Акыркы маалыматтар боюнча, самолеттун ичиндеги 95 жүргүнчүнүн 14ү каза тапкан.
Авиакырсыктан кийинки алгачкы кадрларды каргашага кабылган учактын жүргүнчүсү жарыялады. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазып чыкты.
Жүргүнчү кыз Марал Ермандын айтымында, бардыгы күтүүсүз жана бир ирмемде эле болуп кеткен.
"Самолет абага көтөрүлүп бара жатканда эле калдаңдап калды. Анан кайра конгондой болдук. Көрсө, бир нерсени сүзүптүрбүз. Учактын ичинде башаламандык деле болгон жок. Эч ким кыйкырып-өкүрүп, ыйлаган жок. Мен шок абалында калдым окшойт, көп нерсе эсимде жок. Эмне болгонун түшүнгөн да жокпуз. Учактын канат жагына жакын отургам. Бир маалда стюард эшикти ачып, сыртка чыктык. Ошондо гана учактын экиге бөлүнүп калганын көрдүк", — деген Марал.Кыздын айтымында, окуядан жабыркагандар көп эле.
"Алгач бирөөлөр келип, учактын ичинен балдарды чыгара башташты. Андан кийин өрт өчүрүүчүлөр, тез жардам келди. Жабыркагандар көп болчу. Мени жакындарым келип алып кетти", — деди кырсыктын күбөсү.
Белгилей кетсек, кырсык бүгүн эртең менен болгон. Алматы шаарынан саат 7:05те абага көтөрүлгөн учак эки кабаттуу бетон курулушту сүзгөн. Акыркы маалыматтар боюнча, самолеттун ичиндеги 95 жүргүнчүнүн 14ү каза тапкан. Жаракат алгандар ооруканаларга жеткирилген.

Учак Алматы аэропортунан абага саат 7:05те көтөрүлүп, көп өтпөй эле эки кабаттуу бетон курулушту сүзүп кырсыктаган.
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Алматыда кулаган учактан Кыргызстандын бир жараны жаракат алып, ооруканага түштү. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Азырынча мекендештин абалы туурасында айтыла элек. Консулдуктун кызматкерлери анын ал-абалын билүү үчүн ооруканага бара жаткандыгы маалымдалды.
Sputnik Казакстан агенттиги Ички иштер министрлигине таянып, бортто Кыргызстандын бир, Украинанын эки, Кытайдын бир жараны болгонун жазды. Калган жүргүнчүлөр казакстандыктар болгон. Соңку расмий маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен 12 адам каза болгон, анын ичинде экипаждын командири бар.
Ал эми 49 адам жаракат алып ооруканага жеткирилген. Алардын 18инин абалы оор, калганына медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүүдө.
Кырсыкка кабылган Bek Air авиакомпаниясынын учагында 95 жүргүнчү, экипаждын беш мүчөсү бара жаткан.
Эске салсак, бүгүн учак Алматы аэропортунан абага саат 7:05те көтөрүлүп, эки кабаттуу бетон курулушту сүзүп кырсыктаган.
Алматыдагы авиакырсык: жүргүнчүлөрдү куткарып жаткан видео жарыяланды

Кадрлардан самолеттун ичинен адамдарды чыгарып жана ооруканага алып кирип бараткан ирмемдерди көрүүгө болот.
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Алматыда кулаган учактан жаракат алган адамдарды куткаруу учурундагы алгачкы кадрлар жарыяланды.
Анда самолеттун ичинен адамдарды чыгарып жаткан, ооруканага алып кирген, тез жардам унаалары биринин артынан бири өтүп бараткан ирмемдер көрүнөт.
Аталган кырсыктан Кыргызстандын да бир жараны жаракат алып ооруканага түшкөнү белгилүү болду.
Казакстан ИИМинин соңку такталган маалыматы боюнча, каргашанын кесепетинен 12 адам каза болгон, анын ичинде экипаждын командири бар. Ал эми 49 адам жаракат алып ооруканага жеткирилген. Алардын 18инин абалы оор, калганына медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүүдө.
Кырсыкка кабылган Bek Air авиакомпаниясынын учагында 95 жүргүнчү, экипаждын беш мүчөсү бара жаткан.
Эске салсак, бүгүн учак Алматы аэропортунан абага саат 7:05те көтөрүлүп, эки кабаттуу бетон курулушту сүзүп кырсыктаган. Трагедиялуу окуяга байланыштуу 28-декабрь Казакстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.