Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:39
ИИМ академиясынын курсантынан спайстын ири партиясын табышты. Сүрөт
16:44
Уран кениндеги иштер убактылуу токтоду. Өкмөттүн чечими
14:45
Өкмөт Кызыл-Омполдогу уран кени боюнча үн катты
15:48
Бакиров "Ош" базары дагы өрттөнүп кете электе маселени чечүүнү сунуштады
15:42
Славян университети таза суу боюнча адистерди даярдоочу факультет ачууну өтүнүүдө
16:45
Маданият министри тарых музейинин ачылбай жаткан себебин айтты
10:05
Иранда өтчү эл аралык кинофестивалда "Дарак ыры" көрсөтүлөт
16:59
Абактардагы жумуш орундары. Турганбаев түрмөлөрдү кыдырды
11:49
Сооронбай Жээнбеков Германияга учуп кетти. Сапардын программасы
11:06
Кыргызстандын алдыңкы көк бөрүчүлөрү күйөрмандары менен жолугат
11:02
Байге фонду 192 миң сом! Бишкекте дем алыш күнү жарым марафон өтөт
14:38
Депутат айдоочуларга салынган айып пулдун көлөмүн кайра кароо сунушун берди
14:37
Кашкар Жунушалиев Ноокенде уурдалып өлтүрүлгөн баланы унутуп калганда
14:22
Иракта футболчу Криштиану Роналдунун "эгизи" табылды. Видео
14:17
Акимиат Бабановду колдоо митинги боюнча сотко кайрылды
14:13
Шектүүлөр 12 жаштагы баланы эмнеге уурдашкан. Сурактын видеосу
12:53
Президент коңшулар менен болгон көйгөйлөрдүн чечилишинен кеп кылды
16:59
Таласта абактагы жалгыз кишини жаман шартта кармаган жетекчи иштен кетти
16:57
Көз жашын куюлтуп, жоогазын кучактаган Советбек Жумадыловдун таберик сүрөтү
10:13
Ышкырып, гүл сунуп, сүрөгөн жигиттер. Шевченконун Бишкекке келген видеосу
13:59
Ысык-Көл облусундагы 10 гектар жайыт жер мамлекетке кайтарылды
12:35
Мечит менен чиркөө кызматкерлери чогуу-чаран бак тигип, парк тазалайт
12:31
Жээнбеков спортчуларды куттуктап, Олимпиада оюндарына катышуу боюнча айтты
13:16
Руслан Казакбаев: Кыргызстандын маалыматтык коопсуздугуна шек келүүдө
12:30
100 миң доллар утурган жигит. Бишкекте кумар оюндары өткөн жайлар текшерилди. Видео
14:51
Ысык-Көл облусунда 475 түп бактарды эч кандай уруксаат кагазы жок кыйган жаран аныкталды
11:23
Депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы маселени жабык эшик артында карайт
10:36
Кыргызстанга келген Путинди Жээнбеков кантип узатты. Фотофакт
09:37
Россияда мигранттарды кызамыкка каршы эмдөө башталды
12:41
Россияда окуйм дегендерге маалымат. Бишкекке РФтеги ЖОЖ өкүлдөрү келет
12:33
Жер байлыгы алтын-күмүш болсо, эл байлыгы эмне? Салам берүү сабагынан
13:18
Кыргызстанда туруп Россиядагы окуу жайга тапшырса болот
13:17
Кыргыздын алгачкы оркестрди түзгөн Шубиндин атындагы мектепке 80 жыл толду
13:14
Бишкектеги аскер бөлүккө казак жоокеринин сүрөтүн илгендер жазаланды
14:33
Путиндин Кыргызстанга болгон сапары 5 мүнөттүк видеодо
14:23
Бишкектеги эки жаңы конушта жаңы сквер пайда болмокчу. Эскиз
13:13
Жээнбеков Кыргызстанда илимдин кайсы тармагын өнүктүрүү керектигин айтты
12:51
Москва мамлекеттик университети 6 ирет Бишкекте филиал ачууга аракет жасаган
12:43
Москва мамлекеттик университети 6 ирет Бишкекте филиал ачууга аракет жасаган
14:30
Москвада бизнес ачуу бир себептен улам оор. Кыргызстандык ишкердин тажрыйбасы
14:27
Путинди тосуу аземи жаңы форматта өтүп, таң каларлык болору айтылды
14:25
Россиялык жаштардын Кыргызстанга көз карашы өзгөрүүдө
14:06
Оолуксам 30 жаштамын... Окумуштуулар адам качан чоңоерун айтышты
10:56
Эр сайышка чыккан Улукбек: аравиялык шейх баламды үйрөтүп бер деп суранды
15:18
Панфилов паркында аттракциондон кыз кулап, ооруканага түштү
Бардык кабарлар

Кыргызстанга кайткан саясатчыларды кандай тагдыр күтүп турган. 6 мисал

Редактордун колонкасы
23
0

Жакында эле Өмүрбек Бабанов 13-апрель күнү Кыргызстанга келерин жар салды. Ал президенттик шайлоодо экинчи орунду алгандан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Ага карата эки кылмыш иши козголгон. Бирок кийинчерээк ал иштердин бири токтотулган. Ал эми УКМК март айында Бабанов Кыргызстанга келсе мыйзам боюнча жоопко тартыларын маалымдаган.

Учурда көптөгөн кыргызстандыктар укук коргоо органдары Бабановду кармайбы же кармабайбы деген суроолорду берип турган кез.

 

Sputnik Кыргызстан редакциясы чет жакта жүрүп келген саясатчыларды мекенинде кандай тагдыр күтүп тургандыгын эстеп көрдү.

Бул жерде кеп чет мамлекетке кылмыш иши козголгондон улам чыгып кеткендер гана эмес, иш менен барып кайра кайткандагы окуялар да тизмектелди.

Алмазбек Атамбаев

Бывший премьер-министр Алмазбек Атамбаев встречается со своими сторонниками во время президентской кампании в Бишкеке. 18 июля 2009 года
© AFP 2019 / VYACHESLAV OSELEDKO
Алмазбек Атамбаев

Аскар Акаев президент болуп турган учурда Алмазбек Атамбаев анын өмүрүнө коркунуч жаралгандыктан сыртка чыгып кеткендигин айткан. Андан сырткары, Акаев анын бизнесине тоскоолдук кылгандыктан мекенинен качууга аргасыз болгонун жана кызына кол салуу жасалганын билдирген. Мындан кийин Атамбаев бизнеси жолго салынып калган Түркияда баш паанектеп турган. Андан кийин Кыргызстанга кайтып келип, эки ыңкылапка катышып, өкмөттү эки ирет башкарып, президенттик шайлоодо ташы өйдө кулаган.

Медет Садыркулов

Экс-глава президентской администрации Медет Садыркулов с женой Айнагуль Токтогуловной
© ФОТО / ИЗ СЕМЕЙНОГО АРХИВА САДЫРКУЛОВЫХ
Медет Садыркулов

Кыргызстандагы өтө акылдуу жана таасирдүү саясатчылардын бири, ал Бакиев мамлекетти башкарып турган учурда президенттин администрациясын жетектеген. 2009-жылдын март айында Казакстанга жумуштап чыгып, кайра келген соң тагдыры аянычтуу аяктаган. Биринчи версияда Audi-100 автоунаасы ичинде эки адамы бар Lexus жолтандабасы менен кагышып күйүп кеткендиги айтылып келет. Алардын бири президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов экендиги кабарланган.

Audi айдоочусу Өмүрбек Осмонов тирүү калып, абакка отургузулганы менен 2010-жылдын 21-апрелинде аны түрмөдөн бычактап өлтүрүп кетишкен.

2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин трагедия иликтелип, өлтүрүү операциясын буюрган экс-президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жаныш Бакиев экени белгилүү болду. Маалыматтарда Садыркуловду Мамлекеттик күзөт кызматы менен кылмыштуу топтордун мүчөлөрү муунтуп жатканда Жаныш Бакиев карап турган деп айтылат. Тергөөнүн жүрүшүндө Садыркулов менен анын саясий технологу Сергей Слепченкону алгач өлтүрүп, андан соң жол кырсыгы болду деген сценарийди айтышкан. Кийин кылмышка катыштыгы бар Мамлекеттик күзөт жана Чек ара кызматынын өкүлдөрү жоопко тартылып, эркинен ажыратылган.

 

Нариман Түлеев

Экс-мэр Бишкека Нариман Тюлеев во время пресс-конференции.
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Нариман Тюлеев

2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Бишкектин мэри Нариман Түлеев кызматтан алынып, өлкөдөн чыгып кеткен. Ал эми ушул эле жылдын 6-апрелинде Бишкектеги  "Манас" эл аралык аба майданынан кармалган. Сурак бир топ мөөнөттө болуп, андан соң камакка алынган. Ага Кылмыш кодексинин экономика боюнча беренелеринин негизинде жана 7-8-апрелдин түнүндө башаламандыкты уюштурууга катыштыгы бар деген күнөө менен иш козголгон. Кийин ага Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышууга мүмкүнчүлүк берилип, "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен талапкерлердин катарына кошулган. Бирок 2012-жылдын 21-июнунда кармалган. Ага "мэр болуп турган учурда Кытайдан автобустарды сатып алууда мыйзам бузууларга барган" деген айып коюлган. Андан сырткары, 200 миллион сомго муниципалдык атайын облигацияларды чыгаргандыгына кине коюлган. 2013-жылы Түлеев 11 жылга эркинен ажыратылып, 2016-жылы 60 миллион сомдук чыгымды калыбына келтирип, мунапыска туш келген.

Мурат Суталинов

Экс-председатель Службы Национальный безопасности Мурат Суталинов
© AFP 2019 / STR
Мурат Суталинов

Бакиевдин бийлиги учурунда башкы чекист болуп турган Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелинде мамлекеттин аймагынан чыгып кеткен. Бирок 2011-жылы декабрь айында жарандарды атуу боюнча сотко капыстан чет жактан келип катыша баштаган. Себеби бул сотто фигуранттардын бири катары өтүп жаткан.

Сот жараяндары жүрүп жаткан мезгилде бөйрөгү рак болгону үчүн алып салышкан. Операция жана химиялык нур менен дарылануу учурунда үй камагына чыгарылган. Суталинов астма жана айткысы келбеген эки илдет менен жабыркаарын билдирген. Жогорку Сот аны түрмөгө 20 жылга кескен.

Садыр Жапаров

Депутат Садыр Жапаров ответил на вопросы депутатов
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ЖК КР
Садыр Жапаров

Экс-депутат бир нече жыл сыртта жашап жүрдү. Бул мезгил арасында ага Кылмыш кодексинин 227, 341, 113 жана 234-беренелеринин ("Өлтүрөм деп коркутуу","Барымтага алуу", "Бейбаштык", "Бийликтин өкүлүнө күч колдонуу") негизинде иш козголгон. 2013-жылдын 7-апрелинде Караколдо митингге чыккандар облустун ошол кездеги жетекчиси Эмилбек Каптагаевди автоунаага күчтөп отургузуп, кечирээк барымтага алып кетишкен. Жапаров аталган митингдин уюштуруучусу эле.

2017-жылдын 25-мартында УКМКнын кызматкерлери кыргыз-казак чек арасынан өтүп жатканда Садыр Жапаровду кармап, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине алып келишкен. Кишини барымтага алганы үчүн аны 2028-жылга чейин кесип, калган беренелер боюнча акташкан. Учурда экс-депутат жазасын өтөп жатат. Ал Кыргызстанга келет деген күнү тарапташтары уюштурган митингди милиция кууп таратып, бир канчасын кармаган.

Өмүрбек Текебаев

Лидер политической партии Ата-Мекен Омурбек Текебаев
© AP PHOTO / ALEXANDER ZEMLIANICHENKO
Өмүрбек Текебаев

2017-жылдын февраль айында Жогорку Кеңештин ошол учурдагы депутаты Вена шаарында жүргөн. Депутат ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын кышкы сессиясына катышуу үчүн парламенттик делегацияны жетектеп барган. 25-февралда депутатка Коррупция" жана "Алдамчылык" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Россиялык ишкер Леонид Маевский УКМКга арыз менен кайрылып, Текебаев MegaCom компаниясынын акцияларын алууга жардам берем деп миллион доллар алганын айткан. Бул факты боюнча Коррупция" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.  Текебаев 26-апрелде эртең менен  Кыргызстанга учуп келгенде "Манас" эл аралык аэропортунан кармалып, 8 жылга кесилген, учурда жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Дагы: https://sputnik.kg/politics/20190412/1043944356/kyrgyzstanga-kajtkan-sayasatchylar.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно