Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:58
Катар-2022: Аргентина 1/8 финалга чыкты
22:56
ЖК: Мыйзамдар жана регламент комитетинин төрайымы болуп Чолпон Султанбекова шайланды
07:28
Кыргызстанда Венгриянын маалымат жана маданий борбору ачылышы мүмкүн
07:26
Сөздөн ишке карай... Кыргызстанга Сауд Аравиядан инвестиция тартууну өнүктүрүү
07:24
Акылбек Жапаров Япониянын Улуттук банкынын төрагасы менен кызматташтыкты талкуулады
04:53
Оштун жаңы мэри жамаатка тааныштырылды
04:33
Бишкек: Бейтапканалар дем алышта да иштей баштады
04:26
"Тешилбеген жер калбады". Терек-Сайдын кейиштүү экологиясы
04:24
Бажы: киреше боюнча убада эмнеге орундалбай калды?
19:57
Кол күрөш боюнча спортчулар Азия кубогунда 25 медаль багындырышты
19:55
Элдияр Орозбеков шахмат боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды
07:53
Москвада Кыргызстандын жаңы коомдук борбору ачылды
07:48
Президент Жапаров-Ташиев тандемин сындаган делегат менен өзүнчө жолугат
06:31
Азизбек Мадмаров Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп дайындалды
06:30
Марипов ишин айкалыштыруу менен Кыргызстандын Бахрейн жана Египеттеги элчиси болуп дайындалды
04:40
Жогорку Кеңеште республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору кабыл алынды
04:23
Медициналык 23 окуу жайдын бешөө гана эл аралык каттоодон өткөн
04:20
Жапаров ЖККУда чек ара коопсуздугун камсыздоону сунуштады
04:21
Шакиев баштаган депутаттар Түркия парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты
04:19
Садыр Жапаров Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директорун кабыл алды
04:13
Москвада кыргызстандык таксист киши колдуу болду
04:10
Парламентте “Газпромдун” ишине сын айтылды
06:56
Жапаров Токаевди президенттикке кайра шайланышы менен куттуктады
06:54
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу документтери апрелде даяр болот
04:38
"Тажикстан менен тил табыша баштадык". Камчыбек Ташиев чек ара боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу
05:37
Кыргызстанда Google Pay пайда болду, бирок бул функция азырынча беш гана банкта бар
05:30
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" бекети оңдолууда
05:28
Композитор Муратбек Бегалиев Франциянын ордени менен сыйланды
19:52
БУУ Кыргызстанга жакырчылыктан чыгуусуна 105 млн. доллар бөлөт
19:49
Ишкер аялдар күнү: Кыргызстан Араб Эмираттарынан эмнени үйрөнө алат?
17:52
17-20-ноябрь күндөрү Кадамжайдагы айрым айылдарда электр жарыгы өчүрүлөт
17:26
Доллардын өсүшү. Улуттук банк валюта рыногуна 55,2 млн. доллар сатты
17:24
Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо сунушу жыл соңуна чейин берилерин айтты
17:15
Садыр Жапаров: "Эң туура жол менен баратабыз"
08:09
18 жаштагы Айнура Ирисалиева үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголду
08:07
Үйгө кирип барып, бешилик менен өлтүргөн: Тайгандын Таш-Көмүрдөгү өлүмү
07:58
Жалал-Абад шаардык кеңешине 3 жаңы депутат келди. Алар кимдер?
07:49
Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата жумалык өтөт
07:45
Дүйнөнүн калкы 8 миллиард кишиге жетти
07:40
Элдик курултайга кимдер келатат, алар эмне маселе көтөрөт?
06:56
УКМК: Аткезчиликтен алынган 2 миллиондон ашык доллар бюджетке берилди
06:45
Кыргызстанда акыркы жумада коронавирустун 19 жаңы учуру катталды
06:43
Кыргызстанда инфляция 15,4%га жетти - ЕӨБ
06:41
Аскер бөлүктөрүнүн бириндеги курулушта мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтирилген
06:39
Баткенде аткезчилик товар ташыган унаа конфискацияланды
Бардык кабарлар

Осмонакун Ибраимов: ЭГЕМЕНДИКТИН БАРКЫН СЕЗЕ ЭЛЕКПИЗ

На злобу дня
608
0
Осмонакун Ибраимов:  ЭГЕМЕНДИКТИН БАРКЫН СЕЗЕ ЭЛЕКПИЗ

Совет доорунун белгилүү композитору Давид Тухмановдун "Жеңиш күнү” ("День Победы”) деген майрам сайын жаңырган ырында "Бул майрамда ачуу жаштын даамы бар, бул майрамда аккан кандын тагы бар” деген сөзү көп кайталанат.

Чынында да 9-май ошондой өзгөчө майрам эмеспи. Көз жаш менен маңдай тер жыттанган, сүйүнүчү да, күйүнүчү да бар улуу күн. Сыягы, ошон үчүн 9-майдын баркы өтө чоң. Ошон үчүн ал күнү кары дебей, жаш дебей, эл жапырт көчөгө чыгат, майрамдайт, бул күн чынында да улуу күн экенин ар бир жаран акылы менен да, жүрөгү менен да сезет. Албетте, бийлик да болгон аракетин жасайт.

Ал эми 31-августчу? Биз ушул майрамдын чындап баркына жетип, анын маанисин, ар бир кыргыз үчүн жүрөк толкута турган улуу күн, керек болсо ыйык күн экенин сездикпи, билдикпи? Азыр Кыргызстанда кызыл календарь деп аталган күндөр көп болуп кетти го, бирок ошолордун арасында 31-август середей болуп шаңданып, майрамдай болуп даңктанып турабы? Менимче, жок.

Бул майрам дале болсо каны-жаныбызга сиңген, акыл-эсибизди дүргүтүп, шаңдана бастырткан, калпагыбызды көккө ыргыта турган майрам боло элек. Ал гана эмес атың өчкөн Курманбек Бакиев 2005, 2006 жана 2007- жылдары аны атайлап белгилетпей, билсе да билмексенге салып койгону баарыбыздын эсибизде. Акылынын жеткени ошол: "бул майрам меники эмес, мурункулардын, Акаевдин майрамы” дегенсип, 31-августта аянтка басып да келбей койгон. Бирок 24-мартта дүңгүрөтүп аскер парадын жасатып, элдин баарын дүрбөткөн.

Атамбаевдин бийлиги да адегенде эгемендик күнүнө ачык эле жонун салып жүрсө да, бирок кийинчерээк чыныгы элдик майрам катары көңүл бура баштады. Өткөн жылы эгемендикке чейрек кылым болду деп бир топ шаңдана тургандай маанай болуп турду эле, бирок, тилекке каршы, майрам күнкүтүлбөгөн жерден саясатташып, чыр жыттанып калган. Аны көргөн эл-журт "бул кандай бирин-бири кекеткен майрам болду” дегендей, аянтта ары-бери басып, айланышып жүрүп, кийин тез эле үйлөрүнө тарап кеткен.

Айтор, дээрлик он жылдан бери бул майрамдын улуулугун даңктаган, маанисин барктап, шаанисин чыгарган жарытылуу иш-аракеттер боло элек. Сепсиз келген кызга окшотуп, эгемендик күнүн чындап төгүлүп-чачылбай, ооз учунда майрамдайбыз. Эмне үчүн? Себеп бирөө эле – баркына жете элекпиз.

Анткени 31-август, башкача айтканда, Улуттук көз карандысыздык күнү бизди бир да убара кылбай, башыбыздан бир кыл чач түшүрбөй, күтүүсүздөн келген конок сыңары ирегебизден аттады да. Башкача айтканда, бир күн да бизди убара кылбай, кан төкмөк түгүл тер төктүрбөй, акыл же күч короттурбай эшигибизди тыкылдатты да. Ошон үчүн бул майрам – бизде ушу күнгө чейин сыпайы майрам, "конок” майрам. Ага анча "ийибей”, тоңдоосун, ат үстүнөн тосконубуздун себеби да ошол. Кудайга шүгүр, канткен менен бул күндүн маанисин түшүнгөн жарандарыбыз улам көбөйүп баратат.

Жок, бул күн чынында да маңдайыбызды жарылтып, шаңдана турган, даңктана турган күнүбүз. Төгүлө турган, чачыла турган күнүбүз. Миңдеген жылдар эңсеген, көксөгөн күнүбүз. Таманыбызды таш тилип, нечен тар жол, тайгак кечүүлөрдөн өтүп, Жусуп Турусбеков айткандай, "шымыбыз жаргак, мурун зардап” жүрүп жеткен ыйык күнүбүз.

Ушул күндү жараткан кыргыз элине жар кылсын, түбөлүк кылсын деп тилейли.

Майрам кут болсун, замандаштар!

 Булак: azattyk.org 


скачать dle 11.0фильмы бесплатно