Бүгүн:

Акыркы кабарлар

13:55
Пирматов мас айдоочуларды күбөлүктөн биротоло ажыратууну сунуштады
10:47
"Ала-Тоо" аянтындагы митингчилер милиционерлер менен жулкулдаша кетти
10:41
Митингге чыккандардын көбү урнага басып барып түкүрүп жатышат. Сүрөт
17:20
Роналду Италияда дарыланган кыргызстандык кызга учурашып, абалын сурады. Сүрөт
13:20
Депутат кечирим сурасын! ЖКдан чыгарылган аткаминер боюнча соцтармактагы пикирлер
16:14
ЖМК: Бишкектен учуп чыккан жүк ташуучу учак Тегеранда кулап түштү
16:08
Чыңгыз Айдарбеков Норвегияда жашаган мекендештер менен жолугат
14:20
Бишкекте жол кире эмне үчүн кымбаттайт. Мэриянын жообу
14:11
Иштеп, үй-бүлөнү баккан жакшы! Маршрутка айдоочулары видеокайрылуу жасады
11:06
Бишкекте учактын 4,5 саатка кармалышынын себеби айтылды
10:55
Каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бере баштайт
10:43
Бишкек: коомдук транспортто колдонулчу электрондук билетке тендер жарыяланды
13:08
Оңолот деген ушу! Түкүрүү үчүн колуна чака көтөрүп алган жигиттин видеосу
13:05
Көчөдө түкүрүнгөн эки милиционер изделип жатат
13:00
Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү менен Индияга учпай турган болду
12:56
Көчөдө түкүрүнгөн дагы эки милиционер видеого түшүп калды
12:54
Бишкектин маршрутка айдоочулары митингге чыгар-чыкпасын айтты
12:45
Өзбекстанга караңгылатылган айнек менен баргандар айыпка жыгылмай болду
18:11
Гендер боюнча эксперт Гульсана Абытова: “Боюнда бар деген жасалма справка жасатып алып, 18ге чыга элек кыздарын турмушка бергендер көбөйдү”
16:54
Боронов акыркы 9 жылда Кытайдын канча жараны КР жарандыгын алганын айтты
12:42
Кыргызстан 90 миң долларга суюк азот иштеп чыкчу жабдуу сатып алды
12:29
УКМК: Сапар Исаков ТЭЦти оңдоодо мамлекетке 111 млн. доллар чыгым келтирген
11:21
ОСАГО полисин албагандарды айыпка 7-августтан тарта жыгуу сунушталды. Себеби
10:04
ОСАГО: камсыздандыруу компанияларынын даректери жана телефондору
10:03
Премьер: түкүрүк боюнча айыпты карап чыгыш керек. Видео
11:46
Бишкекте троллейбус менен автобустун айдоочусу мушташкан окуянын чоо-жайы
10:11
ОСАГО тутуму кантип иштейт? Мамфинкөзөмөлдүн түшүндүрмөсү
10:08
Жети батирди бөлүшө албай түрмөгө түшкөн бир туугандар. Адвокат менен маек
10:03
Үч күн ичинде 15 мас айдоочуга ири көлөмдө айып пул салынды
10:00
Таластагы жол кырсыктан айдоочунун 2 жашар кызы менен жүргүнчү аял набыт болду
14:53
Жаңырган мыйзам жаңы тартип орното алабы?
13:42
Мынча киреше табам деп ойлогон эмесмин. Бишкектик айымдын бизнестеги баяны
13:40
Импотенция жаш-карыга карабайт. Оорунун себептери тууралуу
13:38
Ысык-Атада жаш келиндин сөөгү табылды
13:37
Абылгазиев: айып пулдун жогорулатылышы - кырсыктын алдын алуу чараларынын бири
13:24
Кыргызстанда канча киши жашайт, канчасы бала, канчасы жакыр? Статкомдун отчету
11:10
Мас болуп айдасаңыз эми... 55 миң сомго чейин айып төлөйсүз. Жаңы эреже күчүнө кирди
14:58
Балага сүйүнчү эки күндүн ичинде бир эле документ менен бериле баштайт
14:51
Жаңы жылда борбордук аянтта 2 миңден ашык милиционер кызмат өтөйт
09:55
Прокуратура: Улуттук университеттин кызматкерлери 1,5 млн. сомду кымырып алган
09:30
Ажылык-2019: кыргызстандыктарды ташый турчу авиакомпаниялар тандалат
09:24
Бишкекте жол кырсыгы көп катталган кесилишке жол чырак орнотулду
09:10
Сания Шакированын өлүмүнө күнөөлү делген киши сот өкүмүнө нааразы. Сот иши уланат
15:26
Согушта көз жумган аталардын бейитине бара албай... ЖКда маселе көтөрүлдү
15:24
Парламентте Ысык-Көл визасын киргизүү сунушталды
Бардык кабарлар

Уюлдук телефондор эмне себептен жарылып кетет? Бишкектик адистин кеңеши

Редактордун колонкасы
51
0

Тагыраагы, үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында Тоң райондук аймактык ооруканасына шымынын чөнтөгүндөгү телефону жарылып, төшү, ичи, алаасы күйгөн 14 жаштагы өспүрүм келип түшкөн. Кырсыктын кесепетинен бала 1-2-даражадагы (30 пайыз) күйүк алган. Учурда анын абалы туруктуу экендиги айтылат.

Ал эми Ысык-Көл облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов бул окуя боюнча кылмыш иши козголбой турганын билдирди.

"Телефондун жарылуусу бөөдө кырсык деп эсептелди. Себеби баланын чөнтөгүнө эч ким жарылуучу зат салган жок да. Башкача айтканда, окуяда кылмыштын курамы жок. Ээси телефон чыгарган компанияга доомат кое алат. Бирок ишти аныктоо кыйын. Себеби баланын энеси жарылган телефондун калдыгын таштандыга ыргытып ийген", — деди Усубакунов.

Основатель цента обучения Академия Smart, мастер и преподаватель Азамат Айтыкулов
© ФОТО / БОЛОТ МЕРГЕНБАЙ УУЛУ.
"Академия Smart" окутуу борборунун негиздөөчүсү, чебер жана окутуучу Азамат Айтыкулов

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги уюлдук телефондордун жарылып кетүүсүнүн себебин жана алдын алуу жолдорун билип көрдү. Суроого "Академия Smart" окутуу борборунун негиздөөчүсү, чебер жана окутуучу Азамат Айтыкулов жооп берди.

Адис уюлдук телефондун өзү эмес, анын ичиндеги аккумулятордук батарейкасы жарыла турганын айтып берди.

 

"Уюлдук телефондорго, смартфон жана планшеттерге Li-ion батарейкасы салынат. Ал өзүнө аябагандай кубаттуу энергияны сактайт. Батарейкаларда тийишүү (замыкание — ред.) болсо, жарылууга алып келет", — деди Айтыкулов.

Ал белгилегендей, Li-ion батарейкаларында тийишип кетүүдөн сактаган атайын микросхема (батарейканы көзөмөлдөп туруучу — ред.) орнотулган. Микросхема эки максатты көздөйт:

1. Телефондун батарейкасына энергия толук кандуу топтолгондо зарядды кабыл алуунун өз убагында токтотулушу үчүн каралган;

2. Телефондогу батарейкаларды майда-барат тийишүүдөн коргоп, алдын алат;

Аккумуляторы сотовых телефонов
© ФОТО / АЗАМАТ АЙТЫКУЛОВ
Айтыкулов: уюлдук телефондун өзү эмес, анын ичиндеги аккумулятордук батарейка жарылат

Уюлдук телефондун жарылуусуна дал ушул аккумулятордук батарейкалардын көзөмөлүнүн иштен чыгуусу себеп.

Айтыкулов телефондордун жарылуусу адамдын өзүнө же предметке өтө кооптуу экендигин белгиледи.

"Li-ion батарейкасынын кубатын вулкандуу тоого салыштырса болот. Анда тийишүү болгондо чоң энергия тышка чыгат. Бул ден соолукка өтө кооптуу. Жарылуу өрт менен коштолгондуктан адамга жана айланасындагы нерселерге чоң зыян келтирет", — деди ал.

Ошондой эле адис кайсы компаниянын телефондору жарылууга көбүрөөк кабыла турганын так айтуу кыйын экендигин айтып берди.

"Албетте, телефон чыгарган компаниялар продукциясынын жарылып кетпеши үчүн кам көрөт. Бул же тигил телефон чыгарган компаниялардыкы көбүрөөк жарылат деп айтуу кыйын. Өйдөдө белгилеп кеткендей, телефондун жарылуусуна "мандеми" бар аккумуляторлор себеп. Эмне үчүн кемчилиги бар аппараттар чыгып жатат десеңиздер, ар бир компания жаңы телефонду сынактан өткөрүшү керек, айрымдары мындай талапты аткарбай эле сатыкка коюп жиберүүдө", — деди ал.

 

Адис уюлдук аппараттын жарылып кетишин алдын алуунун жолдорун тизмектеп берди.

Аккумулятор сотовых телефонов
© ФОТО / АЗАМАТ АЙТЫКУЛОВ
Адис: Li-ion батарейкасынын кубатын вулкандуу тоого салыштырса болот. Жарылуу өрт менен коштолгондуктан адамга жана айланасындагы нерселерге чоң зыян келтирет

1. Уюлдук телефонду өзүнүн оригиналдуу зарядкасы менен гана заряддоо керек. Аппаратты жаңы алганда ичинде өзүнүн заряддагычы болот;

2. Уюлдук телефонду таң аткыча заряддабаш керек;

3. Чөнтөк телефондорду унаадан заряддоо кооптуу. Бул туурасында компаниялар ар убак эскертип келет;

4. Гаджет заряддалып бүткөнчө колдонбой эле турган жакшы;

5. Телефондогу батарейка шишип кетсе, дароо телефон оңдогон адистерге кайрылып, себебин билүү керек. Адатта каражат барсайып көөп кеткен учурлар көп кездешет.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги буга чейин уюлдук телефонду жоготуп алган адам кандай кадамдарга барышы керек экендигин жана уурулуктун алдын алуу жолдору тууралуу жазган.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20181227/1042634907/telefon-zharylyp-ketuu-boyuncha-adistin-keneshi.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно