Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

“Ак жүрөк” кризистик борбору зомбулукка дуушар болгондорго жардам берет

На злобу дня
3 176
0

“Ак жүрөк” кризистик борбору зомбулукка дуушар болгондорго жардам берет

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай тим болушу жана жасалган жорук-жосундардын жазасыз кала бериши мыйзам ченемдүү түрдө чоң кылмыштарды жасоого алып келип, үйдө ээнбаштанган зөөкүрлөрдүн киши өлтүрүшүнө түрткү болот.

 

Үй-бүлөдөгү тиричиликтен улам келип чыккан жаңжалдын негизинде киши өлтүрүү жана денесине оор жаракат келтирүү катталган бардык кылмыштардын ичинен ашык-кеми жок 15 пайыздан 20 пайызга чейин түзө тургандыгын кылмыш жаза боюнча берилген статистика айгинелеп турат. Үй-бүлөдөгү зомбулуктун жогору экендигин аялдарга жардам көрсөтүүчү социалдык “Сезим”, “Шанс”, “Үмүт”, “Ак жүрөк” кризистик борборлоруна кайрылып жаткан аялдардын саны арбып бара жаткандыгынан билүүгө боло тургандыгын адистер айтып келе жатышат.

Ош шаарында үй-бүлөдөн зордук-зомбулукка учураган аялдарга, балдарга жардам бере турган “Ак жүрөк” кризистик борбору бар. Бул борбордун жетекчиси Дарика Асилбекова эженин айтымына караганда, борборго Кыргызстандын түштүгү боюнча үй-бүлөдөн зордукомбулукка дуушар болгон аялдар кайрылышат. Бул борборго кайрылгандардын купуялыгы сакталат. Аялдар, балдар арасында болуп жаткан көйгөйлөрдү азайтабыз деп жаткан менен бул проблема акыркы мезгилде күндөн-күнгө көбөйүп бара жатат. Борборго негизинен Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынан анонимдүүлүк, купуялык сакталган үчүн кайрылышат.

- Биз 2002-жылы уюшулганбыз. Атайын 4-59-76 деген түз телефон иштейт. Телефон аркылуу психологиялык, юридикалык, реабилитациялык иштерди алып барабыз. Борборго 2012-15 жылдар аралыгында бир гана аялдар эмес, эркектер, балдар, жашы улгайган адамдар кайрылды. Социалдык коргоо министрлиги колдоого алып, борбордо реабилитациялык канал, психолог иштейт. Кризистик борбордо убактылуу жашай турган жашыруун жай (убежище) бар. Бул 12 орундуу жайды көпчүлүк эле биле беришпейт, түштүктө бирөө гана. 2009-жылы кризистик борбордун алдында ачылган. Ош облустук мамлекеттик администрациясы менен 2020-жылга чейин меморандум түзүп, алар имаратты бекер, коммуналдык төлөмдөрү жок беришти. Убактылуу жашай турган жашыруун жайга келген аялдар ушунчалык басымга дуушар болуп, депрессияга туш болгон абалда келишет. Алардын үй-бүлөсү менен сүйлөшүүлөр жүрүп, соттук процесстер болуп жатканда өздөрүн алаксытып, тигүү машина менен көбүнчө колго кийимдерди тигишет. Борбордо 12 күндөн 18 күнгө чейин жашоого болот. Кээде соттук териштирүүлөр 3-4 айлап созулуп кетет. Ошол мезгилде да жолун издейбиз. Жакын туугандарына барып, соттук процесстерге катыша беришет. Бирөө бара турган жери жок 1 жыл 7 ай жашоого туура келди. Ал жетим кыз, бара турган жери жок болчу. Кайсы райондон, же шаардан келсе жергиликтүү бийлик менен байланышып, соцкызматкерлер менен чогуу сүйлөшүп жатып, маселени оң жагына чечип, чоң энесине кызды өткөрүп бердик, - дейт Д.Асилбекова.

Дарика Асилбекованын сөзүнө караганда, “Ак жүрөк” кризистик борборунда 9 ай жашаган 17 жаштагы кызды өзүнүн ата-энеси никеси жок төрөп койгон үчүн кабыл алуудан баш тартып коюшкан. Кризистик борбор кызды ата-энесине кайтаруу үчүн айыл өкмөттү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн ортого салып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышып, абдан конфликттерден кийин гана кызды үй-бүлөсүнө кошкон. Кызды апасына жүктөп, өткөрүп беришкен. Азыр ал кыз Москвада иштеп жатат. Убежищенин бардык шарты түзүлгөн.

“Кризистик борбордогу убактылуу жашай турган жашыруун жайга биринчи жолу 2009-жылы 20-июнда А. Абдурасулова Бишкектен таластык бир кызды жөнөткөн. Ошондон бери ушул аралыкта 307 аял, 116 баланы кабыл алдык. Биз бул аялдардын ар бирине контракт түзүп, карточка ачып, кандай иштерди жасаганыбызды жазабыз. Көпчүлүгү 7 жашка чейинки балдар. Эне жабыр тарткан жерде бала да жабыр тартып жатат. Тамга тааныбаган балдарга соцкызматкердин жардамы менен билим беребиз. Жактоочу ар бир аялдын тагдыры үчүн иш алып барат”, - деди Д.Асилбекова.

Эженин айтымында, азыркы учурда колунда бар эле эркек аялын уруп-токмоктоп жаткан учурлар кездешип жатат. Ал эркек акчасын өзү бекитип коюп, аялын алып койдуң деп уруп-токмоктойт. Анын максаты жаш аял алыш керек экен. Жакын туугандары да бул аялыңды күң кылып кой, балдарын багып, ишин кылып жүрө берсин, өзүң болсо жаш аялың менен жашай бер дешет экен. Муну сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Бул келин эки жолу өзүн-өзү өлтүрүүгө барган. Күйөөсү телефондон ар кандай уят сөздөр менен сөгөт. Ортодо үч баласы бар. Ал келинди кайда жайгаштырарын билбей, көп кыйналган.

“Дагы бир колунда бар эркектин төртүнчү жаш аялы борбордо жашап жатат. Анын күйөөсү алдап алып кетип, колуна 20 миң сомду берип, кайра эле колундагы таягы сынгыча токмоктоп, буту колун сындырып уруп, канжалатып салган. Мунун баары эркектердин көпкөндүгү болуп жатат. Акыркы мезгилде мен эмне кылаарымды билбей, аябай таасирленип кыйналып жатам. Жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштешип, маселени чечүүгө аракет кылып жатабыз. Кыйынчылыкта жүргөн келиндер майып балдарды төрөп жатат. Аны күйөөсү энеден көрөт. Майып баланы багуу эне үчүн азап экенин айтпай эле койсом болот”, -деп кайгырат Дарика эже.

 

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ БОЮНЧА 405 АТУУЛ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУККА ДУУШАР БОЛГОН

“Ак жүрөк” кризистик борбору зомбулукка дуушар болгондорго жардам беретЖалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын алты айында облус боюнча 405 атуул үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгон. Алардын ичинен 398 эркекке, 7 аялга убактылуу коргоо ордерлери берилген. Ошондой эле, расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда үй-бүлөлүк жана балдар зомбулугу өсүүдө. 2015-жылы балдарга каршы жасалган 1019 кылмыш катталган, алардын 182си сексуалдык мүнөздө болуп, 74 бала зомбулукка кабылган.

Ал эми Жалал-Абад облустук прокуратурасынан алынган маалыматка караганда, 2016-жылдын 1-жарым жылында үй-бүлөнү, энеликти, аталыкты жана балалыкты коргоо жөнүндө мыйзамдардын, анын ичинде үй-бүлөлүк зордук зомбулукка каршы мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча облустун прокуратура органдары тарабынан жалпысынан 18 текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы менен 2 каршылык билдирүү, мыйзамдардын бузулушун четтетүү жөнүндө 12 сунуш, 5 талап келтирилип, келтирилген прокурордук чара көрүү актыларын кароонун жыйынтыгы менен 23 кызмат адамы тартиптик жазага кириптер болгон.

Мындан сырткары, эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жалпысы болуп 17 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен мыйзамдын бузулушун четтетүү жөнүндө 16 сунуш, 5 талап келтирилип, мыйзамды бузууга жол берилбестик жөнүндө 1 кызмат адамы эскертилген. Келтирилген прокурордук чара көрүү актыларын кароонун жыйынтыгы менен 10 кызмат адамы тартиптик жазага кириптер болгон.

Ошону менен бирге, Жалал-Абад облусунун прокуратура органдары тарабынан мезгил-мезгили менен үй-бүлөнү, балалыкты коргоо маселеси боюнча жолугушуулар, окуу жайларында семинарлар өткөрүлүүдө.

 

“КАНИЕТ” КРИЗИСТИК БОРБОРУ ЭМНЕГЕ МУРДАГЫДАЙ ИШТЕБЕЙ КАЛДЫ?

Жалал-Абад шаарында “Каниет” кризистик борбору иштеп, үй-бүлөдөн жабыр тарткан аялдарга ар тараптуу жардам берип келишкен. Бирок, эмнегедир акыркы 5 жыл аралыгында бул борбордун эмне иш жасап жатканы эч кимге белгисиз болуп калды. Үй-бүлөдөн жабыр тарткан аялдар кайда барып жардам сурарын да билишпейт. Айрымдары Ошко “Ак жүрөк” кризистик борборуна барып, жардам алып келишип жатканын аталган борбордун жетекчиси Д.Асилбекова билдирди.

Ал эми шаардык мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулованын берген маалыматына караганда, “Каниет” кризистик борбору үчүн муниципалдык имараттан эки бөлмө бөлүнүп берилген. Алар өкмөттүк эмес уюм болгондуктан, текшерүүгө алып, отчётун угуша элек. Бирок, жакында шаардык “Боорукердик” борборунун алдында муниципалдык кризистик борбор ачуу боюнча Жобосу жазылып, шаардык кенештин сессиясына сунушталган. Депутаттар штаттык бирдиктери кыскартылсын деп кайра кайтарып беришкен.

“Жогорку инстанциялардан бизге зордукзомбулукка кабылган балдар үчүн кризистик борбор ачуу боюнча токтомдор келген. Бизде 2 учур болгон, 6 жашка чейинки эки бир тууганды жана 9 айлык кызды таштап кеткен. Аларды кайда жиберерибизди билбей, социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери өздөрүнүн үйүндө багышкан. Муниципалдык кризистик борбордун Жобосу иштелип чыгып, сметасы бекитилип, экинчи жолу шаардык кеңешке сунушталды”, - дейт Г.Базаркулова.

Шаардагы аймактык башкармалыктарда аксакалдар соттору менен аялдар кеңештери иштеп, үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгондордун маселесин жеринде карап келе жатышкандыктары боюнча маалыматтарды беришти. Көбүнчө шаарда коңшулар
арасында чыр-чатактар көп катталат экен. Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча көп кайрылуу болбогондуктан, мындай маселелер жокко эсе экендигин Спутник аймактык башкармалыгынын аксакалдар сотунун төрагасы Абдрашит Кадыров менен аялдар кеңешинин төрайымы Зийнат Алпамышова билдирди.

Чындыгында, “Каниет” кризистик борборунун жетекчиси Мимоза Нуракова менен телефон аркылуу байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду. Жолдошу Адыкулов Маданбектен сурасак, иш сапар менен Аксы, Ала-Бука райондорунда жүргөндүгүн билдирди. Кризистик борбор иштеп жатат деп айтканы менен эшигин желе басып, кире бериш жерин куураган дарактын жалбырактары каптап, көптөн бери адам буту баспагандыгы көрүнүп турат. Бейөкмөт уюмбуз деп эле, таптакыр ишти таштап койгондун өзү жабыр тарткан аялдардын тагдырына кайдыгер мамиле жасап жатканын айтпаса да айгинелеп турат.

Жалал-Абад облусунда жалпы 1698 мүчөдөн турган 83 коомдук алдын алуу борборлору иштейт. Облуста 140 аксакалдар соттору, 779 мүчөлөрү, 92 аялдар кеңеши анын 404 мүчөлөрү, 86 жаштар кеңештери, 431 мүчөсү бар. Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөдөгү зомбулуктан укуктук коргоо жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарына ылайык, жер-жерлерде үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгондор жергиликтүү бийликке, милиция органдарына, прокуратура органдарына кайрылып келишет. Бул 10 пайызга жетпеши да мүмкүн. Ал эми кайрылбагандар мындан да көп болушу ыктымал. Ошол себептен, аялдардын укуктук билимин өркүндөтүү менен өз укугун коргоо үчүн коомчулуктун да аракеттери активдүү болушу керек.

Анархан ЖАҢЫБАЕВА,
Жалал-Абад шаары.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно