Баткен облусунун Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен Максат айылы, эң алыскы айыл экени жана чек арада жайгашканы эске алынып, аталган айылда жашаган жергиликтүү тургундарга моралдык колдоо көргөзүү максатында 12 жаран, ден соолугун чыңдоо жана эс алуу үчүн Ыйгарым укуктуу өкүл Абиш Халмурзаевдин колдоосу менен Ысык-Көл облусуна эс алууга жөнөтүлдү. Бул үчүн ыйгарым укуктуу өкүл өзүнүн резервдик фондунан жетиштүү каражат бөлүп берди.
Ошондой эле аталган айылдагы мектептин окуучулар тобу Лейлек районундагы "Алтын-Бешик” балдар лагерлеринде эс алууда.