Бүгүн:

Акыркы кабарлар

11:36
Алмазбек Атамбаев суракка барар-барбасын айтты
10:49
Унутулган рюкзак полицияны убара кылып, элди дүрбөттү. Казакстандагы окуя
10:47
Кыргызстанда жаңы мамлекеттик ишканалар түзүлдү. Милдеттери
09:33
Бишкектин чок ортосунда тез татым жайы күйүп кетти. Сүрөт, видео
09:31
Жалгыз уулу эле... Кырсык тооруган Абдылдаевдин үй-бүлөсүнүн таржымалы
13:03
Нарында суу жээктерине эскертүү такталары орнотулду
10:20
Төрага Жумабеков Атамбаевге өзү жазган ыр менен жооп берди. Видео
10:10
Екатеринбургдан чыгып кайра шашылыш конгон учак “Кант” базасына келе жаткан
14:24
Жээнбеков: кутулуп кетем деп ойлобогула, тынчтык бербейм!
10:48
Ысык-Көлгө жай бою төрт шаардан учак каттайт
10:44
Нарын шаарынын борборундагы тротуарлар оңдолууда. Сүрөттөр
15:34
Милиция бөлүмүнөн качып кеткен киши "Ош" базарынан кармалды
15:14
Сүрөттөн чыккан ызы-чуу: казак бийлиги чатактын чоо-жайын айтты
14:56
Тажикстандагы жер титирөөнүн эпкини Кыргызстанга да тийди
11:47
Бишкек мэринин орун басарлары дагы көчмө жыйын өткөрө баштады
11:37
Атамбаевдин айланасындагы кырдаал тууралуу кыска-нуска видео
13:01
Башкы прокурор: Атамбаевге каршы Батукаевдин көрсөтмөсү бар
12:59
Башкы прокурор сөзүнөн жаңылып, Атахановду Батукаев менен алмаштырып алды
12:56
Мыйзамга каршы көрсөтмө берген. Атамбаевге ТЭЦ боюнча кандай айыптар коюлууда
11:54
Көлдөгү жол кырсыктан бир кыз каза болду. Тамтыгы чыккан унаанын видеосу
13:01
Айыл турмушу: «Шумкар» полкунун кызматкери Ч.Чалабаевдин спорттогу ийгиликтери
10:02
Атамбаевдин кеңешчиси экс-президенттин банктагы эсеби боюнча үн катты
09:42
Атамбаевдин "иши". Иманалиев мындан аркы кадамдар тууралуу айтып берди
09:15
"Ош" базарындагы башаламан соода менен күрөш уланууда. Сүрөттөр
09:12
Мира Жангарачева Гапар Айтиев атындагы музейге директор болду
13:51
Аялдар эмнеге стресс болот? Окумуштуулар негизги себеби тууралуу
17:23
Бишкектин борборунда сары футболкачан адамдар митингге чыкты. Талабы эмне
16:57
Көлдүн Сырт аймагынан ок жеген аялдын сөөгү табылды
16:55
6 жаштагы шахматчы Султай "Лучше всех" шоусуна барып, Галкинди таң калтырган. Видео
16:42
150 миң доллар пара алды делген Илмияновдун иши боюнча тергөө аяктады
11:20
Кыргызстан бейпил өлкө рейтингинде 13 сапка көтөрүлдү
12:03
Башкы прокуратура атайын эсепке 16,4 млн. сом которду
12:02
Мэрия сатылып кеткен 5 гектар жерди Бишкектин менчигине кайтарып алды
11:41
Бишкекте 12 өлкөнү бириктирген ШКУ саммити өтүүдө. Тексттик трансляция
15:35
«Кийимдерин төшөк кылып...»: Өспүрүмдөр эрки менен кумарын кандырышканбы же кыз зордукталганбы?
15:30
Кытай Кыргызстандан ири көлөмдө азык-түлүк сатып алууга даяр
14:56
Бишкектеги ШКУ саммити. Учурда эмне болуп жатат
10:39
Кыргызстанда активдүү мигранттар үчүн жайкы лагерь иш алып барат
10:34
Бишкекке келген Монголиянын президентин кызыл гүл менен тосуп алышты. Сүрөттөр
10:32
Жээнбеков Путинди Россия күнү менен куттуктады
17:19
Атамбаев айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганбы? Милиция менен КСДПнын жообу
17:18
Өзү билип аскер бөлүгүн таштап кетүүгө аракеттенген жоокер кармалды
17:15
Чагымчылдык! Кеңешчиси Атамбаевдин айдоочулук күбөлүгү тууралуу үн катты
14:59
Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды
13:21
Балыкчыдагы батут кырсыгы: 3 жашар кыздын абалы оор
Бардык кабарлар

Миллиондорду балкондогу капаска катчубуз. Дизайнер Расулованын маеги

Редактордун колонкасы / Мода
173
0

30 жаштагы Расулова иште гана мыктылыгын көрсөтпөстөн үй-бүлөнү дагы чогуу алып кетип, төрт эркек баланы тарбиялоодо.

Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек куруп, дизайнерликти аркалоонун сыры, кыйынчылыгы жана жемиши, ошондой эле жеке жашоо менен карьераны кантип айкалыштыруу керек экендигин айтып берди.

— Ата-энеңиз кол өнөрчүлүктү аздектеген адамдар экен, дизайнерликти аркалап калышыңызга сөзсүз алардын таасири болсо керек.

— Нарын районунун Миң-Булак айылынанмын. Кичинекей чакта элдин балдарындай көп ойногон жокпуз. Башкаларга кадимкидей суктанчубуз. Ата-энебиз бизди катуу кармады. Эки тараптын  тең теги уз адамдар болгон экен. Жыгач, темир устачылык менен алектенишкен. Чоң атабыз ээр чапчу, боз үйдүн ууктарын жасаган. Өзүмдүн апам кыргыздын кол өнөрчүлүгүн аздектеп, чеберчилик менен жасаган адам болгон. Бизге кийиз тептирип, жүн сабаттырчу, шырдак оюп, боз үйдүн канат чийлерин чырмачубуз. Жадагалса кошуналардыкын дагы жасап бергенбиз. Анда сиңдим экөөбүз 8-10 класста окусак керек. Мен мисалы, кошунамдын кичинекей кыздарына ишенип жумуш тапшырмак эмесмин деп ойлоп калам. 

Дизайнер Мунара Расулова во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Дизайнер Мунара Расулова 6 жылдан бери Dolon style кийим дүкөнү менен ательесин жетектейт

— Колдон чыккан буюмдарды сатыкка койчу белеңер?

— Боз үйдүн чырмалган чийин бир ирет кунажынга, экинчисин тайга алмашканбыз. Чырмалган чийлерди бир ай дегенде араң бүтүрөсүң да. Андан сырткары, туулган күндөрдө акча коротпой колго жумшак оюнчуктардан жасап алчубуз.

— Кол өнөрчүлүк көздүн майы менен колдун күчүн талап кылат, иштен тажаган учурларыңыз болобу?

— Негизи буйрутма алып пландаштырып иштейли дейбиз. Бирок кыргыздар эртең той дегенде келишет да. Анан түнү менен тигип бер деп шаштырышат. Үч ирет Көчмөндөрдүн дүйнөлүк  оюндарынын катышуучуларына кийим тиктик. Анда дагы аз убакыт калганда келишкен.

Жашыраак кезде кызыгуу менен иштечүбүз. Эсимде, бир жакка бараарда ата-энебиз берилген тапшырманы аткармайынча кое берчү эмес. Акыркы 3-4 жылдан бери чарчагандай сезем. Азыр айла жок, каражат табуу, ишти улантуу максатында иштеп жатабыз. Анткен менен чыгармачыл адамдын фантазиясы түгөнбөйт. 

Модель в одежде от дизайнера Мунары Расуловой
© ФОТО / ЖОЛДОШБЕК ТОКТОСУНОВ
Расулованын колунан белгилүү өнөрпоздор кийинет. Сүрөттө ырчы айымдар Гүлзат Байзакова, Гүлбү Ороскул кызы, Салима Балтаева

— Кийим-кечек студиясын кантип ачып калдыңыздар жана аталышы эмнеге "Долон"?

— Сиңдим экөөбүз эки башка кесиптин ээсибиз. Мен филолог, ал журналист. Экөөбүз тең кесип менен иштеп көрдүк. Дос-туугандар адатынча кийимге буйрутма бергенин койбоду. Ишти баштоого эл себепчи болду. Студияны алты жыл мурда ачканбыз. Кийимдин бардык түрү тигилет. Улуттук колориттеги, классикалык, европалык, той-кече, үлпөт тойлорго жана башкага кийиле турчу кийимдер даярдалат. Командамда 15тей адам бар. Ишкананын асты дүкөн, үстү ателье.

Бала кезимде Долон ашуусундагы үйлөрдө жашаганбыз. Ошонун таасиринен улам кымыз жыттанган, абасы таза балалыкты эстеп Dolon style атап койгонбуз.

— Бардык ишкерлер сыяктуу насыя алган убактар болобу?

— Майда-барат карыздар болсо керек. Ири насыя алган жокпуз. Карызга баткандан, бирөөлөрдүн ортосуна кепил болгондон абдан сактанабыз. Ата-энебиз биз үчүн санааркап, "кыздарыбыз туура эмес иш кылып, эл караган бетибизди жер каратпаса экен" деп турушат. Сиңдим, иним менен кеңешип иш кылабыз. Идея бирөөбүзгө жакпай калса жасабайбыз. 

Модель в одежде от дизайнера Мунары Расуловой
© ФОТО / ЖОЛДОШБЕК ТОКТОСУНОВ
Дизайнер: даярдаган эмгектер өтө арзан, ошол эле учурда асмандаган баада сатылбайт

— Ишти баштоодо биринчи инвестиция керек, андан кийин өзүн актайт деп айтылат. Сиздер канча каражат менен ишкерликти баштагансыздар?

— Сиңдим Анара экөөбүз 10 эле миң сом менен иш баштаганбыз. Бирок ошол 10 миң сомдун өзүнчө тарыхы бар. Мындан 5-6 жыл мурда мектептер бирдиктүү формага өтүп баштаган. Жалпысынан республика боюнча 1,5 миллион окуучуну 25 ишкана кийинтмек. Сиңдим менен Нарын жана Ат-Башы райондорунун окуучуларына тигип бермей болдук. Бизде каражат жок болгондуктан алгач мектептерден форманын жарым акчасын чогултуп алууну эп көрдүк. Каражат мугалимдерден 30, 50, 70 миңден карточка аркылуу келип турду. Банкоматтан чыгарып жатканда абдан коркчубуз. Үйгө келгенде балкондогу көгүчкөн кармаган капаска акча менен документтерди катып койчубуз. Эң эле коркконубуз ушул иш болду. Ата-энебиз да абдан санаа тартыптыр. Жыйынтыгында 1 миллион 700 миң сомго 9 миңдей форма тигип берип, милдеттен кутулгандан кийин "өө-хх" дедик. Сый акыга жакшы эле акча алганбыз. Бир жылдай эс алып, конокко барып, ичип-жеп жүрө бердик. Акыры 10 сиң сом калганда сиңдим экөөбүз "ойгонуп", базардан индия кездемелерин сатып алып иш баштадык. Кудайга шүгүр, кардарлар чогулуп ишибиз өрүш алып кетти.

— Студиядагы эң кымбат жана эң арзан кийим кайсы?

— Жоолук шарфтар 800-1500 сомго чейин болот. Концерттик костюмдар 30-40 миңге чейин барат. Даярдаган эмгектер өтө арзан, ошол эле учурда асмандаган баада сатылбайт. 

Дизайн одежды дизайнера Мунары Расуловой
© ФОТО / ЖОЛДОШБЕК ТОКТОСУНОВ
Расулова: кесиптин эң мыкты адиси болуудан мурда бийик адамдык сапатка ээ болуу керек. Кардарлар биз менен иштешүү жеңил экендигин айтышат. Ар бир кардардын тилин тапканга аракет кылабыз.

— Карьераңыздардагы эң кымбат көйнөк кайсы болду?

— Ал бир эле жолу болду. Ош тараптан бир айым тойго деп 800-900 долларга тиктирип кеткен. Ал эми комплект кийимдер 1,5 миң долларга чейин даярдалат.

— Социалдык тармактан көбүнчө белгилүү өнөрпоздорго тигип бергениңизди көрүп калабыз

— Манасчы Ширин Сарыгулованын көп костюму бизге таандык. Анын стили бөтөнчө. "Эл ырчысы Эстебес" тобуна, атактуу комузчу Самара Токтакуновага тигип бергенбиз. Санап отурсак, арбын.

— Азыр мекемелердин формалары тендер аркылуу тигилип калбадыбы, аны утуп чыгууда кыйынчылыктар барбы?

— Кайсы бир кесип ээлеринин жалпы формаларын тигип жүрөбүз. Айрым комиссия мүчөлөрү акчага карап, арзаныраак кызматты тандашат. Алар сенин кездемеңдин сапатын да билишпейт. Кийим даяр болгондо нааразычылыктар жаралышы ыктымал. Тендерди утуп чыгуу оңой эмес, күчтүү дизайнерлер катышат. Биз алты жолу катышып, төрт ирет утуп алганбыз. 

Модель в одежде от дизайнера Мунары Расуловой
© ФОТО / ЖОЛДОШБЕК ТОКТОСУНОВ
Расулова: ишкананы кеңейтип, окутуу борборун ачкым келет

— Азыр дизайнерлерден уучубуз куру эмес, атаандаштыкка кантип туруштук берсе болот?

— Кесиптин эң мыкты адиси болуудан мурда бийик адамдык сапатка ээ болуу керек. Бизден кыйын дизайнерлер арбын. Биз да башкалардын жумушуна суктанабыз. Анткен менен кардарлар биз менен иштешүү жеңил экендигин айтышат. Ар бир кардардын тилин тапканга аракет кылабыз.

— Сыр болбосо бир айлык кирешеңиздер тууралуу айтып бересизби?

— Мен ар дайым чет мамлекетке чыкпай мекениңде эле оокат кылса болот деп айтып келем. Дизайнерликти аркаласаң көчөдө калбайсың. Азыр той кечелерге элдин баары кийимди тиктирип кийип калган. Так кирешени айта албайм, ар айда ар кандай. Бизде деле январь айы кризис болот. Күркүрөгөн күздө молчулук, жадыраган жазда жаңыланам дегендер көп. Тапканды командам менен бөлүшүп, айлык акы, ижара, кездеменин баасы сыяктуу нерселерге жумшайм.

Кийимдерибизди Америкага, Россияга жана Түркияга экспорт кылып жатабыз. Жеке адамдар тарабынан чет мамлекетке келип кетүүгө чакыруулар көп болот, бирок балдарыбыз кичинекей.

Ишкананы кеңейтип, окутуу борборун ачкым келет. Буга ашыкканымдын да бир себеби бар. Бизге практикага келген кыздар "сүрөт тартканды эле билебиз" деп келишет. Аларды жумушка алуу үчүн башынан окутуп, үйрөтүүгө туура келет. 

Дизайнер Мунара Расулова с мужем
© ФОТО / ЖОЛДОШБЕК ТОКТОСУНОВ
Мунара Расулова: жолдошум сабырдуу, токтоо адам. Ар дайым бири-бирибизди колдоп келебиз

— Кесиптешимдин Facebook баракчасындагы "25 жашка чейин ким эмнеге жетишти" деген постунун алдында сиздин "Турмуш куруп, 4 балалуу болуп, бир ишкананы жетектеп калгам" деген жообуңузду окугам. Канткенде жумуш менен жеке жашоону бирдей алып кетүүгө болот?

— 19 жашымда эле турмушка чыккам. Мени жолдошум карыган чоң апасын багам деп эле ала качып алыптыр. Ал чоң апасы үчүн айылга кетип, мен шаарда кайын-журтум менен калдым. 24 жашымда төрт эркек балалуу болдум. Акыркысы эгиз. Эки баланы эки бешикке бөлөп коюп, түймө түйүп, реставрация менен алектендим. Бир-эки бала менен үйдө отуруп калып депрессияга түшкөн кыз-келиндерди көп эле көрөм. Кайын-журт бардыгыбызда эле бар. Сөзсүз бир нерсе менен алектенүү керек. Күйөөсүн күтүп чуу чыгарып отуруунун кажети жок. Бардыгын чогуу алып кеткен жакшы. Балдар биринин аркасынан бири чоңоет.

— Жолдошуңуз эмне иш кылат?

— Мамлекеттик кызматта иштеген. Эки жылдан бери менин жумушума жардам берип келет. Жолдошум сабырдуу, токтоо адам. Ар дайым бири-бирибизди колдоп келебиз.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20181223/1042582628/dizajner-munara-rasulova-menen-maek.htmlДизайнер Мунара Расулова бала кезинен эле ишкерликтин көзүн тапкан. Мектепте окуп жүргөндө эле шырдак оюп, жүн сабап, кийиз жасап, жадагалса боз үйдүн чийлерин чырмап, акысына кунажын, тай тапкан учурлары болгон. Эми ал жетектеген Dolon style кийим дүкөнү менен ательесине төбөсү көрүнгөн адамдар баш багат.