DataLife Engine > На злобу дня > Бишкекте ээси менен бараткан ит көчөдөгү аял менен балага кол салды. Күбөнүн видеосу

Бишкекте ээси менен бараткан ит көчөдөгү аял менен балага кол салды. Күбөнүн видеосу

Бишкектин чок ортосунда чоң ит окуучу бала менен аялды тиштеп алганын күбөлөр жазышты.

Соцтармакка окуянын видеосу жарыяланды. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя 2-апрелде Абдрахманов менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде болгон.

 

Видеодо көрүнүп тургандай, байланбаган ит окуучулардын тобуна кол салып, бирөөнүн бутунан коё бербей тиштеген. Жаныбардын ээси аны байлаган жиби менен сабаган, бирок майнап чыккан эмес.

 

Баланын иттен бошонуусуна көчөдөн өтүп бараткандар жардам берген. Андан кийин жаныбар ошол жерде окуучуга жардам берип жүргөн аялга кол салган.

Ээси аны чапкылап жатып акыры ит ары басып кеткен. Ошону менен видео бүтөт. Милиция окуя териштирилип жатканын билдирди.

Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20210403/1051989202/bishkek-it-okuuchu-video.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад