Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:25
Бишкектеги аярламада түкүргөн милиционер табылды. Кандай жазага тартылат
14:42
Жаңы конушта жашагандар эмне үчүн балага жөлөк пул албайт? Министрдин жообу
14:34
Электрондук кезек менен бакчага кирген бөбөктөр. Кезекке туруунун жолу
14:17
Бишкектин көчөлөрү быйылкы кышта реагенттер менен тазаланабы? Мэриянын жообу
14:09
Бишкектеги үйлөрдүн сырткы көрүнүшү өзгөрөт. Сынакка түшкөн эскиздер
10:27
Бишкекте "Тазалык" таңкы төрттөн тарта иштеп жатат
10:03
"Бишкек жашыл чарба" жол жээктерине 103 бак отургузду
09:59
Бишкектен иш издеп жатасызбы? Мэрия 600 жумуш орун сунуштоодо
09:57
Көңүлдөш болуудан тажадым! Үй-бүлөлүү эркектин очогун бузгусу келген аял
09:50
Бишкектеги Ала-Арча дарыясынын жээги кышка карата бекемделүүдө.
09:33
Мэр Суракматов "Нарын" рестораны канчага сатылганын айтып берди
13:22
Аялдамада түкүрүнүп, тамеки тарткан милиционерди жетекчилик издөөдө. Видео
12:20
Бишкекте Кыргызстан жаштарынын күнү белгиленет
09:13
Бишкекте Тез жардам кызматы эки унаа менен кагышты. Кырсыктан кийинки видео
09:10
Топоз минип шаар аралап... Бишкектин жанынан тартылган видео
11:39
Бишкекте мода жумалыгы менен форум өтөт
10:46
Кыздарым көзүмөн учат, бирок бара албайм. Мигрант келиндин каты
10:32
Бишкектин чок ортосунда эл ташыган автобустан өрт чыкты. Видео
10:26
Бишкекте кафе өрттөнүп жатат. Видео
09:47
Бишкекте азиздерге жардам берүү үчүн сүрөт көргөзмө өтөт
09:29
Аскарбек Шадиев мандатынан ажыратылды
09:28
КСДП: Иса Өмүркуловду лидерликтен алуу фракциянын колунда
09:26
Суукта көйнөкчөн марш баскан окуучулар. Канттан тартылган сүрөт
09:45
Бишкектеги башкы туу жерге түшүп калды. Сүрөт
09:42
Сот “Коопсуз шаар” боюнча көз карандысыз комиссиянын чечимин жокко чыгарды
09:41
Турак жай сатып алуунун дагы бир жолу сунушталды. Механизм кандайча иштейт
09:39
Борбор калаада журналисттердин көйгөйүн талкуулаган жыйын өтөт
09:34
Бишкекте айдоочулук күбөлүктү мыйзам бузуу менен бергендерге чара көрүлдү
09:30
Бишкекте үч автоунааны жөөлөп кеткен жол тандабастын айдоочусу изделүүдө
09:29
Борбор шаардын чок ортосундагы инсталляция талкаланып калды. Сүрөт
09:13
Sputnik Кыргызстан журналисттерди шахмат боюнча турнирге чакырат
09:12
ӨКМ ашууларга жааган кар боюнча маалымат таратты
09:25
Шаардык сот Илмияновдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок
09:19
Мурдагы "Нарын" ресторанынын орду дагы деле бош турат. Себеби айтылды
09:13
Кызын карай албай мас болуп жаткан аялдын ким экени такталды
09:06
Сириядагы террорчуларга 100 миң доллар жөнөткөн. УКМК шектүүнү кармады
09:05
Депутат: Кыргызстанда аялдын бир төрөтү 15 миң сом турат
09:02
Бишкекте видеосу интернетке тараган аракеч энени милиция издеп жатат
10:04
Мас апасын тургуза албай мукураган бөбөк. Бишкекте тартылган видео
09:45
Мэрия Бишкекте быйыл канча көчө оңдолгонун айтты
10:15
Нарындагы памирлик кыргыздар Алайга көчүрүлөбү? Миграция кызматынын жообу
10:11
Пакистан президенти уулун ала албай жаткан кыргыз келиндин ишин карамай болду
09:55
Мэрия темир жолго такалган үч көчөнү Лев Толстойго алып чыгат
09:51
Бишкек мэриясы арыздарды эми мобилдик тиркеме аркылуу кабыл алат
09:12
Панфиловду таң калтырган кыз. Даркүл Күйүкова тууралуу 6 факты
Бардык кабарлар

