Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасында күрөш боюнча мелдештин күмүш медалын тагынды.

Тыныбекова 62 килограмм салмакта мелдештин 1/8 финалында латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде уткан.

Чейрек финалда кыргызстандык спортчу румыниялык Криста Инценин далысын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздаган.

Жарым финалда Тыныбекова украиналык Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде утуп, финалга чыккан. Ал эми финалдык беттеште Айсулуу Тыныбекова япониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилип калып, Олимпиада оюндарынын күмүш медалын тагынды.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль багындырды. Ошондой эле Мээрим Жуманазарова коло байге утту.

http://kg.kabar.kg/news/tokio-2020-aisuluu-tynybekova-olimpiada-oiundarynda-k-m-sh-medal-uttu/