DataLife Engine > Аналитика / Невероятно но факт > Шайлоо башталгандан бери кандай мыйзам бузуу болгону айтылды

Шайлоо башталгандан бери кандай мыйзам бузуу болгону айтылды

... административдик ресурсту пайдалануу боюнча арыз-даттануулар көп түшкөн.

Шайлоо процесси башталгандан бери Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топ 106 эреже бузууну каттаган. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров брифинг учурунда маалымдады.

Анын айтымында, мыйзам бузулду деп эсептегендердин кайрылуусунун басымдуу бөлүгү Бишкектен (50) жана Чүйдөн (21) түшкөн.

Арыз-даттануулар:

  • Добуш сатып алуу — 32;
  • Административдик ресурсту колдонуу — 23;
  • Аймактык шайлоо комиссиясынын кызматкерлеринин ишине даттануу — 21;
  • Үгүт эрежелеринин бузулушу — 12;
  • Партиялар тарабынан каржылоо эрежелеринин бузулушу —  үч факт;
  • Добуш берүүчүлөрдү коркутуу — 3;
  • Башка — үч факт;
  • Төлөм процедурасынын бузулушу — 2;
  • Талапкер тууралуу туура эмес маалымат — 2;
  • Жасалма документ — 2;
  • Шайлоочунун укугун бузуу — 1;
  • Талапкерди каралоо — 1;
  • Каракчылык — 1.

Арыздануулардын көбү шайлоочулардан (50), талапкерлерден жана саясий партиялардан (25) түшкөн.

Ушу тапта шайлоо кандай өтүп жатканын Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуп билүүгө болот.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20210411/1052078721/myjzam-buzuulardyn-sany-shajloo.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад