Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Уран калдыктары көмүлгөн жерлердин абалы кандай?

Редактордун колонкасы
1 565
0

Жалал-Абад облусунунаймагындагы Майлуу-Суу шаарында, Чаткал районунун Шекафтар жана Сумсар айылдарында жана Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Жар шаарчасында уран калдыктары көмүлгөн бир нече участоктор бар. Бул уран калдыктары бизге Союз учурунан калган "белек” болуп саналат.

Азыркы учурда бул жерлер бир гана Кыргызстан үчүн эмес, жалпы Орто Азия чөлкөмүнө өзүнүн коркунучун жаратып келүүдө. Климаттын өзгөрүүсү, глобалдык жылуулук, ар кандай жаратылыш кырсыктары уран калдыктары көмүлгөн жерлерде коркунучту жараткандыктан, аны адам жашабаган коопсуз жерге көчүрүп, кайра көмүү чоң каражаттарды талап кылат. Экономикасы ортосар болгон өлкөбүздүн бул ишти жасоого чама-чаркы жетпейт. Буга Эл аралык коомчулуктун жана башка кошуна мамлекеттердин да көмөгү талап кылынат.

Майлуу-Суу шаарынынаймагында 23 калдык сактоочу жайы (жалпы көлөмү 2 млн.куб метрге)жана 13 тоо кен калдыгы (жалпы көлөмү 1 млн. м3) уран өндүрүштөрүнүн калдыктары жайгашкан. Бул жерде 1946-1967-жылдары «Кыргызэлектроизолит» заводу уранды иштетип келишкен. Жыйырма жыл ал заводдун иштеткен уран калдыктары Майлуу-Суу дарыясынын оң жана сол жээгине көмүлгөн. Союз урагандан кийин, калдыктар көмүлгөн жерлер кароосуз калгандыктан, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1999-жылдын 23-мартындагы Токтомунун негизинде уран калдыктары көмүлгөн жерлер жана тоо тектери КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлүп берилген.

Ал эми Чаткал районуна караштуу Сумсар айыл аймагынын Шекафтар айылынын аймагында Союз учурунда эле көлөмү 700 миң метр кубду түзгөн 8 нача радиоактивдүү кен калдыктары жайгашкан. Биз сөз кылып жаткан калдыктар сакталган дөбөчөлөр 1946-1967-жылдары ушул жерде уранды иштеткен шахтадан чыккан. Кен калдыктарынын ичинен алтоо айылда, экөө айылдын сыртында 5-6 км алыстыкта жайгашкан. Ал эми №2,3, 4, 5, 6,7 калдыктар үйлөргө, мектепке жакын жайгашкан.

Сумсар айылында үч калдык сактоочу жай жайгашып, көлөмү 4 млн. м3 24,0 га жалпы аянтты түзөт. Бир нече металл кендерин өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кен казып алуу комплекси Сумсарда 1951-жылдан тартып 1978-жылгы чейин иштетилген. Ал эми 1952-57-жылдар аралыгында №1,2чи калдык сактоочу жайлары жабылган. №3чү калдык сактоочу жайы рекультивацияланган (калыбына келтирүү) эмес. Негизги курамын оор металлдардын тузддарынын (коргошун, цинк, кадмий, сурьма) калдыктары тузөт. Учурдагы калдык сактоочу жайлардын абалы канааттандырарлык болгону менен жаан-чачын мезгилде гидротехникалык курулмалар жуулуп, анда пайда болуп, технологиялык жолдору бузулууда. 

Таш–Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар шаарчасынын аймагында эки кен калдыгы бар. Бул ке калдыктары шаарчанын батыш тарабында 1 км аралыкта жайгашкан. Аталган обьектилерде 1949-жылы чалгындоо иштери башталып, 1967-жылдарга чейин уран калдыктары өндүрүлгөн. Бул жерде каллдыктардын жалпы көлөмү 37 миң метр кубту түзөт.

"Жалал-Абад облусундагы уран калдыктары көмүлгөн жерлердеги экологиялык абалы жана адамдардын ден соолугуна тийгизген терс таасири” деген аталыштагы долбоор жазылып, Интерньюс уюмунун каржылоосу менен 2017-жылы журналисттик иликтөө жасалып, "Майлуу-Сууда көмүлгөн уран калдыктары экологиягы жана адамдардын ден соолугуна кандай терс таасирин тийгизүүдө”, "Уран калдыктарынын арасында жашаган шекафтарлыктар шахтанын ичинен чыккан сууну ичишет”, "Сумсар айлындагы калдык сактоочу жайдан аккан суу түз эле дарыяга кошулат”, "Кызыл-Жар-12 уран калдыгы сакталган жер эч бир министрликке карабайт” аталышындагы журналисттик иликтөөлөр "Аймак”, "Взгляд” гезиттерине жана "kogart.kg” Интернет сайтына жаыяланып, Жалал-Абад облустук мамлекеттик ТВсынан көрсөтүлгөн болчу.

Арадан бир жыл убакыт өтүп, учурда уран калдыктары көмүлгөн жерлерде кандай иштер аткарылып жаткандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө агенттигинин директору Дамирбек Кушбаковго кайрылган элек.

КР ӨКМнин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө агенттигинин башкы адисиАбдыраев Алтыбай Ниязовичтин жообун окурмандарга сунуш кылабыз.

- Азыркы учурда Майлуу-Суу шаарында, Шекафтар, Сумсар айылдарындагы уран жана тоо кен калдыктары көмүлгөн жайларда кандай иштер аткарылып жатат?

- КР ӨКМнин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен ищтөө боюнча агенттиги, Майлуу-Суу шаарындагы жана Сумсар, Шекафтар шаарчаларындагы калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар жөнүндө Сиздердин суроолоруңуздар боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.

Майлуу-Суу шаарындагы жана Сумсар, Шекафтар шаарчаларындагы калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктардын коопсуздугун камсыздоо максатында 2018-жылга карата Агенттиктин болжол иш мерчеми белгиленген тартипте түзүлүп, Министрликтин тиешелүү бөлүмдөрү менен макулдашылып бекитилип, жумуштар башталган. Учурда аталган объектилерде биринчи кезектеги авариялык калыбына келтирүү жумуштары улантылууда. Тактап айтсак, Сумсар шаарчасындагы №2 жана №3 калдык сактоочу жайларында суу сел өткөзүүчү каналдар, сел топтоочу жайлар, технологиялык жолдор калыбына келтирилди. Ошондой калдык сактоочу жайларга жана кен калдыктарга коопсуздук эскертүү белгилери орнотулду.

Ал эми Майлуу-Суу шаарындагы объектилерде калыбына келтирүү жумуштары, суу сел өткөзүүчү каналдарды, сел топтоочу жайларды тазалоо, калдык сактоочу жайларга баруучу технологиялык жолдорду оңдоо иштери улантылууда.

Азыркы учурда радиациялык-коркунучтуу экологиялык кырсыктардын пайда болуусундагы тобокелдигин төмөндөтүү жана аймактарда жайгашкан радиоактивдүү калдыктардын экологиялык жагдайын жакшыртуу максатында, эл аралык долбоорлор ишке ашырылып жатат.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 564 буйругу менен жактырылган "МС4.01/14 - Орто Азиядагы CRIS №NSI/2014/032197 (Майлуу-Суу) жогорку кооптуулуктагы уран калдыктарын сактоочу жайлардын аянттарын башкаруу жана ремедиациялоо” улуттук долбоорун Консорциум (подрядчик) «Wisutek» компаниясы ишке ашырууда.

Ушул долбоордун алкагында Майлуу-Суу шаарында, калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктардын аймактарында радонду өлчөө боюнча атайын приборлор орнотулуп, көзөмөлдөө-байкоо жумуштары алып барылууда. Ошондой эле, Кой-Таш, Изолит жана Тектоник жер көчкүлөрүнө изилдөө, текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Андан сырткары, Европа Биримдигинин Миң-Куш жана Шекафтар шаарчаларындагы мурдагы уран өндүрүштөрүндөгү KG 4.01/11-12 «Объектилерди реабилитациялоо боюнча айлана – чөйрөгө тийгизген таасирлерге жалпы баа берүү» жана «Техникалык-Экономикалык Негиздеме” долбоору, КР Өкмөтү тарабынан жактырылып, Эл аралык «ВИСУТЭК» Корпорациясы тарабынан долбоор (2015-2017жж.) ишке ашырылды. Учурда Шекафтар шаарчасынын аймагындагы уран кен калдыктарын коопсуз жайга, сыртка көчүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Борбордук Азия үчүн Экологиялык реабилитациялоо эсеби боюнча Кыргыз Республикасында операцияларды жүргүзүү жөнүндө алкактык макулдашуусуна” ылайык, каржылоо маселеси боюнча иш чаралар жүрүп жатат.

- Ал эми эч бир мекемеге карабаган Таш-Көмүр шаарындагы уран калдыгы көмүлгөн жер кайсы органдын карамагына өтө турган болду?

- .Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы Кызыл-Жар №12 уран кен калдыгын ӨКМнин карамагына өткөзүп алуу боюнча документтер даярдалып, тиешелүү министрликтер менен макулдашылып, учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосунда турат.

- Глобалдык жылуулук уран жана тоо кен калдыктары көмүлгөн жайларга өзүнүн кандай терс таасирин тийгизет? Бул боюнча изилдөөлөр жүргүзүлгөнбү?

- Глобалдык жылуулуктун калдык сактоочу жайларга жана кен калдыктарга тийгизген таасири боюнча изилдөө жумуштары Агенттик тарабынан жүргүзүлгөн жок.

 

Анархан Жаңыбаева, Жалал-Абад шаары.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно