Бүгүн:

Акыркы кабарлар

13:22
Бишкектеги батирден тапанча, акча, зер буюмдарын уурдагандар кармалды. Сүрөт
13:22
Милиционер акы төлөөдөн качып тамакка ыпыр-сыпыр кошуп койдубу? Видео
13:20
"Туура эмес" өмүр сүргөн америкалык байбиче 105 жашка чыгуусунун сырын ачты
13:19
Кыргызстанда июндун аягына чейин катуу шамал болот. Климатологдун божомолу
13:18
Ким Чен Ын Кытайга барды
13:18
Сак болгула! Сел жүрүшү мүмкүн
13:17
Залкарлар Рыскулов менен Күмүшалиевага арналган республикалык фестиваль өтөт
13:16
Нарындын төрт районунун 42 миң га айдоо жери чегирткеден тазаланууда
13:16
Кытайдагы велосипеддердин "мүрзөсү". Оозду ачырган беш сүрөт
13:14
Майлуу тамакты "жек көргөзгөн" азыктар. Окумуштуулардын аныктамасы
13:14
Кулатуу эр таймаштын мушкерлери Каркыра жайлоосунда күчүн сынайт
13:13
Асманга көз салгыла! Кыргызстандыктар кылымдын астрономиялык окуясына күбө болот
13:12
Эмчек рагынын алдын ала турган ыкма табылды
10:57
Японияда жер титирөөдө окуучу кыз жана эки киши каза болду
10:56
Бишкектеги соода борборунда өрт чыкты
10:56
Мушкер Ринат Саякбаев атаандашын сулата чаап утуп алды. Украинада тартылган видео
10:54
Кыргызстанга качан сапаттуу бензин алып келинери айтылды
10:54
Кыргызстандык айдоочулар бир жумада 13 миллион сом айыпка жыгылды
10:53
Ысык-Көлдө триатлон боюнча Борбор Азия чемпионаты уюштурулат
10:52
"Коркут Ата" спектакли Алматыда калыстардын атайын сыйлыгына татыды
10:51
Кытайда скутерди айдап кеткен "арбак" элди дүрбөлөңгө салды. Видео
10:47
Карга аке тууралуу даректүү тасма тартылууда
10:47
Бразилия жана Швейцария футболчуларынын беттеши тең чыгуу менен аяктады
10:46
Мына сага! Мексиканын футбол командасы чемпион делген Германияны жеңип алды
13:30
20 саат уктабай калгам. Кыргызстандык таксисттин көрсөтмө берип жаткан видеосу
13:29
"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга эки эл аралык компания кызыкдар
13:28
Челябинскинин дүкөндөрүндө Кыргызстандын товарлары пайда болот
13:27
Ошто алыш күрөшү боюнча кыз-келиндердин мелдеши өтөт
13:27
Космостогу алгачкы аял командир пенсияга кетти
13:26
Өздөрү эле жипке тизгендей бекен... МАИ кызматкерлери кыжырды кайнатканда
13:20
Москва мэри элди коюп кеткен кыргызстандык таксисттин окуясы боюнча үн катты
13:19
Ысык-Көл облусунда волейбол боюнча фестиваль өтөт
13:18
Ич кийим тууралуу жомок казакстандык ата-энелерди бушайман кылды
13:17
Москвада адамдарды коюп кеткен айдоочу кыргызстандыкпы? Элчиликтин жообу
13:17
Бишкекте жол кырсыгынан кийин массалык мушташ чыкты
13:15
Москвада такси адамдарды коюп кетти. Айдоочудан кыргыз күбөлүгү табылды
13:13
Даниянын футбол курмасы перулуктарды жеңип алды
13:52
Көчмөндөр оюндарынын медалынын дизайнына конкурс жарыяланды
13:51
Күйөөм көзүмө чөп салып жүрүптүр. Мындан ары кантип жашайм?
13:50
Ысык-Көлдүн үч айылында сел жүрдү
13:49
Күн ачык болобу? Дем алыш күндөргө карата аба ырайы
13:49
Бишкекте кымыз фестивалы өтөт
13:48
Бишкекте киши колдуу болгон адамдын сөөгү өз батиринен табылды
13:48
Окумуштуулар көп уктоонун зыянын айтып беришти
13:46
Бишкекте кыргыз-орус парламентарийлери аскерий-техникалык кызматташууну талкуулайт
Бардык кабарлар

Жалал-Абадда жаңжалсыз сессия болор бекен?..

На злобу дня
301
0

Болот. Биздин элдин өкүлдөрү иш баштарда ушинтип бир катуу ыркырашып алып, кийин партиясына деле, биримдигине деле карабай эле аралашып, чогулуп аш жеп кетерин өткөн чакырылыштагы өкүлдөрүбүздүн мисалынан улам билип калбадыкпы. Андыктан алардын азырынча Сириянын өкмөтү менен оппозициясынан бетер жаатташып турганынан абдан эле чоң чатак болуп кетеби деп кооптонуунун кереги жок.

Жалал-Абадда жаңжалсыз сессия болор бекен?..

 

Болгону, бул сапар беш партиядан шайланып келген депутаттарыбыз бир тарабы – 16, экинчи тарабы – 15 болуп, эки жаатка дээрлик тең бөлүнүп алышып, азырынча ит жыгылыш акыбалда турганы бир аз бушайманга салат. (Эгер алардын бир тарабы көбүрөөк болгондо жалпы элге, б. а. сиз менен бизге кыйла тынчыраак болмок эле).

Эми бул эки тарап ымалага келип, ортолук мунаса табабы, бирди-жарым депутатты акырын азгырып алабы, же кайсы бир партиянын өкүлдөрүн өз тарабына ийгерип кетеби – ал жагын болжош кыйын. Ал эми шаарыбыздын турмушунун мындан аркы жагдайы, айрыкча, мэр шайлоо иши так ушул эл өкүлдөрүнүн ич ара ынтымагына жараша болору турган кеп. Алар канчалык тез тил табышып, берилген ишенимди актоого канчалык бат аралашса, калганыбыздын турмушубуз да ошончолук тынч болот. Эгер ынтымакка келе алышпай, ит тартыш абалда калып, мэрди шайлоону да, утурумдук иштерди да кечеңдете беришсе – акыр аягы барып, кайра шайлоо деген жыйынтыкка такалат. Бирок биз эл ишенимин алган өкүлдөрүбүз ага чейин бара коюшпас деген ишенимде турабыз.

Эгер сөздүн боз келтесин айта турган болсок, (Боз келте – кичинекей, бирок өтө уулуу жылан, ал чакса кайтпайт дешет, жалпак тилде  “сөздүн өзөгү”, “ток этер жери” деген мааниде колдонулат), эгер биздин шаарга мэр эле мыйзамдуу жана туура шайланып кетчү болсо, азыркы араздашкан депутаттардын ыйкы-тыйкысы дароо 70 пайызга азаят дей бериңиз, анткени биздин депутаттар өз партияларына, түзгөн биримдиктерине карата чыныгы берилгендикти эмес, ар бир тарабы өзүнө ылайыктуу адамды көрсөтүү кызыкчылыгын жетекчиликке алып иш тутушат. Аларда кандай да болбосун өз кишисин бийликке алып келүү аракети – башкы маселе бойдон кала берет.

Бирок депутаттарыбыз бир ымалага келишмейинче, легитимдүү сессия өтпөйт, сессия болбосо – мэр да шайланбайт. Баарыңыздарга белгилүү болгондой, биздин өкүлдөрүбүз ишти сотко кайрылуудан баштап алышты, ал эми соттун жергиликтүү, ортоңку, жогорку баскычтары болору, алынган чечимдер тияк-биякка ыктап кетери бизге белгилүү, андыктан иштин бардыгын “убакыт”, “мезгил”  деген улуу дарыгер өзү жайгарганча күтө турат окшойбуз...

Самидин Стамбеков

скачать dle 11.0фильмы бесплатно