DataLife Engine > На злобу дня / Экономика > Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСи үчүн Нарын дарыясына көпүрө салууну тапшырды

Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСи үчүн Нарын дарыясына көпүрө салууну тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Камбар-Ата ГЭС-1 жана ГЭС-2 каскадына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, Жапаров учурда иш сапары менен Жалал-Абад облусунда жүрөт.
 
"Министрлер кабинетинин башчысы станциялардагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү үчүн жер үстүндөгү агып өтүүчү жайдын курулушун баштоону тапшырды. Ошондой эле ал Камбар-Ата-1 ГЭСине даярдык көрүү үчүн ага барчу жолду жана Нарын дарыясына көпүрө куруу тапшырмасын берди", — деп айтылат билдирмеде.
Жапаров Камбар-Ата-2 ГЭС аймагындагы №2 транспорттук тоннелдин курулушун аяктоо керектигин айтып, электр линияларын тартуу жана куруучулар үчүн турак жай шаарчасын салуу маанилүү экенин белгилеген.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
 
 

https://sputnik.kg/20220319/kambar-ata-gehs-akylbek-zhaparov-1062970641.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад