Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:43
РФ менен КРдин Абадан коргонуучу тутумун түзүү. Мамдума келишимди жактырды
22:38
КР футбол командасы ноябрда дүйнө чемпионатынын тандоо турунда ойнойт
22:31
Президент Садыр Жапаров Москвага барат. Себеби
22:26
Кыргызстан менен Кытай биргелешип эки сериал тартат
22:02
Психолог кандай адам жалгыздыктан коркорун түшүндүрдү
21:54
Буттун тырмагы жай өсүп калат. Кандагы холестериндин көбөйүшүнүн белгилери
21:22
Оверчук: ислам мамлекеттери менен эркин соода аймагын түзүүнү сүйлөшүп жатабыз
16:35
Жапаров: Тажикстан менен достуктун духунда чек араны тактоого дилгирбиз
16:30
Кыргызстандык кыз-келиндер волейбол боюнча Азия зоналдык чемпионатына катышат
22:43
Кызматташуунун жаңы доору. Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен жолугушту
22:41
Министрлик: тамеки, насыбай, кальян, электрондук чылымдын зыяны бирдей
15:34
Садыр Жапаров биринчи айым менен Кытайга учуп кетти
15:30
Кирешенин 30%ынан ашпаш керек. Адис насыядан туура кутулуунун жолун айтты
21:32
Базар-Коргондун Карача айылында турак үйлөрдү сел суулары каптады
21:30
Банктарга долларды сыртка накталай алып чыгууга уруксат берүү каралууда
21:18
Стоматолог: вейп чеккендердин онкологиялык ооруга чалдыгуу коркунучу жогору
21:34
Сауд Аравия кыргыз тарап жарыялаган долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар
00:00
Кыргызстандык боксчу дүйнө чемпионатында тарыхта биринчи ирет медаль утту
23:37
Садыр Жапаров Валентина Матвиенко менен жолугушту
23:34
Путин менен Жапаров биргелешкен билдирүү жасады. Урунттуу учурлар
21:11
КР ТИМ башчысы ШКУнун саммитинде бир нече маселе көтөрдү
21:09
Нарында согуш ардагерлерине президенттин атынан 100 миң сомдон берилди
21:06
Венгрия-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси УКМКнын абагына киргизилди
21:02
Россия Судандан алты кыргызстандыкты эвакуациялады
20:57
КР жарандары долбоорлорун Санкт-Петербургда көрсөтө алат. Катышуу акысыз
20:36
Узакка созулган COVID-19 эмнеси менен кооптуу? Адистердин жообу
13:57
Россия Судандан өзүнүн жана КМШ өлкөлөрүнүн жарандарын алып чыгууда
13:55
Дарыгер тузду ашыкча колдонуунун кесепетин айтты
14:17
Германиядагы кыргыз диаспорасына жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо көрсөтүү маселеси талкууланды
14:16
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан т/ж ТЭН даяр болуп, болжолдуу чыгымдар аныкталды
14:15
Кыргызстан менен Сауд Аравия футбол жаатында кызматташат. Документке кол коюлду
14:12
Бөлтүрүк жана башка кармалгандар мамлекетке 844,5 млн. сом төктү
16:55
Кыргызстандык спортчу Хайитхон Хусан кызы пара дзюдо боюнча Азия чемпиону болду
15:10
Эрдоган кыргызстандык куткаруучу менен элчиге жогорку сыйлык тапшырды
23:04
Бокс боюнча Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 13 спортчу катышат. Тизме
23:03
Рак оорусунан айыктырууну убадалап акча алган. Шектүү катары Пакистан жараны кармалды
15:06
Екатеринбургда жоголгон кыргызстандык бала аман-эсен табылды
15:06
Азабын тартпайм десеңиз... Жаратылышта эс алуунун төрт эрежеси
18:13
Быйыл Германия Кыргызстандан 50 студентти окутууга кабыл алат
18:06
Екатеринбургда кыргызстандык бала жоголуп кетти
15:49
Суданда жүргөн кыргызстандыктардын саны белгилүү болду
20:57
Футбол: Чемпиондор лигасынын жарым финалга чыккан командалар белгилүү болду
20:54
ТИМ кыргызстандыктарды куралдуу кагылыш жүрүп жаткан Судан өлкөсүнө барбай турууга чакырды
16:42
Байге фонду $5,2 млн. Кыргызстандык спортчулар бокс боюнча дүйнө чемпионатына катышат
16:30
Москвада Евразия экономикалык форуму өтөт. Кантип катышса болот
Бардык кабарлар

Бишкекте шаар куруудагы чаржайыт пландан казына 20 млн. сом зыян тарткан

На злобу дня
212
0

Учурда бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Бишкек шаардык прокуратурасы Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура институтунун, шаардык мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын, ошондой эле "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан одоно мыйзам бузулгандыгын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Аталган мекемелердин кызмат адамдары мамлекеттин кызыкчылыгына каршы ченемдик-укуктук актылардын талаптарын бузуп, баш калаанын борбордук бөлүгүн пландаштыруу долбоорун иштеп чыгууда тиешелүү шарттарды аткарбастан, аны бекитүү үчүн Бишкек шаардык кеңешине сунушташкан. Анын кесепетинен функционалдык курулуш зоналары боюнча туура эмес долбоордук чечимдер кабыл алынып, бак-дарактар үчүн бөлүнгөн жашыл тилкелерди пайдалануучулардын жана айрым объектилердин ээлеринин укуктары бузулган.

Мындан сырткары, Шаар куруу жана жер титирөөгө туруктуу курулуш мамлекеттик илим-изилдөө долбоорлоо институту, Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматы жана "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы тарабынан топографиялык иш кагаздардын туура эмес даярдалганы анык болгон. Мунун натыйжасында курулган имараттардын координатташтырылган бурчтарынан айырмачылыктар табылган.

 

Жогорудагы мыйзам бузууларга карабастан, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилери 22 111 563 сомго талапка жооп бербеген иштерди кабыл алып, натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20210507/1052413491/bishkek-shaar-kuruu-charzhayyt-plan-20-mln-som-zyyan.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно