DataLife Engine > На злобу дня > Бишкекте батирден өрт чыгып, эки милиционер адамдарды куткарып калды

Бишкекте батирден өрт чыгып, эки милиционер адамдарды куткарып калды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынын Ислам Абдурахманов менен Мыктыбек Мурзабеков аттуу кызматкерлери өрт чыккан батирдин ичиндеги адамдарды куткарып калды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден маалымдашты.

Участковый инспектор милиции ГОМ-3 УВД Октябрьского района Бишкека Ислам Абдурахманов
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ГУВД БИШКЕКА
Участковый инспектор милиции ГОМ-3 УВД Октябрьского района Бишкека Ислам Абдурахманов

Эки кызматкер түтүн каптаган подъездге кирип, экинчи кабаттагы өрт чыккан батирдин ичинен жети жаштагы кызды сыртка алып чыгышкан.

Участковый инспектор милиции ГОМ-4 УВД Октябрьского района Мыктыбек Мурзабеков
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ГУВД БИШКЕКА
Участковый инспектор милиции ГОМ-4 УВД Октябрьского района Мыктыбек Мурзабеков

"Коңшу батирлердин ичинде балдар болгон. Милиция кызматкерлери аларды дагы сыртка чыгарган. Укук коргоочу Мыктыбек Мурзабеков башка батирге кирип барганда иске ууланып калган аялды көрүп, куткарып калууга үлгүргөн. Милиционерлер коңшу батирлердеги адамдарды эвакуациялап өрт өчүрүүчүлөрдү күткөн", — деп айтылат маалыматта.

Үйдүн тургундары милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдиришти.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20190129/1043096440/bishkek-ort-miliciya-kutkaruu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад