Бүгүн:

Акыркы кабарлар

10:29
Эки күндүк майрам! Ошто эл аралык жарманке өтөт
10:28
Салтанат Саматованын сөөгү кайда коюлары айтылды
10:27
Аарылар адамдарды жүзүнөн тааный алары аныкталды
10:26
Теле алып баруучу Салтанат Саматова каза болду
10:25
Ага-ини Муртазалиевдер Азия оюндарына барат. Жиу-житсучулардын тизмеси
10:24
Стресс аялдарга караганда эркектердин өмүрүн көп алат. Себеби
10:23
Чүй облустук театры "Тоолор кулаганда" романын сахнага алып чыгат
14:53
Сулайманов: бийликтегилер "жигит" бойдон кала алабы?
14:49
Алайда сел жүрүп тажик жарандары бара жаткан жол тандабас агып кетти. Видео
14:46
"Америка, кайыр кош! Бизди чөгөлөтө албайсың!". Эрдогандын билдирүүсү
14:45
Жээнбеков Кыргызстан алакасын жакшырта турган өлкөлөрдү атады
14:44
Азаматтар! КР кикбоксчулары Борбор Азия чемпионатынан алтын кур тагынышты
14:43
ЖК төрагасы депутаттардын кол тийбестигин калтырууну өтүндү. Жээнбековдун жообу
14:42
Оңолбек Каныбек уулу туу көтөрөт. Азия оюндарында ат салышчу волейболчулар
14:41
Бостериде көлгө чөгүп каза болгон 25 жаштагы кыздын сөөгү табылды
14:41
WhatsApp атайын кызматка колдонуучулардын маалыматын берүүгө мажбур болду
14:40
Жээнбеков жаңы стратегиянын Атамбаевдикинен эмне артыкчылыгы бар экенин айтты
14:39
КРде браконьерчилик, зыяндуу курт-кумурска менен күрөшкөн 8 дрон пайда болот
14:38
Жүрөк "шуу" дейт экен! Мотоциклчен киши аз жерден калган видео
09:32
Кыргыз режиссерлорунун жакында тартуулай турган тасмалары.
14:26
Бишкекте унаа мамыны сүзүп, эки каттамдын троллейбустары ишин токтотту
14:22
Чүйдө ГЭС-5 суусуна чөгүп кеткен кишинин сөөгү табылды
14:10
Бишкекте күйгөн эт комбинатын кантип өчүрүп жатышат.
09:38
Бишкек мэриясынын алдында митинг болуп жатат
09:13
Окумуштуулар: узак уктоо ден соолукка зыян
15:04
Амансызбы, бурадар? Өлкөдө: 10.15. "Балам, кымыз ичип кет". Билем анын кандай экенин
15:01
Балыкчыда топтошкон балдар милицияга карата ок атышты
15:00
Арманым аттын башындай! Прокуратуранын WhatsApp номерине үч миң киши арызданды
14:55
Юстиция министри кызматынан бошотулду
14:51
Чүй облусунда жоголгон таксисттин сөөгү талаадан табылды
14:49
Чемпион болуп келгиле! Жээнбеков Азия оюндарына жол тарткан спортчуларды узатты.
16:29
Кызыл-Кыяда туруктуу турак жайы жок үй-бүлөлөргө 25 батирлүү үй курулуп жатат
16:24
Жаштардын демилгеси: Кара-Кечүү айылында 600 орундуу мечит жана волейбол аянтчасы курулууда
14:24
Өзбекстан эми той-аштарга ылайыктуу ырлардын тизмесин түзмөй болду © Sputnik / Евгений Одиноков АЗИЯ
14:20
Ташкентте Кайгуул-күзөт кызматынын башчысын иш бөлмөсүнөн бычактап кетишти
14:17
Таластын Казактан менен чектешкен тоосунда кайрадан өрт тутанып кетти
14:15
Аламүдүн РИИБин жетектей турган Талантбек Асаналиев деген ким?
14:09
Ысык-Көлдө эс алып жаткан Казакстандын жараны жүрөгү кармап каза болду
14:04
Карегин агыза сайган күйөөсүн кечирген аял. Июлдагы 8 криминалдык окуя
14:02
Миграция кызматы: РФтеги мигранттарга 36 млн. рублден ашык акчасын өндүрүп бердик
11:15
Кадамжайдын Миң-Чынар айылында тигүү цехи ачылып, 8 адам жумуш менен камсыз болду
11:11
Баткенде эне сүтүн даңазалаган акция флешмоб жана жөө жүрүш менен коштолду
11:07
Баткен районунда жарым жылда сүйүнчү пул алууга 993 адам катталды, - ЖААК
11:00
Баткендин Бужум айылында заманбап спорт зал курулуп жатат
10:54
Баткендин Көк-Таш айылында курулуп жаткан насостук станция 70 гектар жерди суу менен камсыздайт
Бардык кабарлар

Р.Жээнбеков: Д.Жумабековдун спикерликке келишинен парламентаризм өнүкпөйт

На злобу дня / Интервью
403
0

Р.Жээнбеков: Д.Жумабековдун спикерликке келишинен парламентаризм өнүкпөйтЧыныбай Турсунбеков 25-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан кетти. Ал муну өлкөдөгү саясий кырдаал менен байланыштырып, бирок саясаттагы ишин улантаарын айтты. Турсунбековдун кызмат тапшырышын парламенттеги айрым депуттатар Социал-демократтар партиясынын ички маселесине байланыштырса, КСДП жетекчиси спикердин кызматтан чегинүүсү партиянын ишине тиешеси жок деп жатат.

Ал ортодо Жогорку Кеңеш коалициялык көпчүлүк талапкерлигин көрсөткөн Дастан Жумабековду парламент төрагасы кылып шайлады. 40 жаштагы депутат Д.Жумабековдун талапкерлигин эл өкүлдөрүнүн 80ни колдоду. Жаңы спикер жана анын ишмердүүлүгү тууралуу Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбеков менен "Күн чекит” программасында маектештик.

Жогорку Кеңештин спикерин алмаштырууга кандай карайсыз? Дастан Жумабековдун келишиши көпчүлүк үчүн күтүүсүз кабыл алынып жатат. Бул персона жөнүндө оюңуз кандай?

Кыргызстанда парламент – тиши жок, алсыз парламент. Ошондуктан парламент менен президент же болбосо жалпы бийлик эмне кааласа ошону жасай берсе болот. Жогорку Кеңеш өлкөдөгү эң маанилүү окуялар тууралуу эч убакта өзүнүн позициясын ачык, коркпостон айта алган эмес. Парламентти бүгүнкү күндө "чөнтөк” парламент деп айтса болот.

Дастан Жумабековдун спикерликке келиши деле ачылыш эмес. Буга чейин айтып кеткендей, парламент президенттин айтканынан чыкпагандан кийин ал жерге каалаган адамын алып келип же кетиргенге мүмкүнчүлүгү бар.

Жеке Дастан мырзанын өзү тууралуу айта турган болсок, ал адам катары, депутат катары, чынында жакшы депутат, жакшы жигит болуп эсептелет. Ал эми саясатчы, өз көз карашын коргой алган төрага катарында өзүн кандай көрсөтө алат, бул убакытка байланыштуу.

Ошентсе да жаңы спикер парламентаризмдин өнүгүшүнө канчалык салым кошо алат, тең салмактуулукту сактай алабы?

Эгерде парламенттин кайсы бир төрагасы президенттин айтканын аткарбай турган болсо, андай төраганы кызматтан алып салуу ашып кетсе, бир күндүк жумуш. Бир күн ичинде көпчүлүк мактап алып келген төраганы кайра жамандап кызматтан алып сала алат. Ошол себептен Дастан Жумабеков, төрага катары кандайдыр бир балансты сактоого, парламентаризмди өнүктүрүүгө чоң салым кошот деп айта албайм. Мурунку төрагалардай эле, президенттин командасындагы, анын айтканын аткарган төрага болот.

Негизи спикерликке келген киши саясатчы болушу керекпи? Спикерлик орун — бул кандай орун?

Дүйнөлүк практикада спикерлердин орду аябай маанилүү. Ошол эле учурда, дүйнөдө деле парламенттик мамлекеттерде көпчүлүк коалициясы өздөрүнүн төрагасын коет, премьер-министр деле бийликтин партиясынан болот. Адатта, президенттик башкаруудагы мамлекет болсо, спикерлер деле ошол партиядан, же болбосо пикирлештеринен шайланат. Бирок Кыргызстанда болгондой спикерлер президенттин айтканынан чыкпай, күнкор болуп калган учурлар аз, же жокко эсе. Бул биздеги гана өзгөчө учур деп айта алам.

Мисалы, мурунку президент Бакиев деле, Акаев деле парламенттин башына өзүнө жагымдуу, айткан сөзүнө каршы чыкпаган спикерлерди алып келишчү. Атамбаев да ушундай жолду улантып жатат.

Парламент жөнүндө сөз кылып жатканда кабыл алынып жаткан мыйзамдар тууралуу да айтуу керек. Эксперттер чөйрөсүндө парламентте кабыл алынган мыйзамдардын сапаты жөнүндө көп сындар айтылат, мыйзамдардын иштебей жатканынын негизги себеби эмнеде?

Кыргызстанда жашаган калктын азабы, мыйзамдын жоктугунан эмес. Кабыл алынып жаткан мыйзамдардын арасында сапаттуусу да сапатсызы да бар. Бирок маселе, алардын иштебей жаткандыгында турат. Эгерде кабыл алынган мыйзамдар иштебей турган болсо, өлкөдө коррупцияга малынгандар көбөйүп, мамлекеттин абалы күндөн-күнгө оорлой берет.

Бизде мыйзамдан да жогору турган президенттик бийлик бар, президенттик бийликтин жанында мыйзам да, мамлекеттик маанидеги институттар да иштебей калат.  Ошондуктан Кыргызстанда кабыл алынган жакшы мыйзамдарды да иштетүү өтө кыйын.

Жакынкы убактарда парламентаризм өнүгөт деп мен айта албайм. Анткени, кайрадан эле бийлик президенттик институтка токтолуп калды. Президенттик бийлик азайганда гана парламенттин ролу, парламентаризм күчөйт.


скачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик