Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:19
Sputnik агенттигинин журналисти Исмаил Мамытов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты
16:18
УКМК: Албек Ибраимов кармалды
16:17
Консультант: педофилдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек
16:16
Мелдешке баруу үчүн насыя алып, карызга баткан спортчу кыздар. Мамагенттик үн катты
16:15
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн чакырган 40 активистке эмне деп кайрылды
16:14
Кыргызстандагы эң бай курулуш компанияларынын кожоюндары кимдер? Тизме
16:13
Сузак районунда беш жашар кыз гана жоголгон. ӨКМдин тактоосу
11:37
Ысык-Көлгө түшкөн чагылган алтымышка жакын мал-жандыктын башын алды
14:08
Уктап калышкан го? Оштун мэрин шайлоо учурунда үргүлөгөн депутаттар. Фотофакт
14:07
Бишкекте жүк ташыган машина менен суу ташыган автоунаа кагышты. Сүрөт
14:06
Кыргызстандын премьер-министри Грузиянын башчысы менен жолукту. Сүрөт
14:06
Үй-жайга, автоунаага салык төлөдүңүзбү? Салык кызматы эскертти
14:05
6 жашар баланы издөө үчүн Чоң Чүй каналындагы суу 40 пайызга азайтылды
14:04
Киргшелктогу кылмышка айыпталган адам сотто "милиция кыйнады" деген билдирүү жасады
13:27
Жарашат бекен? Роналду "Ювентустун" формасын кийип чыкты
13:17
Көчмөндөр оюндарына канча каскадер жана бийчи катышары айтылды
10:54
Кыргызстан “Коопсуз шаар” боюнча Грузиянын тажрыйбасын колдонушу мүмкүн
10:37
Сокулукта вагон күйүп ичиндеги киши каза болду
10:34
Бишкекте эки троллейбус кагышты. Жеринен алынган сүрөттөр
11:51
Ат-Башыда 68 жаштагы полковник мас абалында кишини койдуруп алды. Видео
11:47
Бишкектин бир катар аймактарында 18-июлда суу болбойт. Тизме
11:44
Мексикада жаңы эле ачылган соода борбор урап калды. Күбөлөрдүн видеосу
11:41
Кытайдагы кызыктуу кесиптердин тизмеси
11:38
Россиянын АКШга компроматы барбы. Путиндин жообу
11:23
Кара-Балта суусуна кулаган унаадан агып кеткен киши бир жумадан бери изделүүдө
10:41
Фестивалда бүркүт кол салган кыздын абалы жана окуянын чоо-жайы
14:25
Көз жаш, ыза, толкундануу, го-ол! FIFA уюмунун бир айды 4 мүнөткө батырган видеосу
14:24
Манас проспектисинин бир бөлүгү жабылып, каттамдар өзгөрдү
14:21
Кичи Памирдеги кыргыздардын ханы көз жумуп, сөөгү жерге берилди
14:20
Макгрегор Путин менен сүрөткө түшүп, пикирин билдирди
14:19
Футбол чемпионаты жогорку деңгээлде өттү! Дональд Трамп Путинди куттуктады
14:18
Россиядагы футбол чемпионатына 3 миллиондон ашуун адам барган
14:17
Чүй менен Бишкекте сууга чөккөн эки адамдын сөөгү табылды
14:16
Айрым жерлерде жамгыр жаайт. Бир жумага карата аба ырайы
13:40
Мал сарай базарга айланган: Баткендеги «Кара-Бак» базары санитардык талаптарга жооп бербейт
13:34
Кадамжайда өспүрүмдөрдүн өмүрүнө кол салуусун алдын алуу чаралары талкууланды
13:30
Баткенде өз кызын зордуктоого айыпталган адам 20 жылга камалды
13:21
Айыл турмушу: Лейлектик Г.Мусаева 60 тоок багып, айына 9 миң сомго чейин киреше табууда
13:15
Кызыл-кыялыктарга Америкадан жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдар таратылды
13:09
Сүлүктү шаарында шахта көчкөн учурда камалып калган адам куткарып калгычакты каза болуп калды
12:50
Кичи Памирдеги кыргыздардын ханы көз жумуп, сөөгү жерге берилди
23:56
Франция дүйнө чемпиону болду
23:55
Кыргызстандык Дмитрий Новиков жиу-житсу боюнча Азия чемпионатынан коло байге утту
23:55
Бек Борбиевдин айылга каты. Чөнтөктөгү жыландар, эшикке качкан эжелер
23:53
Дүйшөмбүгө карата аба ырайы
Бардык кабарлар

Тамак-аштан уулануудан алыс бололу!

Редактордун колонкасы
27
0

Учурда өлкө аймагында анын ичинде районубузда да   тамак-аштан уулануулар болуп жатат.  Тамак-аштан уулануу сапатсыз же бузулган тамак-ашты жегенден пайда болгон катуу кармаган оору. Көбүнчө эт, балык шорпо, колбаса, консервалар сальмонелла, стафилакокк, ботулизм таякчалары жана  уулары менен булганып, бузулушу мүмкүн. Тактап айтканда 70-75 пайыз оору чакыруучу козгогучтар менен булганган азык-түлүктөрдөн, жашылчалардан, ошондой эле өрдөк, каздын жумурткалары кошулуп даярдалган тамак-аштарды жегенден кийин пайда болот. Бул азыктарда оору козгогучтар өсүп көбөйүшүнө шарттар болгондуктан алар тез көбөйөт. Анткени аталган тамак-азыктары углевод жана белок заттарына өтө бай болуп, микробдордун өсүп жетилүүсүнө ыңгайлуу. Мындан сырткары тамакты даярдоо жана сактоо эрежелерин бузуудан да уулануу пайда болот. Айрым учурларда жаңы даярдалган тамак-ашты  жылуу бөлмөдө бир нече саат сактагандан кийин жесе  оору чакырат. Айрыкча майда тууралган эттен (фарштан) дардалган азыктар, паштеттер, килкилдектер, малдын канынан жасалган колбаса өтө коркунучтуу. Себеби бул азыктарда микробдор өтө тез өсүп көбөйүшөт. Тез бузулуучу азыктарды муздаткычта же муздак жерде (кышында от жагылбаган бөлмөлөрдө) кыска мөөнөткө сактоо зарыл. Кайнатылып бышырылган же куурулган тамак-ашта оору козгогучтар бат эле өлөт, чала куурулган же бышырылган азыктардын катмарына ысык жакшы өтпөй калып, микробдор өлбөй сакталып калышы мүмкүн. Ошондуктан тамак-ашты жакшылап узакка чейин бышыруу талапка ылайык.

Стафилококк жана ботулизм ооруларынын белгилери:

        -Стафилакокк менен ууланууда оорунун жашыруун мезгили 2-3 сааттан ашпайт.Оорулуу өзүн жаман сезип, чемирчектин асты ооруп, окшуп кусат. Кийинчерээк ичи өтөт. Анын жеңил түрүндө эти ысыбайт,оорулуу 1-2 күндө сакаят. Кээде оор түрү кезигет. Бул учурда оорулууну тез ооруканага жеткирүү зарыл. Дароо карынды тазалап, ичке, колго, бутка жылыткыч коюп, ысык кофе, чайды көбүрөөк берүү керек. Ууланууга окшош белгилер (ичтин оорушу,кусуу) карынды тазалоого, ичке жылыткыч коюуга болбой турган сокур ичегиде жана он эки эли ичегинин жараларында да байкалат, ошондуктан аны так аныктоо зарыл.  Ал эми ботулизмде адатта оору булганган тамакты жегенден 12-24 сааттан кийин капысынан башталат, башы айланып, ооруйт, алсырайт, ичи ооруп, кусат, оозу кургап, суусайт, уйкусу качат. Бир нече сааттан же 1-2 күндөн кийин оорулуу жакшы көрбөй, көзүнө чыбыр ала көрүнөт, көз капкактары салаңдайт, кареги чоңоет. Андан кийин жутуу кыйындап, тили булдуруктайт, үнү каргылданат же такыр чыкпай калат. Дем алуу да начарлашы мүмкүн деми кыстыгып, аба жетпегенсип, муунат.

      Ботулизмдин алдын алуу тамак аш азыктарын даярдоодо, ташууда, сактоодо жана бышырууда, ошондой эле үй шартында консервалоодо санитардык-гигиеналык эрежелердин так сакталышына түздөн түз байланыштуу.

        Оорунун алгачы белгилеринде оорулуу өзүн жакшы сезип турса да сөзсүз тез жардам чакыруу керек. Ал келгичекти оорулууну төшөккө жаткырыш керек.  Марганцовканын мала аралашмасын оорулуугу ичирүү менен ашказанды жууп-тазалоо керек. Улам ичип кайра кусуудан ашказан тазаланат. Кускан сайын 3-4 стакан суу ичирүү кажет. Тазалангандан кийин актив көмүрүн майдалап ичүү зарыл. Анын ордуна айран ичсе да болот. Эгер оорулуу эстен танса, өзүнө келмечийинче кустурууга болбойт. Көмкөрөсүнөн же капталынан жаткырып, башын ылдый кылуу керек.

 

скачать dle 11.0фильмы бесплатно