Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:57
Дагы 12 киши коронавирусту жеңип чыкты
12:44
Жети-Өгүздө төрөт үйүн обсервацияга айландыруу чечими жокко чыгарылды
12:11
Коомдук транспорт 25-майдан баштап эл ташыйт. Талаптар
12:10
"Дордой" баштаган ири базарлар ишке кирет. 25-майдан тарта жанданчу тармактар
12:09
Боронов сырттан келгендерге кайрылып, медиктердин талабын аткарууну өтүндү
12:08
Көбөйүп жатат. 32 жүк ташуучу айдоочудан коронавирус табылды
14:42
КР энергетикасы жар учунда турат. Эксперттин билдирүүсү
14:34
Чуу салса эле обсервациядан чыгабы? "Гансидеги" жаңжал боюнча Үсөнбаевдин жообу
14:31
Нарында 8 милиция кызматкеринен коронавирус чыкты
13:18
Путин Россиядагы мусулмандарды Орозо айтты үйдөн белгилөөгө чакырды
12:40
Өлкөдө кооптуу кырдаал сакталып турат. Жээнбеков Бороновду кабыл алды
12:36
23ү каттоого жетишпей калган. Аскат Алиев мекенге келген мигранттар боюнча үн катты
12:33
20-майда Оренбургдан мекендештердин дагы бир тобу алып келинет
12:32
Обсервацияда чуу салгандар менен министрликтин өкүлдөрү жолукту.
12:31
Абылгазиев обсервацияда чуу салган жарандарга кайрылды
12:28
Шектүүлөр текшерилет. Облус башчысы Ысык-Көлгө кирип-чыгуу шарты тууралуу
11:08
Россия Кыргызстанга ракеталык комплекс жана тик учак берери пландалууда
10:55
АКШ коронавирусту организмге жолотпой "чыгарып салган" антителону тапты
10:33
Москвадан 402 кыргызстандык учуп келет. Арасында майып, оорулуулар бар
09:41
Антисептикалык каражаттын ордуна айнек жуугуч. Мэрия тартип бузгандарга айып салды
12:26
Чет өлкөдөн кайткан жарандар текшерүүгө кантип алынарын штабдан айтып беришти
12:12
Эки күндө Санкт-Петербург шаарынан 312 кыргызстандыкты алып келишти
12:08
Өткөн сутканын ичинде 38 адам коронавирустан айыгып чыкты
11:53
Каркыра жайлоосуна милиция посту ачылды. Эмне иш аткарат?
11:43
Отунбаева COVID-19дун вакцинасын бекер таратууга чакырган документке кол койду
11:38
Жайкы сезондо акча тапкан көлдүктөр быйыл эмне болот. Ички туризмге үмүт артып
16:16
Ат-Башыда коронавирус жуктургандардын 90%дан ашыгы айыкты
16:14
Министрлик киришти! Нарында төрөт үйүндө вирустун жайылышын комиссия иликтөөдө
16:04
Түркиядан Кыргызстанга 330 мекендеш алып келинди
16:03
Суу кечип, куюнда калып, Нарын суусунун үстүнөн зым тарткан энергетиктер
15:50
Коронавирус Нарында жайылууда. Оору катталган район, шаарлардын тизмеси
15:42
Франкфурт-на-Майне шаарынан 59 кыргызстандык учуп келди
15:40
Бүгүн кечинде Москвадан 147 кыргызстандык учуп келип, обсервацияга алынды.
15:39
Милициянын Кувейт жана Катардан келген кыргызстандыктарды тосуп алган видеосу
15:35
Бажы кызматы Кытайга "Торугарт" өткөрмө пунктун ачууну сунуштады
15:10
Бишкекке Япония менен Кореядан кыргызстандыктар учуп келди
14:54
Мектептеги ысык тамактын азык-түлүгү окуучулардын үй-бүлөсүнө таратылууда
14:45
COVID-19 менен алышкан медиктер. Мартка каралган 38,8 млн. сом дарегине жеттиби?
14:35
Биринчи мыйзам каралбай калган. Шайлоо босогосу боюнча жаңы демилге сунушталды
13:01
Бишкекте карантинге карабай соода борбору эшигин ачты. Чоо-жайы
12:59
Министр Жунушалиев: милиция бет кап тагынбагандарга айып салбайт
12:58
Атамбаевдин Сапар Исаков баш болгон тарапташтарынан коронавируска тест алынды
15:37
Жакшы кабар! Акыркы суткада бир да медиктен коронавирус аныкталган жок
15:25
Россиядагы мекендештерди кайтаруу үчүн бийлик кандай аракет көрүүдө
15:13
Абылгазиев: башкача буруп жиберишкен. Милиция менен күч түзүмдөрү компенсация алат
Бардык кабарлар

“Ганси” обсервациясында жаткандар чуу чыгарып, медиктерге кол салганы айтылды

На злобу дня / Коом жана проблемалар
4
0

Чүй облусундагы ("Манас” аэропортунун жака-белинде) "Ганси” обсервациясында жаткан бир топ адам чогулуп жаңжал чыгарды.

Окуя болгон жерден тартылган видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

 

Обсервацияда жаткандардын биринин айтымында, чуу чыгаргандар дарыгерлерди Соль-Илецкиден (Россия) келген жарандардан коронавирус чыкканына карабай, алар менен кошо келгендерди үйүнө чыгарып жиберген деп айыптап жатышат. Мындан улам башкаларын дагы коё берүүнү талап кылышууда.

Кадрдан бир нече киши чогулуп, башкаларды дагы сыртка чыгууга чакырып жүргөнүн көрүүгө болот. Милиция кызматкерлери аларды кайтарып жүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн ведомствонун өкүлдөрү кетишкенин билдирди.

"Ал жайда жаткан жарандар өзүн агрессивдүү алып жүрүшөт. Дарыгерлерге кол салган фактылар да катталды. Тез жардам кызматынын өкүлдөрү дагы жабыркады, медиктердин кийимдерин айрып, Тез жардам унаасын оодарууга да аракет кылышты. Министрликтин өкүлдөрү ал жакка чыгып кетти”, — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев чет өлкөдөн келген жарандар санитардык эрежелерди сактабагандыктан ооруну жуктуруп алып жатканын билдирген. Буга чейин дагы Соль-Илецкиден келгендер жаңжал салып, обсервациядан качууга аракет кылганы кабарланган. 

Белгилей кетсек, учурда Соль-Илецкиден алып келинген 541 мигранттын 101инен коронавирус аныкталды.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1216 болду. Анын ичинен 827си айыгып, 14 киши каза тапкан.

 

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.


ИИМ "Гансиге" жайгаштырылгандар эмне себептен жаңжал чыгарганын айтты
Күтүп отурган адамдар. Архивдик сүрөт

Министрдин орун басары обсервация жайында мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартыла турганын убадалады.

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов  "Ганси" аталышындагы Американын мурдагы аскерий базасынын аймагында жайгашкан "Семетей" обсервациясындагы жаңжал эмнеден чыкканын айтып берди.

Мурдараак обсервацияда жаткандар чуу чыгарып, медиктерге кол салганы айтылган. Ал жайга милиция кызматкерлери тартылган.

Каниметовдун айтымында, аталган обсервацияда Соль-Илецкиден келген 432 кыргызстандык жатат.

"Кээ бир адамдар ПЦР-анализинен коронавирус аныкталып, жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылгандар үй карантинине чыгып жатат деген жалган маалымат тараткан. Мындан улам башкалары дагы коё берүүнү талап кылып чыгышкан", — деди Каниметов.

Ошондой эле ал Саламаттык сактоо министрлиги түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады. Аны менен катар эле мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартыла турганын убадалады

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1216 болду. Анын ичинен 827си айыгып, 14 киши каза тапкан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

"Гансидеги" обсервацияда чуу салган жарандар үй карантинине чыкмай болду
Тез жардам унаасы. Архив

Өткөн суткада коронавирус табылган 43 адам менен жакын байланышта болгон 19 жаран гана калтырылган.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Мурдагы "Ганси" авиабазасынын аймагындагы "Семетей" обсервациясында жаткандардын көпчүлүк бөлүгү үй карантинине чыгарылат. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Маалыматта түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ушундай чечим кабыл алынганы айтылат. Ал эми өткөн суткада коронавирус жуктурганы аныкталган 43 адам менен жакын байланышта болгон 19 жаран калтырылган.

