Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:52
КРде кырдаал эң начар сценарий менен өнүгүп жатат. Министрлик COVID тууралуу
10:19
№1 шаардык оорукананын медигинин кайрылуусу боюнча башкы дарыгер текшерилет
10:18
Саламаттык сактоо министри менен орун басарынын абалы айтылды
13:38
Кыргызстанда дыйкандар быйыл эмне өстүрүү менен алек.
13:37
ЖК депутаттары 200 миң сом өлчөмүндө эмгек өргүү акчасын алганбы? Түшүндүрмө
13:33
COVID: муфтият бейтаптар үчүн 1500гө жакын орун даярдады
13:07
Жамгыр, добул жана кар жаайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
13:05
600 орундуу “Гансиде” 5 эле кычкылтек концентратору барбы? Министрликтин жообу
13:01
Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту.
12:57
Кесиптик орто окуу жайларга онлайн тапшыруунун жол-жобосу айтылды
12:55
Пандемия университетте окууга бөгөт эмес. Билимдин изи менен Россияга карай
12:53
Элге акысыз кеңеш берген психологдордун борбору түзүлдү. Телефон номерлери
16:13
Учурдун талабы! Боронов эмгек өргүүдөгү дарыгерлерден ишке чыгуусун өтүндү
16:05
Кыргызстанга дагы 200 мобилдик кычкылтек концентратору алып келинди
15:44
Облустар ооруну ооздуктоого кандай даярдык көрүүдө. Ачылган стационарлар
16:18
Боронов: коронавирустун жайылышын токтотуучу бир гана жол бар
16:17
Силерсиз ооруну жеңе албайбыз! Боронов медициналык билими барларды ишке чакырды
16:15
"Унаа" ишканасынын аймактагы бөлүмдөрү карантинге жабылды
16:05
Жээнбеков бир нече судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту
16:02
Екатеринбургдан кайткан мекендештер менен чогуу медиктер да келди.
15:56
25 жыл "аралыктан" иштеген киши кантип өзгөрөт. Ойго салган сүрөт
15:34
Соль-Илецкиден жол тарткан мекендештердин экинчи тобу келди
15:33
Бишкекте ишкерлер менен ЖК депутаттары 5 күндүзгү стационар ачат
15:32
Кыйын кырдаалдан кантип чыгабыз? Жээнбеков берген тапшырмалардын тизмеси
15:29
ӨКМ обсервациядагылар кандай тамактанып жатканын көрсөттү.
14:19
Жээнбеков өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча пикирин айтты
14:18
Жээнбеков облустар аралык каттамды токтотууну сунуштады
14:15
Соль-Илецкиден 963 кыргызстандык Бишкекке алып келинди, дагы 12 автобус жолдо
14:04
"Ганси" базасында реанимациялык блок ачылды
14:04
Россиядан келген кыргыз дарыгерлери кайсы ооруканада иштей турганы айтылды
14:03
Түркиядан дагы 1 000 кычкылтек концентратору алып келинди
11:06
Бишкектеги ооруканада дарыгердин 12 метрлик сүрөтү тартылууда. Көрүнүшү
11:01
Жардам бергиле! Сабырбек Жумабеков олигархтарга кайрылды
10:51
Президент Жээнбеков кимдерди "эл душманы" деп атаарын айтты
15:26
Пандемияда кымбаттаган дарылар: чыга элек токтом, алакан жайган аптека ээси
15:17
Росавиация 1-августка чейин эл аралык каттамдарга тыюу салды
15:16
Новосибирскиден 186 кыргызстандык атайын каттам менен алып келинди
12:49
Билим берүү министрлиги 1-сентябрга кандай даярдык менен барарын айтты
11:54
Бишкекке Бангладештен 103 кыргызстандык жана коңшу өлкөнүн жарандары келди
11:48
Бишкекке Түркиядан 232 кыргызстандык кайтып келди. Арасында балдар бар
15:09
Бишкектин Октябрь районунун акими Ситников кызматынан бошотулду
14:28
Кыргызстанда РФ Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө добуш берүү кандай өттү
11:28
"Гансиде" пневмония болгондорду кабыл алуу үчүн 600 орун даярдалды.
11:20
Мэр Суракматов: рейддин санын көбөйтүп, айып пулду эскертпестен салабыз!
11:19
Мэр Азиз Суракматов COVID-19дан айыгып, ишке чыкты
Бардык кабарлар

Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Запольский каза болду

На злобу дня
5
0

2004-жылы Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча агенттикте иштей баштаган.

ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Олег Запольский каза болгонун министрлик билдирди.

Өлүмүнүн чоо-жайы такталып жатат.

Олег Запольский 1981-жылы Бишкекте төрөлгөн. 2003-жылы Кыргыз-россия славян университетинин юридика факультетин аяктап, кийинки жылдан тарта эле Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча агенттикте иштей баштаган. Былтыр январдан баштап Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси болеп иштей баштаган.

Маркумдун ата-энеси Виктор Запольский менен Светлана Красильникова "Дело №..." гезитинин негиздөөчүлөрү.

