Бүгүн:

Акыркы кабарлар

21:38
Путин Жапаровду парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады
21:37
Ийгилик артынан ийгилик. Жуманазарова дүйнөлүк уюмдан 7 миң доллар сыйлык алат
21:35
Жапаров соцмекемелердеги балдардын тамагына бөлүнгөн акчага нааразы болду
21:34
Жүрөк кармайт деп кооптонгондор эмнелерди билиши керек
23:32
Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
23:31
334 млн. сом профицит. Кыргызстанда экономикалык өсүш байкалганы айтылды
23:24
Кол санактын жыйынтыгы: алдыга чыккан алты партия
15:28
Кыргызстан Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 100 млн доллар насыя албай калды
15:26
Кыргызстанда эң жогорку пенсия 179 миң сомду түзөт
15:25
Президент Жапаров Беловодск айылындагы психоневрологиялык интернатка 500 миң сом тапшырды
23:45
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды
23:41
ИИМ: Текебаевге кол салгандарды аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат
23:41
Ахматбек Келдибеков УКМКга суракка чакырылды
23:40
Президент добуш берген Бактыгүл Иманбек кызы: Жапаров менен канайымга тиешем жок
22:40
Жапаров: БШК сайтындагы мүчүлүштүктөр боюнча УКМК териштирүү иштерин баштады
22:39
7 партия босого чектен өтүүдө. Добуштардын 30 пайызы кол менен саналып бүттү
22:38
Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймагындагы курулуш иштери токтотулду
22:36
Таласта Дастан Жумабековдун шайланышына каршы болгондор митингге чыкты
16:24
Президент эмне үчүн бир мандаттуу шайлоо округунан Равшан Жээнбековго добуш бергенин айтты
16:23
БШКнын имаратынын алдында митинг өтүп жатат
23:29
Эдил Байсалов: Шайлоо системасындагы мүчүлүштүккө БШК түшүндүрмө бериши керек
23:27
Октябрь округу боюнча эң көп добушту Дастан Бекешев алды
23:22
Туруктуулукту бузабыз дегендерге жол бербейбиз! Жапаров элге кайрылды
23:21
ЖКга шайлоонун партиялар боюнча жыйынтыгы чыкты
19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
Бардык кабарлар

УКМК тажик жарандары аэропорттон кармалууда деген маалыматты төгүндөдү

На злобу дня
52
0

УКМКнын Чек ара кызматы укук коргоочу Валентина Чупиктин "Бишкек жана Ош аэропортторунда Тажикстандын жарандары кармалып, аларга туура эмес мамиле жасалып жатат" деген видео кайрылуусунда айтылгандар чындыкка туура келбесин билдирди.

Укук коргоочу буга чейин YouTube каналы аркылуу Кыргызстандын чек арачылары транзиттик негизде өтүп бара жаткан тажик жарандарын себепсиз кармап жатат деген билдирүү тараткан.

"Укук коргоочунун айткандары жалган жана улуттар аралык кастыкты козутуу катары бааланат. Чек ара кызматынын өкүлдөрү эл аралык укуктук келишимдердин жана Конституциянын негизинде иш алып барышат. Мамлекеттик чек арадан өткөрүүдө адамдын жарандыгы, улуту, расасы маанилүү эмес", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин жарандардын коопсуздугу үчүн өткөрүү пунктунан адамдарды, автоунааларды жана жүк өткөрүү убактылуу токтотулган.

 

"Мындан улам аэропорттун кызматын пайдаланган тажик жарандарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн кыргыз тарап аларды эки жол менен өлкө аймагынан чыгарып коюуда. Биринчи Өзбекстан аркылуу кетүүнү каалагандар коңшу өлкөнүн чек арасындагы өткөрүү пунктуларына кетирилип жатат. Ал эми дароо өз өлкөсүнө өтүүнү каалагандар "Бордобо" жана "Карамык" өткөрүү пунктуларына жеткирилип, тажик чек арачыларына өткөрүп берилүүдө", — деп айтылат түшүндүрмөдө.

 

УКМК берген маалыматка караганда, Тажикстандын жарандары бул аракеттерди азыркы абалда туура деп эсептеп, Кыргызстандын аэропортторун пайдаланууну улантууда.

"Укук коргоочу Валентина Чупикке абалды кайрадан курчутууга кызыкдар тараптар туура эмес маалыматты жеткириши мүмкүн", — дешти атайын кызматтан.
Адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулуп кеткен. Анын кесепетинен 36 кыргызстандык жаран көз жумду. Алардын үчөө аскерлер, экөө — 13 жаштагы өспүрүм кыз менен төрт жаштагы эркек бала, ал эми калган 31 адам жергиликтүү калк жана башка аймактардан элге жардам беребиз деп келген кыргызстандыктар болду. 150гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түшкөн.


Дагы: https://sputnik.kg/society/20210506/1052401704/ukmk-valentina-chupiktin-bildiruusu-boyuncha.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно