.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад