КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Алишер Абдрахманов баштаган делегацияны Тажикстандын Гулистон авто жол чек ара көзөмөл өткөрүү бекетинен Исфара районунун мамлекеттик бийлигинин аткаруу комитетинин төрагасы Сиджоуиддин Саломзода, райондун жетекчилери менен биргеликте, концерттик программанын коштоосунда тосуп алды.
Конок катары чакырылган Баткен делегациясы, бул күнү Канибадам шаарында жогорку деңгээлде уюштурулган, Тажик Республикасынын Президенти Имомали Рахмон катышкан "Улуттар Биримдиги” майрамына күбө болушту.
Алишер Абдрахманов, Ыйгарым укуктуу өкүл Абиш Халмурзаевдин атынан жалпы тажикстан элин, улуттар биримдигин даңазалаган майрамдары менен куттуктап, чакыруу жана жылуу тосуп алгандыгы үчүн тажик кесиптештерине ыраазычылык билдирди. Ошондой эле өз сөзүндө эки өлкөнүн Президенттеринин үстүбүздөгү жылдын 1-февралындагы жолугушуусу, эки тараптуу мамилени чыңдоого өбөлгө болгонун жана кыргыз тажик достугунун жаңы доору башталганын белгиледи.
Андан соң Алишер Абдрахманов кесиптеши Согди облусунун аткаруу комитетинин төрагасыын орун басары Анвар Яькубиге Баткен облусунун жетекчилигинин атынан Согди облусунун жетекчилигине арналган атайын майрамдык беректерди ыйгарды.
"Улуттар биримдиги” майрамы Тажикстанда Улуттун жана өлкөнүн кызыкчылыгын даңазалайт.