Мыкты дарыгер – ден соолуктун сакчысы

Редактордун колонкасы
116
0


 Кадамжайлыктар дасыккан дарыгер, «Саламаттыкты сактоонун мыктысы», 1-категориядагы врач-хирург  Искендеров Азиз Токтобаевичти жакшы билишет. Мындан 26 жыл мурда Ош облустук ооруканада алгачкы эмгек жолун баштаган дарыгер, убакыттын өтүшү менен бүгүнкү күндө Кадамжай районунун мыкты дарыгери боло алды. 1997-жылдан бери Кадамжай районундагы калктын саламаттыгын чыёдоого зор салымын кошуп келе жатат. Көпчүлүк дарыгерлерибиз маянанын аздыгына, шарттын жоктугуна чыдабай, шаарларга, чет жактарда иштөө үчүн кетип калганы чындык. Бирок макаланын каарманы «Бул жерде бирөө калыш керек да» деген принцип менен кайра чет жактардан тажрыйба алып келип, өз элине ак эмгек кылууда. Анын жөнөкөйлүгү, улуу кичүүгө жасаган адамгерчилик мамилеси да ар бир бейтаптын айыгуусунда өзгөчө мааниге ээ.

Ошондуктан, Кадамжай райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы,  Азиз Токтобаевич менен маектештик.

 

 - Айтсаңыз, дарыгердик кесип эмнеси менен сизди арбап алды?

 

    -Мен балачагымдагы кыялымды орундаттым. Чоё эжем Токтобаева Дилбар дагы дарыгер болуп иштегендиктен, аны көрүп, мен дагы ак халат кийип, элдин ден соолугун чыёдайм деп максат кылчумун. Кудай буйруп, дарыгер болом деген максатыма жеттим. Менин оюмча, качан адам өз кесибин сүйсө, ар бир жасаган эмгегинен күч-кубат алып, мыкты адис боло алат. Чынында жумушум түйшүктүү, дем алыш күндөрү, майрам күндөрү да күн, түн дебей кээ бир учурда  иштегенге туура келет. Күн сайын ар кандай операцияларды жасайбыз. Ачыгын айтканда, өмүрүбүздүн көп бөлүгү жумушта өтөт. Жумуштун оордугунан статистикалык маалыматтарда хирургдардын орточо жаш курагы 60 жашты түзөт деп белгиленген. Бирок  кыйынчылыктарга алдырбай, ар бир айыккан бейтаптын жылмайуусун көрүп,  кубаттанып иштеп келе жатам.

-Элибиз учурда мыкты дарыгерлерибиз жаңы технологиялардын жардамы менен операцияларды жеңил жасап жатышат деп Сиздерге ыраазы болушууда…

     — Рахмат. Чынында адамга көп жылдык тажрыйба эле жетиштүү эмес. Кайсы кесиптин ээси болбосун ал заман талабына жараша улам билимин толуктап, тажрыйбасын байытып туруусу керек.  Мурда бардык операциялар бычак менен адамдын ич көңдөйүн кесип жасалса,  азыр биз бычаксыз эле жаңы аппараттардын жардамы менен бейтапты да кыйнабай түрдүү операцияларды жеңил жасап жатабыз.

Негизи бизде көбүнчө сокур ичеги, боор, өт, аялдардын жыныстык бездери, ашказан, богок, ичеги карын ооруларына операциялар жасалат.

Адам бул автоунаа эмес, бузулган жерин кайра оңдоп койсо жүрө бере турган. Ден соолук ар бир адамда бирөө эле. Ошондуктан анын баркын билишибиз керек. Өкүнүчтүүсү жарандар акча табам деп, өз убагында тамактанбай, өз убагында дем албай, көп ооруларды арттырып алууда. Улам жыл өткөн сайын оорулардын түрү көбөйүп, жашарып жатат. Оорулуулар качан жыгылып же басалбай калганда келишет. Ошондуктан жок дегенде бир жылда бир жолу дарыгердин кароосунан өтүп туруу зарыл. Ооруну дарылагыча алдын алган жакшы, ар ким өзүн, бала бакырасын ойлосо ден соолукка карашы керек.

-Сиз жетектеген хирургия бөлүмүндө түзүлгөн шарттар жакшы элеби?

    — Мурдакы жылдарга салыштырмалуу жакшырды. Бир жылда биздин бөлүмдө жаңы, заман талабына жооп берген медициналык шаймандар аркылуу 700 орулууга ар кандай операциялар жасалат.

Райондук оорукананын башкы дарыгери Залкар Баймуратовдун демилгеси менен азыркы күндө ири ийгиликтер жаралып жатат. Жаңы, заманбап аппараттар сатылып алынып, иштейм деген эле кишиге бардык шарттар бар.

— Элдин саламаттыгы үчүн жасаган эмгегиңизди  баалаган сыйлыктарыңыз болсо керек?

   —«Саламаттыкты сактоонун мыктысы» наамын алгам. Мен үчүн эң негизги сыйлык -бул бейтаптын саламаттыгы, оруулардын сак саламат айыгып кетиши. 26 жылдык тажрыйбамда къптъгън, оор операцияларды да жасадым. Бул үчүн эли-журттан алган алкыш създър, ыраазылыктар ар убак күч-кубат берип турат.

 Албетте, ар бир ийгилигибиздин артында күчтүү эмгек жамаатыбыз турат. Аппазов Эркин, Абдимитал Касымов, Зарип Зайляпов сыяктуу күчтүү хирургдар, башкы мээрбан Ниматилла кызы Наргиза жана башкалар эмгеги менен элге жаккан мыктылардын катарында.

- Хирургдун бир күнү кандай өтөт?

- Саат 8де кадимкидей эле жумушка келем, бейтаптарды текшерип, карап чыгам, күн сайын пландуу жана шашылыш операцияларга киребиз.

Негизги жумуштан тышкары да, көп учурда оор ахыбалдагы бейтап келип калса, күнүүнү, дем алыш күндөргү карабай жумушка чакыруу келсе, дароо барганга туура келет.

Ар бир хирургдун ишмердүүлүгүндө көптөгөн ийгиликтүү аяктаган окуялар көп болот. Ар бир орулуунун сакайып ооруканадан чыгып кетиши мен үчүн чоң кубаныч. Бирок эсиңде көбүнчө каргашалуу аяктаган окуялар калат. Өзгөчө колуңдан келген баардык нерсени жасасаң да, адамды куткаруу мүмкүн эмес болуп калган учур кейиштүү. Психологиялык жактан алып караганда, хирург болуп иштеген бул өтө оор иш. Кандай болсо да медицина жолун тандагандар аз эмес, анткени – бул адамдарга тез жардам берүүнүн эё жакшы жолу.

- Ак халатчандар кандай сапаттарга ээ болушу крек?

- Менин оюмча, дарыгердин негизги сапаты – бул эмгекчил болуу. Медицинада дайыма жаңыланып туруу шарт, себеби ал тынымсыз өзгөрүп турат. Сен өз алдынча өзүңдү калыптандырып жана жаңы тажырыйбаларга ээ болуп турушуё зарыл. Андан тышкары дарыгер так болуусу шарт. Бул сапатты өзүмдөн, жакындарымдан жана дарылаган бейтаптарымдан да талап кылам.

Мындай айтылып калган бир сөз бар, дарыгер сөз менен дарылашы керек деген. Чынында, жакшы сөз бейтаптарга дары. Мен да ушул нерсени дайыма колдонгонго аракет жасайм. Эч кимди кагып силкпөөгө аракет жасап келем, бирок дарыгердин ишинде да ар кандай жагдайлар болуп калат.

- Кызыктуу маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз, кааларыбыз алдыга коюлган ой-максаттарыңыздын баары орундалсын.

                                                                                                                                                       

 

 

 

скачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик