Сары-Челекте Кыргызстандын кызыл китебине кирген бугуну атууга шектелип жаткан адамдардын ок атуучу куралы табылганы белгилүү болду. Бул тууралуу облусттук милиция Би-Би-Сиге тастыктады.
Буга чейин корукчулар шектүү 4 киши бугуну союп жатканда үстүнөн чыккан эле. Бирок, алардын жакындары "өлүп жаткан бугуну таап алышыптыр" деген мазмунда ошол жерде кармалган балдардын таламын талашып жатканы сөз болууда. Бугунун атылышы эко-активисттерди түп көтөрүп, кызуу талкууга жем таштады. Алар далилдер жетиштүү экенин айтып, миллондоп айып салып, керек болсо эркинен ажыратууну талап кылышууда.
Бугуну кызыл жаян кылып коруктун аймагында союп жатканда кармаган корукчунун бири - Жекшенбай Бөрүбеков. Ал көзөмөлдөп кыдырып жүргөндө аттардын изин көргөнүн, аны кууп жүрүп олтуруп 4-5 айры мүйүздүү бугуну союп жаткандарды кармап, видеого тарткан. Текшерүү жүргөн учурда корукчунун байкашына караганда, бугунун моюн жана көөдөн тушуна ок тийген экен.
"Бул окуяны көрбөгөн, билбеген киши болуп койбойсуңбү?" деген өтүнүчтөр болгонун, ага карабай кесиптештерин чакырып, тиешелүү документтер толтурулган экен. Корукчу окуя болгон жерди бир канча жолу тинткени менен башында эч кандай курал таба албай коюшканын дагы кошумчалады. Эко-активист Гамал Сооронкулов сөздү дал ушул курал катуу бонча браконьерлердин түрдүү айла-амалдарынан баштады.
"Алардан амал качып кутулбайт. Негизи эле браконьерлердин бир тобу барган сайын тоо-ташка мылтык көтөрбөйүн, бирөнүн көзүнө урунбайын деп мылтыктарын тоо-ташка жаан, кар тийбегендей кылып катып салат. Шекшип турсаң дагы кенедей окту жанына бекем катып, "мен мал издеп кетип баратам, карагат тергени жөнөдүм" деген сыяктуу шумдуктуу жоопторду айтышат. Анан аюу, илбирс атып алган күндө да укмуштуудай актанышат. Бир окуяны билем. Ашынган аңчы илбирс атып колго түшөт. Кийин эмне деп актанды дебейсизби? "Карышкыр элдин малын кырып жатканда мен карышкыр атканы барып, илбирсти бөрү экен деп атып алыптырмын, көрсө илбирс турбайбы" дейт.
Эки жыл мурунку окуяны билсеңер керек, жаңылбасам Кочкор тарапта болсо керек эле. Экологдор браконьерди кармайт. Ал атынан түшпөй керек болсо атып салам деп коркутат. Болбой аны менен алышып атып, кыскасы ал иш сотко жетет. Жазасын алсын деп экологдорубуз да сотко катышат. Сотто болбогон бир чара менен бошоп кеткен экен. Ал чыгып баратып, мыскылдап, шылдындап "канакей, колуңардан эмне келди?" деп басып кетиптир. Ошону кармап, аны менен алышып, атып салам десе болбой күрөшүп жаткан экологдор кандай абалда калды?
"Сары-Челекте бугу атылыптыр дегенде ушундай катуу чочудум, ишенбей жаттым. Байкуш канга боюлуп, керилген бугу башы омурулуп, айры-айры болгон мүүзүнөн бери кан чачырап, териси талпак болуп жайылып жатканын көргөндө абдан жаман болдум. Биздин замандын Орозкулдарын көрдүм. Орозкул дагы кенедей Нургазыны каратып коюп, бугунун башын, мүүзүн балталайт эмеспи. Ошол аянычтуу окуядан кийин "Ак кеме" повестиндеги Нургазы кандай жабыр тартты, жүрөгү кандай оорду?
Аягы эмне менен бүттү? Биз кантип ошондон сабак албайбыз? Бугу, марал эптеп көбөйүп, ушул жерлерди биротоло мекендеп, байырлап кетсе экен деп канча мээнет, жылдарыбызды сарптап жатабыз? Булар болсо эми күчкө толуп, эми тукум улай турган бугуларга суук колун салды да. Мыйзам боюнча бугу аткандыгы үчүн алар миллион сом, ошол бугуну биосфералык өзгөчө макамы бар коруктун ичинде атканы үчүн дагы миллион сомун төлөп, беш жылга эркинен ажыратылсын деп катуу талапты коюп жатабыз",- дейт эко-активист Гамал Сооронкулов.
Эко-активист бул окуядан кийин корукка канатташ жашаган жергиликтүүлөр менен кызматташуу, түшүндүрүүнүн дагы башка ыкмалары, экологдордун чоң жыйыны керек деп эсептейт. "Муну башка бир жерден келип бирөө аткан жок да. Дал ошол жердин төрт кулуну кол салды. Тескерисинче жергиликтүү эл башка жаман ойлуулардан бугуну эле эмес, бүтүндөй корукту жапа тырмак коргошу керек эле. Ошондо көзөмөл дагы, көз караш дагы жакшы жагына өзгөрөт",- дейт Гамал Сооронкулов.
Бугунун атылышы кызуу талкууланып, шектүүлөрдүн дарегине ачуу сындар айтылганы менен алардын иши кылдат териштирилеби, аныкталса аёосуз жазасын алышабы деген суроо кабыргасынан турат. "Биз фактыны аныктап, тиешелүү документтерин, далил болчу заттардын баарын толугу менен укук коргоо органдарына өткөрүп бердик. Мындан аркы иш эми толугу менен укук коргоо органдарынын колунда. Кармалгандарга кандай чара көрүү биздин ыйгарым укугубузга кирбейт",- деди аталган коруктун жетекчисинин орун басары Нарынбек Мазенов
Кезинде Кыргызстандын баардык токойлуу жерлерин керилген бугу-марал байырлаган. Бирок, Кытайда анын мүүзү дары экен, эркектердин кубатын көтөрөт деп аёосуз кырганда 40 чамалуу гана бугу-марал киши жете алгыс Нарын тоолорунда сакталып калган. Илимий эмгектерде көрсөтүлгөндөй ошол мезгилде Сибирден тарта Ала-Тоого чейин бугуларга кыргын сала турган аңчылык башталып, жылына миңдеген бугуну кырып турушкан. Кезинде Нарында калган саналуу бугу, марал азыр акырындап саны өсүп жатат.