DataLife Engine > На злобу дня > Epic Games компаниясынын өкүлү КРнын Жогорку технологиялар паркы менен таанышты

Epic Games компаниясынын өкүлү КРнын Жогорку технологиялар паркы менен таанышты

4-августта Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП) директору Чубак Темиров Epic Games компаниясынын коммьюнити менеджери Андрей Дронин менен жолукканын парктын маалымат кызматы билдирди.

«Биз өз ара байланыштарыбызды жемиштүү талкууладык, паркты көрсөттүк, эми Андрейдин жардамы менен Кыргызстанга көбүрөөк релоканттарды, анын ичинде GameDev компанияларын тартабыз деген ишеничтебиз», — деди Темиров.

Epic Games — видео оюндар жана программалык камсыздоо менен алектенген америкалык компания. Башкы кеңсеси Түндүк Каролина штатынын Кэри шаарында жайгашкан. Компания Gears of War, Unreal Tournament жана Fortnite оюндар сериялары, ошондой эле Unreal Engine оюн кыймылдаткычтарынын жаратуучусу катары белгилүү. Компаниянын Кореяда, Шанхайда, Японияда өзүнүн студиялары бар.

Компаниянын өздүк капиталы — 9 млрд долларды, ал эми таза кирешеси — 3 млрд долларды түзөт.

https://economist.kg/kyrgyzcha/2022/08/10/epic-games-kompaniyasynyn-k-l-krnyn-zhogorku-tehnologiyalar-parky-menen-taanyshty/
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад