Макрондун Евробиримдик менен НАТОго анча жакын эмес Ле Пенди жеңип чыкканына Франциянын өнөктөштөрү ыраазы болушту.

Италиянын премьер-министри Марио Драги шайлоонун жыйынтыгын "бүт Европа үчүн эң сонун жаңылык” десе, Германиянын канцлери Олаф Шольц "Европада ишеним көрсөткөн добуш” деп атады, Испаниянын премьер-министри Педро Санчес "француздар эркин, күчтүү жана адилеттүү Евробиримдикти колдоду” деп айтты.

АКШнын президенти Жо Байден Францияны "биздин эң эски союздашыбыз жана негизги өнөктөшүбүз” деп атап, Франция менен тыгыз кызматташууну улантууга, анын ичинде "Украинаны колдоо жана демократияны коргоого” даяр экенин кошумчалады.

https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/cl54q51051eo