Ошондой эле штаб аталган обсервацияга тартылган медицина кызматкерлери 22-майга чейин штаттык режимде иштей турганын билдирди. Андан соң жаңы бригада келип, орун алмашат. Ал эми жооптуу дарыгер 7-июнга чейин иш ордунда болот.

Белгилей кетсек, Соль-Илецкиден келип, обсервацияга жайгаштырылган мигранттар чуу чыгарып, дарыгерлерге кол салып, тез жардамдын унаасын оодарууга аракет кылганы айтылган. Жаңжал салгандар үй карантинине чыгууну талап кылышкан.

 

Бүгүн түшкө жакын аталган жерге саламаттык сактоо министринин орун басары башында турган өкүлдөр барып жарандар менен жолуккан.

Эске салсак, Россиянын Соль-Илецк районунда бир айдан ашык кармалып турган жарандар 7-май күнү автобус менен алып келинген. Учурда алардын ичиндеги 101 адамдан коронавирус аныкталды.

Обсервацияга жатпай, үйүнө кетишти. "Гансидеги" жаңжалдын видео хронологиясы

Медициналык кызматкерлер кишилерди өткөзүп жатышат. Архив

Обсервацияда 11 күндөн бери жатканына нааразы болгондор чуу салып отуруп, акыры үй карантинине чыгып кетишти.

 "Манас" аэропортунун жанындагы Американын мурдагы "Ганси" авиабазасынын аймагында жайгашкан "Семетей" обсервациясында жаткандар жаңжал чыгарды. Бул жайга Соль-Илецкиден алып келинген жарандар жайгаштырылган болчу.

Жаңжалдын себеби эмнеде?

Обсервациядагы жарандар "чогуу келгендердин айрымдары үй карантинине чыгып кетти" деп нааразы болуп, баарын коё берүүнү талап кылып чыгышканын айтты. Бирок ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов кимдир бирөө жалган маалымат таратканын билдирди. Чынында үй карантинге эч ким чыккан эмес, COVID-19 жуктурганы аныкталгандар ооруканага которулган. Бүгүнкү күндө ал жерде 432 мекендеш жашап жаткан.

Медиктерге кол салуу

Ал арада Саламаттык сактоо министрлиги обсервациядагы мекендештердин дарыгерлерге кол салган фактылары да катталганын кабарлады.

"Жарандар өзүн агрессивдүү алып жүрүшөт. Тез жардам кызматынын өкүлдөрү дагы жабыркады, медиктердин кийимдерин айрып, тез жардам унаасын оодарууга да аракет кылышты", — деп айтылат маалыматта.

Айрымдары обсервацияга келгенден тарта медицина кызматкерлерине каршылык көрсөтүп жаткан.

Абылгазиевдин кайрылуусу

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кайрылуу жасады.

"Башкалардын саламаттыгына коркунуч жаратып, тынчын алып, тартип бузууда. Кайталап алынган анализи вирус жок экендигин көрсөткөндө гана үйүнө чыгарыларын белгилеп кетким келет! Жарандарыбыз кандай оорчулуктарга туш болгонун түшүнүп турабыз. Мекенине келүүнү көпкө күтүшкөн, бирок биз үчүн эң башкысы — оорунун жайылышына жол бербөө. Үй карантинге чыкканда аларды жашаган жерлерине жеткирүү уюштурулат", — деди Абылгазиев.

Ошондой эле ал биринчи кезекте туугандардын жана жакындардын, коомдун алдындагы жоопкерчиликти эстен чыгарбоого чакырды.

Чуу салгандардын талабы аткарылды

Жаңжалдын чоо-жайын тактоо үчүн саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев баштаган министрликтин өкүлдөрү "Семетей" обсервациясына барышты.

Анын натыйжасында чуу салган мекендештердин талабы аткарылып, бүгүн үй карантинине чыгарууга уруксат берилди. Ошентип 432 жарандын ичинен 19у гана калтырылды. Алар өткөн суткада коронавирус жуктурганы тастыкталган 43 адам менен жакын байланышта болгондор.

Белгилей кетсек, Россиянын Соль-Илецк районунда бир айдан ашык кармалып турган кыргызстандыктар 7-май күнү автобус менен алып келинген. Учурда алардын ичиндеги 101 адамдан коронавирус аныкталды.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20200518/1048345878/gansidegi-zhanzhaldyn-khoronologiyasy.html

скачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик