Быйлыкы окуу жылы Кадамжай "Семетей” лицейи үчүн өзгөчө жыл болду. Жалпы республикалык тестирлөөдөн 200дон жогору балл алууга 12 окуучу жетишкен. Ошондой эле, 220 бал алып, республикадагы 50 мыкты абудиренттердин катарын Курбаналив Минтемирда толуктады. Кадамжай "Семетей” лийцеинде алтын сертификатына ээ болгон окуучулар үчүн окуу борбору тарабынан 400 АКШ доллар өлчөмүнө акчалай сыйлык каралган. Ошондой эле ар бир 200 баллдан жогору упай топтогон окуучулар үчүн да 50 доллардан каражат сыйлык катары көрсоөтүлгөн.
Курбаналиев Миңтемир Кадамжай "Семетей” лицейинин бүтүрүүчүсү. Быйылкы окуу жылын ийгиликтүү жыйынтыктады. 2017-2018 окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйнтыгында 220 балл топтоп, алтын сертификатка ээ болду. Минтемир жараткан ийгилиги менен респубиканынын эң мыкты 50 абудуриенттердин катарына кирди. Жакынкы күндөрдө өлкө башчысынан сыйлык алаары күтүлүүдө. Миңтемир жогорку балл алуу үчүн, күнү-түнү изденүү менен эмгектенгендигин айтат. Айрыкча кырыз-тили жана адабият сабагына өзгөчө кызыгуу менен окуп, бул предметтен олимпиадаларга да катышып жүргөн. Мугалимдердин айтымында сабакка жоопкерчиликтүү мамиле жасоо менен көптөгөн ийгиликтерди багындырууда.
Ал эми Касымов Досбол да аталган лицейдин окуучусу . Ал ушул жылы февраль айында болгон Тойфул сынагына катышып, Түштүк Кореядагы атактуу Универстеттердин бирине окууга жолдомо алды. Бул сынакка өлкө боюнча ондон ашуун окуучу катышса, алардын үчөө гана өтүшкөн. Алардын катарында Досбол Касымов да бар. Окуудагы жетишкендиктери албетте анын көп изденип окууга бүт дараметин жумшагандыгында. Келечекте эл керегине жараган инсандардан болуу Досболдун башкы максаты.
Быйлыкы окуу жылы Кадамжай "Семетей” лицейи үчүн өзгөчө жыл болду. Жалпы республикалык тестирлөөдөн 200дон жогору балл алууга 12 окуучу жетишкен. Кадамжай "Семетей” лийцеинде алтын сертификатына ээ болгон окуучулар үчүн окуу борбору тарабынан 400 АКШ доллар өлчөмүндө акчалай сыйлык каралган. Ошондой эле ар бир 200 баллдан жогору упай топтогон окуучулар учун да 50 доллардан каражат сыйлык катары көрсөтүлгөн.
Мына ушундай бийик максаттарды багындырган Миңтемир менен Досбол Баткен облусунун Баткен райоунун кулундары. Миңтемир Апкан айылынан болсо, Досбол Самаркандек айылынан аталган лицейге келип билим алышкан.