Бүгүн:

Акыркы кабарлар

14:43
Борбор Азия өлкөлөрүнүн мурдагы президенттеринин балдары эмне менен алек?
14:41
Бишкекте дүйнөгө аты чыккан артисттер "Тоска" операсын коёт
10:35
Пара алып кармалган министрдин орун басары Жусубалиев камакка алынды
10:34
Лейлекте КамАЗ оодарылып, үч киши каза болду
15:52
Сооронбай Жээнбеков телефондон Шевченкону куттуктады
15:49
Көз сүйүнөт! Бишкектин чок ортосунда "дельфиндер" пайда болду.
14:06
Бишкекте "Айтматов тууралуу 90 суроо" аттуу флешмоб өтөт
14:39
Кыргыз телесине 60 жыл! КТРК мааракесин белгиледи
14:36
Учкучтардын кабинасына кирип алчу. Аскар Акаевдин пилоту экс-президент тууралуу
14:29
Органдар алдында жооп берүүгө даярмын. Карыпбеков КТРКдагы аудит боюнча үн катты
14:18
Иштен кеткеним үчүн 1 млн. сом алдым. Атбашылык аксакал жөнүндө репортаж
14:13
Бишкектеги Лев Толстой менен Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишине светофор коюлду
11:18
Атамбаевдин тарапташтары менен каршылаштары жаңжалдаша кетти. Видео
16:09
10 кызды өстүргөн ноокаттык жубайлар 9 күйөө балалуу болушту
16:03
Сүйгөн кызы өз жанын кыйганын уккан соң, өзүн атып өлтүргөн 21 жаштагы жигиттин акыркы каты жана туугандарынын версиясы
10:20
Бишкекте "Түндүк" бажысынын жетекчи орун басары Мамбетжунушева кармалды
14:22
Бишкекте ар кыл диндин өкүлдөрү ийри отуруп, түз кеңешет
13:36
"Арабадагы майып" коомдук транспортко түшө алабы? Социалдык эксперимент
13:07
Бишкекти жаңы жылга карата кооздоого канча каражат сарпталаары айтылды
10:14
Мэр Суракматов Бишкекти каптаган кара түтүн боюнча үн катты
16:10
Бишкекте майыптар үчүн пандустар орнотулууда
11:56
Каракол: өрт чыккан үйгө суусу жок келген өрт өчүрүүчүлөр, тамсыз калган үй-бүлө
11:25
Жөнөкөй малчынын идеясын автоинспекторлор улап кетти
11:24
"Манас" эл аралык аэропорту убактылуу жабылды. Себеби айтылды
10:05
“Делбиримде” Аселди аткарган Мадина Талипбек Өзбекстанда мыкты актриса аталды
16:18
Бишкекте адамдарды тоноду делген 18 жаштагы балдардын үйүнөн баңгизат табылды
16:27
Бишкек: мектеп окуучулары жетим балдар үйүнө барып белек тартуулашты
16:07
Нарындан Аксыга жер которгон маралдардын абалы айтылды. Сүрөттөр
15:57
Бишкек менен Оштогу басып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу сунушталды
15:48
Депутат Кыргызстанга эли визасыз кирген өлкө санын 55ке жеткирүүнү сунуштады
13:45
Балыкчы ШИИБинин имаратынын чатырын шамал учуруп кетти.
10:36
Бишкек мэриясы "Ош" базарындагы абал боюнча расмий пикирин айтты
10:35
"Вечерний Бишкектин" ээси Александр Рябушкин эки айга камакка алынды
11:49
Жүзгө жакын сатуучу "Ош" базарында митинг кылып жатат
11:33
Жаңы жылга карата башкы аянт кантип кооздолот
09:35
Бишкек мэриясы газ менен жүргөн автобус алуу үчүн тендер жарыялады
09:34
Сүрөтү калды тартылып... Жатакананын дубалындагы Бурулайдын элеси. Видео
15:28
Бишкекте Бурулайдын портрети жатакананын дубалына тартылды
15:18
УКМК: Бишкек мэриясы 2017-жылды тосуу үчүн шаарды кооздоодо мыйзам бузган
14:05
Сабырбек Жумабеков дагы бир уникалдуу операция жасады
11:04
Кыргызстан эл аралык жарандык авиациянын кара тизмесинен чыгар-чыкпасы айтылды
17:30
Бишкекте экологияны булгаган жеке мончолор текшерилип жатат.
10:03
Бишкекте эми коомдук тартипке атчан милиционерлер да көз салат
13:27
Жээнбеков Атамбаев менен эмнеге чырдаша кеткенин айтып берди
13:25
Путин Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады
Бардык кабарлар

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Чүрөктөй перинин жан кейиткен баянын уктум

Редактордун колонкасы
40
0

Бири кем дүйнө… "Алматыдагы жеке компанияда сатуу иштери боюнча менеджер болуп иштечүмүн. Үйдөгүлөргө учурашайын деп Бишкекке келе жатып жол кырсыгына кабылганбыз. Өпкөм тешилип, омурткам, кабыргам, бир бутум сынган. Кудайым чоң эле сактады. Ошондон бери баспайм. Төштөн ылдый жан жок, тиштесеңер да, ийне сайсаңар да сезбейм" дейт өзүн "өзгөчө Гүлзана болгонума үч жыл болду" деген келин.

Дал ушул айым азыр майып кыздардын башын бириктирип, "Биз барбыз" жана "Кыргызстанда гүлдөгөндөр" аталышындагы фотодолбоорлорду ишке ашырып келе жатыптыр. Чүрөктөй болгон перилердин сүрөттөрүн көрүп суктанбай кое албайбыз. Бирок алардын тагдырын окусаң жүрөк тилинип, көзгө жаш тегеренет. "Бири кем дүйнө" деген ушу экен да…

Ар кимдин башына Кудай ар кандай сыноо берип сынайт турбайбы… Аны көтөрбөскө аргабыз да жок. Ошондуктан буту-колубуз соо, жакындарыбыз жаныбызда жүргөнүнө шүгүр келтирип жашайлычы!

Кыздын деле ыйманын тилеш керек. Оштогу окуучу кыздардын мушташы кечээ соцтармак колдонуучуларын ызы-чууга салды. Үрөйү учкан энелер "укук коргоо органдары эмнени карап жүрүшөт" деп айгай салып жиберишти. Интернетке тарап кеткен видео боюнча Ош шаардык милициянын маалымат кызматы түшүндүрмө берип, "видео мурдагы мушташтын башка тарабынан тартылган" деп айтты. Эске салсак, буга чейин да окуучу кыздар мушташкан ушундай окуя катталган.

Анчалык эле мушташкылары келип жатса, машыгуу залына барып, спорттун бир түрүнө жазылып, күчтөрүн Антонина, Валентина Шевченколор сыяктуу рингден сынашпайбы. Узаган ишембиде Антонина Шевченко Америкадагы белгилүү UFC мушкерлер уюмунда (Ultimate Fighting Championship. — ред.) дебюттук кармашын өткөрүп, түштүк кореялык спортчу Жи Йон Кимди калыстардын чечими менен утуп алган. 

Саясат жаатындагы жаңылыктарга да токтоло кетели. Өлкө башчы Жээнбеков акыйкатчы Токон Мамытовду кабыл алып, кечке маал бир нече элчиниалмаштырды. 

Элчи демекчи, кабарчыбыз Расул Үсөналиев Кыргызстандын ээсиз турган элчиликтерин тизмектеди. 

Баса, бүгүн кыргыз-өзбек киночуларынын биргелешип тарткан "Делбирим" тасмасынын бет ачары болот. Тасмада Байтемирдин образын жараткан өзбек актеру Улугбек Кадыров Кыргызстанга келип, аны менен кабарчыбыз Эламан Карымшаков маектешти. 

5-декабрга караган түнү ЖМК беттерине Кадыржан Батыровдун өлүмү тууралуу маалыматтар тарады. Өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып издөөдө жүргөн Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кадыржан Батыров 62 жашында Одессада каза болду. Эмнеден улам көз жумганы азырынча белгисиз экен.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.78 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 47.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Пенде пейилинен табат.

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Дагы: https://sputnik.kg/buradar/20181205/1042291217/buradarda-majyp-kelinderdin-tagdyry.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно