Ош аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борбору жаңы лаборатория менен камсыз болду. Каражат Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүндү.
Жаңы заманбап аппараттар борбордун тамак-аш коопсуздугун камсыздоочу лабороториясына коюлду, жалпы каражаттын суммасы 120 миллион рубль. Лабораторияга 5 негизги жана 56 көмөкчү аппараттар алынып келинди. Бирок ушул заманбап лаборотория ишке даяр болгонуна бир жыл болсо да кардардын жоктугунан улам, иштебей туруптур. Аталган борбордун директору Ислам Абдумомунов лаборатория тууралуу балким элге маалымат жетпей жатышы мүмкүн.
"Ушунча миллиондук аппарат келди, бирок иштебей турат деген маалымат тараптыр, биздин борбордогу башка лабораториялар мурда кандай иштесе азыр деле ошондой тартипте иштеп жатат. Болгону тамак-аш коопсуздугун аныктоочу лабораториябызга кайрылгандар аз болууда. Азыркы учурда элдер ичип -жеген тамагын өндүрүлгөн күндөн тарта жегенге чейинки абалын текшертүүнү кааласа, биз ошого даярбыз. Кардар жок болгон үчүн балким элге маалымат жетпей жаткандыр, ошон үчүн эл көбүрөөк келсе деген гана маселе бар”.
Заманбап лаборотория 2017- жылы бир жыл аралыгында 790 даана тамак аштын үлгүсүн изилдөөгө алынган, быйылкы жылдын 5 ай аралыгында 304 үлгү келип түшкөн. Адистер бул көрсөткүч аз дешүүдө. Анткени борбор бир гана Ош областы боюнча эмес бүтүндөй түштүк аймагы боюнча иш алып барат. Мындан улам эл экспортко чыккан азыктардын жана импорттон келген тамак-аштын сапаты тууралуу тынчсызданбайт деген ой жаралат.
"Негизи чет өлкөдөн сапаты күмөн жараткан канчалаган азык-түлүктөр келип жатат, айрыкча Кытайдан. Жер-жемиштер келүүдө, алардын курамында химикаттардын өлчөмү жогору болуп адамдардын ден-соолугуна зыяны тийүүдө. Мына ошолордун баарын алып барып, текшерип анан колдонуу керек. Мисалы бир нече жыл мурда мен журналисттик иликтөө жүргүзүп Кытайдан келген оюнчуктардын сапатын текшерткенде баланын саламаттыгына зыяны тие турган уулуу заттар бар экенин аныктап чыкканбыз. Ошон үчүн ар бир жаран өз ден-соолугу үчүн өзү кам көрүп лабораторияга кайрылып, текшерүү жүргүзүп алса жакшы болмок”,-деди белгилүү журналист Жылдыз Бекбаева
Ислам Абдумомуновдун айтымында баажы биримдигинин талабы боюнча элдер экспортту да импортту текшертиш керек, бирок андай болбой жатыптыр.
Борбордо жалпы 6 лаборотория бар. Заманбап лаборториялык аппараттар борборду баажы биримдигинин талаптарына ылайыкташтыруу үчүн жаңыланган. Мекемеде 55 адис эмгектенсе, алардын көпчүлүгү чет өлкөлөрдө тажрыйбасын жогорулатып келишкен.
Абдыбакы Маматов аталган борбордун бактериялогиялык бөлүмүнүн башчысы:
"Азрынча экспортко чыккандар аз келип жатышат, ал эми калган беш бөлүм мурдагыдай эле иштеп жатабыз, жылына 700 миңден 1 миллионго чейин изилдөөлөрдү жүргүзөбүз, кээ бир бөлүмдөр күнү-түнү иштешет”.
Эреже боюнча айыл чарба азыктарын экспортко чыгарууну каалаган ишкерлер, алгач жергиликтүү экспертиза борборлорунан лабороториялык изилдөөлөрдөн өтүп, андан соң товарды алып барган өлкөнүн лабороториялык изилдөөсүнөн өтүп анан сатууга мүмкүнчүлүк алат. Көпчүлүк учурда лаборториялык изилдөөлөрдөн өтпөй чет өлкөгө алып барып алган ишкерлердин товарлары утилизация болуп, чыгымга учурап калып жатышат.
Жанна Аскарова, Ош
"Взгляд-РИВ”