Баңгизат менен күрөшүү кызматынын жетекчиси Запольскийдин эмнеден көз жумганы айтылды
Дарыгер кишинин өпкөсүнүн рентген сүрөтүн карап жатат Архив

Запольский үйүнө дарыгер чакырып төрт-беш күн дарыланып жаткан. Абалы оорлошкондон кийин ооруканага алып келишкен.

 ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Олег Запольскийдин өпкөсү эки тарабынан тең пневмония болуп калган. Бул тууралуу Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, Запольский үйүнө дарыгер чакырып төрт-беш күн дарыланып жаткан. Абалы оорлошкондон кийин ооруканага алып келишкен.

"26-июнда анын (Олег Запольскийдин — ред.) достору чалып ооруканага жаткыруу керектигин айтышкан. Ошол эле күнү алып келгенде абалы оор болчу. Үйүндө аны кайсы дарыгер дарылап жатканын азырынча билбейм. Асма укол койгон экен. Ооруканага келгенде ал эки тараптуу пневмониянын оор түрү менен жабыркаганы аныкталды. Эртерээк кайрылса болмок экен, өтө кеч болуп калыптыр”, — деди Исмаилова.

Ошондой эле дарыгер Запольский ооруканада бир күн жаткандан кийин эле үзүлгөнүн айтты.

"Биринчи Улуттук госпиталда ачылган пневмония бөлүмүнө жаткырганбыз. Кычкылтек менен дем алып жаткан, эртеси эртең менен абалы жакшырып калган болчу. Кийинчерээк аны кыргыз-түрк ооруканасына алып баратканда абалы кескин начарлап кетип, жолдон №1 Шаардык клиникалык ооруканасына алып киришкен. Жандандыруу бөлүмүндө жатып көз жумду”, — деди Исмаилова. 

Белгилей кетсек, Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Олег Запольский кечээ, 27-июнда, кечке жуук каза болгону кабарланган.

Белгилүү кинорежиссёр Бакыт Карагулов көз жумду

Олег Запольский 1981-жылы Бишкекте төрөлгөн. 2003-жылы Кыргыз-Россия славян университетинин юридика факультетин аяктап, кийинки жылдан тарта эле Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча агенттикте иштей баштаган. Былтыр январдан баштап Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси болуп дайындалган.

Маркумдун ата-энеси "Дело №..." гезитинин негиздөөчүлөрү Виктор Запольский менен Светлана Красильникова эле.

Чыныгы жетекчи болчу! Подполковник Олег Запольскийге жазылган ИИМдин некрологу

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги, милициянын подполковниги Олег Запольский

Кесиптештери Запольскийдин күжүрмөн тапшырмаларды аткарган иштерди мыкты уюштурууга жөндөмдүү, чыныгы жетекчи болчу деп сыпатташты.

Ички иштер министрлиги чоң жоготууга учурады. 39 жашында дүйнөдөн өткөн Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги, милициянын подполковниги Олег Запольскийдин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы тараткан некрологдо айтылат.

Подполковник пневмония менен жабыркап ооруканага түшкөндөн кийин бир күн жатып, 27-июнда кечке жуук көз жумган.

"Олег Запольский жоопкерчиликтүү, тартиптүү, оор басырыктуу, ыкчам-күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу иштерин мыкты уюштурууга жөндөмдүү, чыныгы жетекчи болчу. Бүт өмүрүн жумушуна арнап, бардык күчүн жумшоо менен кызмат өтөп келди. ИИМдин жетекчилиги, Коллегиянын мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу жана ички иштер органдарынын бардык өздүк курамы Олег Запольскийдин үй-бүлө мүчөлөрүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт", — деп жазылган таратылган билдирүүдө.

Олег Запольский 1981-жылы Фрунзе шаарында туулган. 1998-жылы мектепти аяктаган соң Кыргыз-орус славян университетинин юридикалык факультетине тапшырып, 2003-жылы ийгиликтүү аяктаган. 2004-жылы КР Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин түзүлгөндүгүнөн баштап кенже лейтенант наамында, жөнөкөй ыкчам кызматкер болуп кызмат өтөп баштаган.

2010-жылы КР Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча бөлүмүнө толук ыйгарымдуу ыкчам кызматкер болуп которулган. Эмгек жолунда кесиптештери менен Кыргызстандагы жана эл аралык деңгээлдеги туруктуу кылмыштуу топторду жана баңгизат сатуучуларды кармап, бир топ кылмыштардын бетин ачкан. Жасаган эмгектери үчүн Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын жана Жамааттык коргонуу келишим уюмунун (ЖККУ) медалдары жана артыкчылык белгилери менен сыйланган. 2014-жылы жеке ок атуучу курал менен сыйланган.

Ысымы тарыхта калат! Болот Шерге бийликтегилер тарабынан жазылган некролог

Запольский 2015-жылы Россия ИИМинин Башкаруу академиясынын ички иштер органдарынын ишин уюштуруу факультетине тапшырып, 2017-жылы экинчи жогорку билимге ээ болгон. Ушул эле жылы Олег Запольскийге милициянын подполковниги наамы ыйгарылган. 2019-жылдын январь айында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси болуп дайындалган.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20200628/1048832285/oleg-zapolskiyge-zhazylgan-nekrolog.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик