Бүгүн:

Акыркы кабарлар

21:38
Путин Жапаровду парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады
21:37
Ийгилик артынан ийгилик. Жуманазарова дүйнөлүк уюмдан 7 миң доллар сыйлык алат
21:35
Жапаров соцмекемелердеги балдардын тамагына бөлүнгөн акчага нааразы болду
21:34
Жүрөк кармайт деп кооптонгондор эмнелерди билиши керек
23:32
Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
23:31
334 млн. сом профицит. Кыргызстанда экономикалык өсүш байкалганы айтылды
23:24
Кол санактын жыйынтыгы: алдыга чыккан алты партия
15:28
Кыргызстан Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 100 млн доллар насыя албай калды
15:26
Кыргызстанда эң жогорку пенсия 179 миң сомду түзөт
15:25
Президент Жапаров Беловодск айылындагы психоневрологиялык интернатка 500 миң сом тапшырды
23:45
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды
23:41
ИИМ: Текебаевге кол салгандарды аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат
23:41
Ахматбек Келдибеков УКМКга суракка чакырылды
23:40
Президент добуш берген Бактыгүл Иманбек кызы: Жапаров менен канайымга тиешем жок
22:40
Жапаров: БШК сайтындагы мүчүлүштүктөр боюнча УКМК териштирүү иштерин баштады
22:39
7 партия босого чектен өтүүдө. Добуштардын 30 пайызы кол менен саналып бүттү
22:38
Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймагындагы курулуш иштери токтотулду
22:36
Таласта Дастан Жумабековдун шайланышына каршы болгондор митингге чыкты
16:24
Президент эмне үчүн бир мандаттуу шайлоо округунан Равшан Жээнбековго добуш бергенин айтты
16:23
БШКнын имаратынын алдында митинг өтүп жатат
23:29
Эдил Байсалов: Шайлоо системасындагы мүчүлүштүккө БШК түшүндүрмө бериши керек
23:27
Октябрь округу боюнча эң көп добушту Дастан Бекешев алды
23:22
Туруктуулукту бузабыз дегендерге жол бербейбиз! Жапаров элге кайрылды
23:21
ЖКга шайлоонун партиялар боюнча жыйынтыгы чыкты
19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
Бардык кабарлар

Кыргызстандан Германияга жеткен 670 кг героин. Чуулуу кылмыш кантип жасалган

На злобу дня
104
0

Анда бир топ ЖМКлар ири көлөмдөгү баңгизат Кыргызстандан келгендигин жазып чыккан.

Кыргызстан агенттиги жарым тоннадан ашкан мыйзамсыз жүк кантип бир катар мамлекеттин чек арасынан өтүп Европага чейин жеткенине кызыгып көрдү.

Материал Биринчи май райондук сотунун чечими менен ИИМдин расмий маалыматтарынын негизинде жасалды. Бул чуулуу ишти КР милиционерлери да тергеп, ага тиешеси бар шектүүлөрдү колго түшүрүп, сотко үч иш өткөргөн.

Баңгизат Кыргызстанга Афганистандан келген деп болжолдонгон

Кыргызстандан 2019-жылдын башында ири көлөмдөгү баңгизатты чет өлкөгө жөнөткөн кылмыштуу топко Мамлекеттик бажы кызматынын, Соода-өнөр жай палатасынын жооптуу кызматкерлери менен Ички иштер министрлигинин 7-башкы башкармалыгынын мурдагы кызматкери көмөктөшкөн. Ага Бишкектеги "Элит Шоко", "Дилде-Сервис" жоопкерчилиги чектелген коомдорунун негиздөөчүлөрү жана Кыргызстан, Түркия, Нидерланд падышалыгынын жарандары катышып, 670 килограмм героин түрүндөгү баңгизат Европага жөнөтүлгөн. Укук коргоо кызматкерлери ал Кыргызстанга Афганистандан гана келиши мүмкүн деп болжолдошкон.

Коробки с героином, изъятые во время спецоперации, видны на этой недатированной раздаточной фотографии, выпущенной немецкой таможней в Берлине, Германия, 18 июня 2019 года
© REUTERS / GERMAN CUSTOMS / HANDOUT
Эки жыл мурун Германия менен Польшанын чек арасына жакын шаарда укук коргоо кызматкерлери 670 килограмм героин жүктөп бара жаткандарды колго түшүргөн

Иш кандай жүргөн

Ирандан алып келинген шириндиктер (халва, шербет, рахат-лукум) "Дордой" базарынын жанындагы жана борбор калаадагы 7-апрель көчөсүндөгү кампада сакталганы айтылат. Так ошол жактан тышкы жасалгасын оңдоп, ичине баңгизат салып сыртка чыгарууга даярдалган. Андан соң 20 тонна 71 килограмм болгон жүккө тиешелүү уруксат кагаздарды мамлекеттик органдарда жогорку кызматтагы тааныштары бар юрист толугу менен бүтүрүп, бажычыларга бир күндө эле текшерткен. Ал азыктар Бишкекте катталган "Элит Шоко" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык болуп, товарларды "Дилде Сервис" ЖЧКсы декларациялаган. Аталган ишкананын негиздөөчүлөрү катары Пойраз Бурак менен Жолдошева Аида Алмухамбетовна көргөзүлгөн.

Коробки с героином, изъятые во время спецоперации, видны на этой недатированной раздаточной фотографии, выпущенной немецкой таможней в Берлине, Германия, 18 июня 2019 года
© REUTERS / GERMAN CUSTOMS / HANDOUT
Укук коргоо кызматкерлери ал Кыргызстанга Афганистандан гана келиши мүмкүн деп болжолдошкон

Героин 50 миллион еврого бааланган

Ошентип, 2019-жылдын 16-майында өлкө аймагынан 20 тоннага жакын таттуу-тарапа 670 килограмм героин менен бажычылардын текшерүүсүнөн кийин КРден чыгып кеткен. Жүк 4500дөй чакырым жолду басып, бир нече республиканын чек арасынан өткөн. Бирок кылмыштуу топ өзүнүн максатына жетпей калган. Анткени Европа мамлекеттери өз ара ыкчам маалыматтар менен бөлүшүп, Германия менен Польшанын укук коргоо органдары ошол эле жылдын 1-июнуна караган түнү тергөө иштерин жүргүзгөн. Жыйынтыгында эки өлкөнүн чек арасына жакын жердеги Франкфурт-на-Одере шаарында баңгизатка толтурулган DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны кармап, андагы ар бир кутуну текшерип, 670 килограмм героинди таап чыккан. Германиялык эксперттер анын жалпы баасын 50 миллион евро деп баалаган.

Бул окуя тууралуу бир катар жергиликтүү жана эл аралык ЖМКлар жазып чыккан. Атургай Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын чыгарган китебине чейин кирген.

Эки жылга жакын созулган тергөө

Ал эми Кыргызстандагы тергөөчүлөр ал чуулгандуу иш боюнча 2019-жылы тергөөнү баштап, бир катар шектүүлөрдү колго түшүрүп, Жазык кодексинин 267 ("Сатуу максатын көздөп наркотикалык каражаттарды мыйзамсыз даярдоо"), 270 ("Бажы чек арасы аркылуу өткөрүүнүн атайын эрежелери орнотулган предметтердин контрабандасы"), 359 ("Документтерди жасалмалоо") жана 215-беренелери ("Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу") боюнча сотко чейинки бир катар өндүрүштү ачкан. Бирок Ички иштер министрлиги эки жылга жакын убакыттан бери тергеп келе жаткан, Кыргызстанды далайга тааныткан кылмыштын толук чоо-жайын берүүдөн баш тартты.

 

Буга чейин ИИМдин маалымат кызматы кылмыштуу топ өзгөчө ири өлчөмдөгү героин ташуу каналын жөндөп алышкандыгын кабарлаган.

"Аталган топтун мүчөлөрү Ирандан Европа биримдигине Борбордук Азия мамлекеттери аркылуу транзит менен өзгөчө ири өлчөмдөгү героин ташуу каналын жолго коюп алышкан. Эки кыргызстандыкты ИИМ колго түшүрүп, кийин дагы бирөөнө жана топтун чет элдик башка мүчөлөрүнө мамлекеттер аралык издөө жарыяланды", — деп билдирүү тараткан.

Учурда аталган иштин бир уюштуруучусу Түркияда абакта жазасын өтөп жатса, бир кыргызстандык жаран эл аралык издөөдө жүрөт.

Мамлекеттин кадырын түшүргөн кылмыш

Ири көлөмдөгү баңгизатка байланыштуу үч иш сотко өткөрүлүп, жакында бирөөсүнө карата өкүм чыкты. Ага ылайык, буга чейин сот жоопкерчилигине тартылбаган 23 жаштагы жигит прокуратура менен кызматташууга барып тергөөгө жардамдашып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Фемида өкүлдөрү ага эл аралык аренада Кыргызстандын кызыкчылыгына зыян келтиргени үчүн 300 миң сом айып салып, камактан бошоткон.

 

Кошумчалай кетсек, 2020-жылы КР аймагынан баңгизаттарга байланыштуу 1042 кылмыш жана жорук катталып, милиционерлер бир жылда эле жалпы жонунан 4 тонна 335 килограммдан ашык мыйзамсыз каражаттарды алган.

Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20210210/1051411310/kyrgyzstan-geroin-germaniya-kylmyshtuu-top-choo-zhajy.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно