DataLife Engine > На злобу дня / Спорт > Садыр Жапаров футбол мелдешинен уткан 1 млн. сомду жетим балдар мектебине берди

Садыр Жапаров футбол мелдешинен уткан 1 млн. сомду жетим балдар мектебине берди

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан жетим балдардын Мырза-Аке жатак мектебине 1 миллион сом тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Бул каражат "Мурас" достук мелдешинде президенттин администрациясынын командасы утуп алган акча экени айтылды. Белгилей кетсек, 4-5-майда Бишкекте өткөн футболдук турнирди президенттин администрациясынын командасы уткан. Анда президент турнирдин байге фонду кайрымдуулукка багытталарын билдирген.
Жатак мектептин имараты 1988-жылы 200 орунга ылайыкташып курулганы айтылды. Азыркы учурда жатак мектепте 181 тарбиялануучу билим алууда.
 
https://sputnik.kg/20220514/sadyr-zhaparov-futbol-zhetim-1064405584.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад