Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:45
Маданият министри тарых музейинин ачылбай жаткан себебин айтты
10:05
Иранда өтчү эл аралык кинофестивалда "Дарак ыры" көрсөтүлөт
16:59
Абактардагы жумуш орундары. Турганбаев түрмөлөрдү кыдырды
11:49
Сооронбай Жээнбеков Германияга учуп кетти. Сапардын программасы
11:06
Кыргызстандын алдыңкы көк бөрүчүлөрү күйөрмандары менен жолугат
11:02
Байге фонду 192 миң сом! Бишкекте дем алыш күнү жарым марафон өтөт
14:38
Депутат айдоочуларга салынган айып пулдун көлөмүн кайра кароо сунушун берди
14:37
Кашкар Жунушалиев Ноокенде уурдалып өлтүрүлгөн баланы унутуп калганда
14:22
Иракта футболчу Криштиану Роналдунун "эгизи" табылды. Видео
14:17
Акимиат Бабановду колдоо митинги боюнча сотко кайрылды
14:13
Шектүүлөр 12 жаштагы баланы эмнеге уурдашкан. Сурактын видеосу
12:53
Президент коңшулар менен болгон көйгөйлөрдүн чечилишинен кеп кылды
16:59
Таласта абактагы жалгыз кишини жаман шартта кармаган жетекчи иштен кетти
16:57
Көз жашын куюлтуп, жоогазын кучактаган Советбек Жумадыловдун таберик сүрөтү
10:13
Ышкырып, гүл сунуп, сүрөгөн жигиттер. Шевченконун Бишкекке келген видеосу
13:59
Ысык-Көл облусундагы 10 гектар жайыт жер мамлекетке кайтарылды
12:35
Мечит менен чиркөө кызматкерлери чогуу-чаран бак тигип, парк тазалайт
12:31
Жээнбеков спортчуларды куттуктап, Олимпиада оюндарына катышуу боюнча айтты
13:16
Руслан Казакбаев: Кыргызстандын маалыматтык коопсуздугуна шек келүүдө
12:30
100 миң доллар утурган жигит. Бишкекте кумар оюндары өткөн жайлар текшерилди. Видео
14:51
Ысык-Көл облусунда 475 түп бактарды эч кандай уруксаат кагазы жок кыйган жаран аныкталды
11:23
Депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы маселени жабык эшик артында карайт
10:36
Кыргызстанга келген Путинди Жээнбеков кантип узатты. Фотофакт
09:37
Россияда мигранттарды кызамыкка каршы эмдөө башталды
12:41
Россияда окуйм дегендерге маалымат. Бишкекке РФтеги ЖОЖ өкүлдөрү келет
12:33
Жер байлыгы алтын-күмүш болсо, эл байлыгы эмне? Салам берүү сабагынан
13:18
Кыргызстанда туруп Россиядагы окуу жайга тапшырса болот
13:17
Кыргыздын алгачкы оркестрди түзгөн Шубиндин атындагы мектепке 80 жыл толду
13:14
Бишкектеги аскер бөлүккө казак жоокеринин сүрөтүн илгендер жазаланды
14:33
Путиндин Кыргызстанга болгон сапары 5 мүнөттүк видеодо
14:23
Бишкектеги эки жаңы конушта жаңы сквер пайда болмокчу. Эскиз
13:13
Жээнбеков Кыргызстанда илимдин кайсы тармагын өнүктүрүү керектигин айтты
12:51
Москва мамлекеттик университети 6 ирет Бишкекте филиал ачууга аракет жасаган
12:43
Москва мамлекеттик университети 6 ирет Бишкекте филиал ачууга аракет жасаган
14:30
Москвада бизнес ачуу бир себептен улам оор. Кыргызстандык ишкердин тажрыйбасы
14:27
Путинди тосуу аземи жаңы форматта өтүп, таң каларлык болору айтылды
14:25
Россиялык жаштардын Кыргызстанга көз карашы өзгөрүүдө
14:06
Оолуксам 30 жаштамын... Окумуштуулар адам качан чоңоерун айтышты
10:56
Эр сайышка чыккан Улукбек: аравиялык шейх баламды үйрөтүп бер деп суранды
15:18
Панфилов паркында аттракциондон кыз кулап, ооруканага түштү
15:11
Аттракциондон кулаган кыз. Парк жетекчилиги окуянын чоо-жайын айтты
11:19
Ипподромдо жакалашкан күйөрмандар. Көк бөрүнүн финалындагы видео
14:26
Депутат Якутиядагы окуя боюнча Мамдумага кайрылууну сунуштады
14:15
Жээнбеков Казакстандын жаңы президенти Токаевди куттуктады
02:14
Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону аталып, 2 «Нива» уткан: Жылына 4 млн сом тапкан өзгөндүк фермер
Бардык кабарлар

Уят! Акрамов Кыргызстандын медицинасындагы бетпактыкты ачыктады

Редактордун колонкасы
57
0

Профессор Акрамов ооруканада түнөп, ошол жерде күн кечирет. Иш бөлмөсүнө керебет коюп алган. Ал эми өзү кадыресе турмуш кечиргендей: "Таңгала турган эмне бар? Жашоом ушул, бейтаптар менен жашайм", — деп коет.

Андайларды өз кесибинин чебери же иш дегенде ичкен ашын жерге койгон киши деп коюшат эл ичинде. Жок эле дегенде отуз миңден ашуун операция жасаган профессор алардын эсебин да албайт. 

— Сиз экөөбүз мурда да көрүшкөнбүз.

— Чындап элеби? 

Доктор медицинских наук, профессор Эрнст Акрамов во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Эрнст Акрамов: бир айым сынык менен ооруканага кайрылса, жеңил эле бир операцияга 65 миң сом талап кылышканын айтып беришти мага! Бул өтө уят иш!

— Бир топ жыл илгери. Ал кезде секелек кыз элем. Бир күнү кечинде ичим чыдатпай ооруй баштады. Тез жардам менен ооруканага алып келишти. Оорудан онтоп, бир эсе коркуп ыйым тыйылбады. Доктур келди акыры. Ал мага аябай акылдуу, тажрыйбалуу туюлду, себеби тегерегиндегилердин баары ага суроо берип жатышкан. Врач мени УЗИге түшүрдү, кабагын бүркөп, мандем сокур ичегимде экенин, тезинен операцияга даярдоо керек экенин айткан.

— Өтө шашылышпы?

— Ооба, кечиктирбестен жасалышы керектигин, болбосо, сокур ичегим жарылып, өлүп каларымды да айткан. Ошондо апам түн ортосунда мени башка ооруканага алып жөнөгөн. Сиздин иш бөлмөңүзгө баш бактык. Ичимди кармап көрүп, чочулабай үйгө бара беришимди, аппендицит жок экенин билдирдиңиз. Ичим өзүнөн өзү басылып, операция болгон эмесмин.

— Канча жыл өттү андан бери?

— Он жети жылча болуп калды...

— Сиз жашап эле жүрөсүз?..

— Ооба, типтирүүмүн.

— Кесип салышмак. 20-30 миң сомдой акча алышмак. Операцияны кандай көтөрөрүңүз да арсар болмок. Азыр көп жерде ушундай алдамчылык бар, акча үчүн баарына даяр, ал тургай, бейтапты курмандыкка да чалып жиберишет.

Өткөндө бир айым сынык менен ооруканага кайрылса, жеңил эле бир операцияга 65 миң сом талап кылышканын айтып беришти мага! Бул өтө уят иш!

Ал эми ракка кабылгандардан 100 миң сом алышат. Элде андай акча кайдан? Адамга медициналык жардам капчыгынын калыңдыгына карап көрсөтүлбөшү керек. Врачтын бейтапты акча табууга мажбурлашы кылмыш болуп саналат! 

Доктор медицинских наук, профессор Эрнст Акрамов в рабочем кабинете
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Акрамов: Менчик бейтапканалар — биздин иштеги эң ыплас жай, анда эч кандай кесипкөйлүк, мектеп деген жок. Доктурлар андай жерден эч нерсе үйрөнө алышпайт, үйрөнүүгө чамасы да келбейт.

— Маектериңиздин биринде менчик бейтапканаларга каршы экениңизди билдирипсиз. Эмнеге? Акча төлөсөм, сапаттуу дарылашат да мени.

— Анын эмнеси жакшы!? Менчик бейтапканалар — биздин иштеги эң ыплас жай, анда эч кандай кесипкөйлүк, мектеп деген жок. Доктурлар андай жерден эч нерсе үйрөнө алышпайт, үйрөнүүгө чамасы да келбейт.

Бизге жеткенче ортодон менчик бейтапканага барып, абалы ого бетер начарлаган бейтаптарды көп көрчү болдум. Мындай учурлар толтура. Ал тургай, кээде эптеп акча алыштын амалын издеп, таптакыр талап кылынбаса деле операция жасай беришет. Акмакчылык чегине жеткен жерде башы ооруса, бутун кесишет.

— 2005-жылга чейин Кыргызстанда маркумду союу бардык жерде жүргүзүлчү. Ал эми азыр туугандары диний ишениминен улам сойдурбай алып кетүүгө акылуу. Буга кандай карайсыз?

— Эл бир нерсени түшүнө бербейт, сөөктү жерге берүүдөн мурда ал союлушу керек. Өлүкканада "Маркумдар тирүүлөргө үйрөтөт" деген ураан жазылган. Бул эмнени билдирет? Врач андан аркы ишинде катачылык кетирбөө үчүн туура дарыладыбы же жокпу, так билип алууга тийиш. Албетте, эгер киши 7-кабаттан учуп же көптөн бери рак менен алышып келген болсо, андай учурда баары айдан ачык, ага баш катыруу зарыл эмес. Бирок көп учурда адам эмнеден каза тапканын так аныктоо татаал.

 

"Кудай берген жанды кудай алды" деген принцип — орто кылымга таандык. Анан медиктерден кантип кесипкөйлүктү күтүүгө болот?! 

— Дарылоо акысыз болсун деген пикирдесиз, бирок азыркы медицина деле абдан кымбат. МРТ же башка аппаратурабы, айтор баасы бир топ эле...

— 60-70 жыл мурун биз эч кандай МРТсы жок эле дарылап келгенбиз. Ой жүгүртүп, мээни иштетип эле ооруларды жеңчүбүз, балким, азыркы кымбат аппаратураларды колдонуп дарылоодон да артык дарылагандырбыз.

Доктор медицинских наук, профессор Эрнст Акрамов во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Акрамов: 60-70 жыл мурун биз эч кандай МРТсы жок эле дарылап келгенбиз. Ой жүгүртүп, мээни иштетип эле ооруларды жеңчүбүз, балким, азыркы кымбат аппаратураларды колдонуп дарылоодон да артык дарылагандырбыз.

 

— Кандайдыр бир сырдуу жол же дуба менен 4-баскычтагы ракты айыктырып жиберүүгө жөндөмдүү эмчи-домчулар кеңири тарап баратат. Мындайга кандай карайсыз?

— Бейтаптын бүт организмин метастаза жабыркатып салган дейли. Өтө өтүшүп кеткен учур, онкологдор андайды эшиктен эле кайтарып жиберишет. Андай бейтапка эмне кыл дей аласыз? Кайда барат? Табыптарга барат. Ал дубасын окуйт, кандайдыр дары чөп берет. Албетте, бул дарылоо эмес, адам болгону дарттан алаксый түшөт. Шамандарды айыптап эмне кылабыз? Эч ким аларга бейтапты күчтөп алпарбайт. Андан көрө андай бейтапты кайда жиберүүнүн жолун чечкиле. Бөлөк мамлекеттерде кесели өтүшүп кеткен бейтаптар атайын хоспистерге жаткырылат, аларга ооруну басаңдатуучу дарылар берилет, абалын жеңилдетүүгө аракеттер жасалат.

— Ошентсе да социалдык медианын ар бутагында жардам сурап кайрылгандар жайнайт. Жакынын ажалдан арачалап калуу үчүн колундагы акыркы акчасын карматат, себеби чет жерде бардык дарттан айыктырышат, бирок акысы асмандын башын чапчыйт.

— Өлкөбүздө адамдар алакан сунуп, акча суроого аргасыз абалда болгону абдан ачуумду келтирет. Мамлекет эмне кылып отурат?! Анан да миллиарддап акча уурдап кармалгандар жаңылыктардан күндө көрсөтүлөт. Киши элдин акчасын уурдап алат да шарттуу түрдө гана кесилет.

Бир да өлкө дарылай албай турган кеселдер бар. Бирок айрым бейтапканалар баары бир ири эсептерин жибере беришет, анткени акча табууну көздөшөт. Ошол эле рак дейли, аны АКШ, Канада же биздин Кочкордо да бирдей дарылашат. Жанна Фриске мээсиндеги шишиктен сакайып кетүү үчүн миллиондорду сарптады. Жеңе алган жок да дартты... Рак байларды да алып кете берет.

 

Бирок биздин киши чет өлкөгө барса эле аны айыктырып коюшарына ынанат. Иш жүзүндө бейтап жүз миңдеген доллар коротот, бирок ал жакта анын өмүрүн бир-эки айга гана узарта алышат, анан болду. Бул нерсе көйгөйдү чече албайт. 

— Врачтар көп учурда бейтаптардын таасирдүү туугандарын ортого салып, доктурларга кысым көрсөткөндөрүнө наалып калышат. Мындай учур сиздин ишмердигиңизде болду беле?

— Менде да, менин алдымда иштегендерде да андай нерсе болгон эмес. Менин бейтапканамда бир эреже сакталат: бейтаптын дарты такталмайынча, үйүнө кое берилбейт. Эч ким ооруканага тегин жерден келе бербейт, баш бактыбы, демек, саламаттыгы тынчын алды.

Көп учурда бейтап оору жаңы башталганда кайрылат, врач эч нерсе таппай кетирип коет. Көп өтпөй баягы бейтап ооруканага түшөт, дарты өтүшүп кетет, операция кылууга кеч болуп калат.

Врачтар бейтаптарды орун жок деген шылтоо менен кубалай беришет. Орун жок деген эмнеси?! Кушеткага жаткыр анда! Ординатордук бөлмөгө жатсын! Эгер анда да орун калбаса, палас төшө да, жерге жаткыр, орун бошогондо палатага которо коесуң. Башкысы, бейтап сенин көзөмөлүңдө болсун. 

Доктор медицинских наук, профессор Эрнст Акрамов в рабочем кабинете
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Эрнест Акрамов: Менин бейтапканамда бир эреже сакталат: бейтаптын дарты такталмайынча, үйүнө кое берилбейт. Эч ким ооруканага тегин жерден келе бербейт, баш бактыбы, демек, саламаттыгы тынчын алды.

— Эмнеге ооруканада жашайсыз?

— Кайда жашайын анан?

— Эл адатта батир, үйлөрдө турат го...

— Мен ооруканада жашайм. Өмүрүмдүн көп бөлүгүн ушул жерде өткөрөм.

— Бирок антип жашашка болбойт да!

— Эмнеге болбосун? Мен ушинтип жашайм. Бейтаптар менен.

— 1989-жылы республиканын партиялык аппаратынын каалоосу менен сиз СССРдин элдик депутаты болгонсуз. Эмнеге саясий кызматты улап кетпедиңиз?

— Ал жакка аралашып эмне табам, сүйгөн ишимди аткарып, бейтаптарды дарылайм. Бул саясат менен бизнестен да маанилүү. Медицина — ааламдагы эң ыйык кесип.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20190205/1043190593/ehrnst-akramov-menen-maek.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик