Алардын басымдуу бөлүгү вирус жуккан соң башка өнөкөт оорулары күчөп кеткендер.
Акыркы суткада коронавирус жуктуруп алган бир аял каза болду. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
"Кечээ Тогуз-Торо жалпы дарыгерлер практикалоо борборунан 49 жаштагы аял каза болду", — деди Каратаев.
Вирус жугузуп алып каза тапкандардын саны ушуну менен Кыргызстанда 43кө жетти.
Кыргызстанда болуп жаткан окуялар жана акыркы маалыматтар менен Telegram-каналыбыздан таанышып туруңуздар.