Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:56
ЖК: Мыйзамдар жана регламент комитетинин төрайымы болуп Чолпон Султанбекова шайланды
07:28
Кыргызстанда Венгриянын маалымат жана маданий борбору ачылышы мүмкүн
07:26
Сөздөн ишке карай... Кыргызстанга Сауд Аравиядан инвестиция тартууну өнүктүрүү
07:24
Акылбек Жапаров Япониянын Улуттук банкынын төрагасы менен кызматташтыкты талкуулады
04:53
Оштун жаңы мэри жамаатка тааныштырылды
04:33
Бишкек: Бейтапканалар дем алышта да иштей баштады
04:26
"Тешилбеген жер калбады". Терек-Сайдын кейиштүү экологиясы
04:24
Бажы: киреше боюнча убада эмнеге орундалбай калды?
19:57
Кол күрөш боюнча спортчулар Азия кубогунда 25 медаль багындырышты
19:55
Элдияр Орозбеков шахмат боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды
07:53
Москвада Кыргызстандын жаңы коомдук борбору ачылды
07:48
Президент Жапаров-Ташиев тандемин сындаган делегат менен өзүнчө жолугат
06:31
Азизбек Мадмаров Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп дайындалды
06:30
Марипов ишин айкалыштыруу менен Кыргызстандын Бахрейн жана Египеттеги элчиси болуп дайындалды
04:40
Жогорку Кеңеште республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору кабыл алынды
04:23
Медициналык 23 окуу жайдын бешөө гана эл аралык каттоодон өткөн
04:20
Жапаров ЖККУда чек ара коопсуздугун камсыздоону сунуштады
04:21
Шакиев баштаган депутаттар Түркия парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты
04:19
Садыр Жапаров Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директорун кабыл алды
04:13
Москвада кыргызстандык таксист киши колдуу болду
04:10
Парламентте “Газпромдун” ишине сын айтылды
06:56
Жапаров Токаевди президенттикке кайра шайланышы менен куттуктады
06:54
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу документтери апрелде даяр болот
04:38
"Тажикстан менен тил табыша баштадык". Камчыбек Ташиев чек ара боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу
05:37
Кыргызстанда Google Pay пайда болду, бирок бул функция азырынча беш гана банкта бар
05:30
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" бекети оңдолууда
05:28
Композитор Муратбек Бегалиев Франциянын ордени менен сыйланды
19:52
БУУ Кыргызстанга жакырчылыктан чыгуусуна 105 млн. доллар бөлөт
19:49
Ишкер аялдар күнү: Кыргызстан Араб Эмираттарынан эмнени үйрөнө алат?
17:52
17-20-ноябрь күндөрү Кадамжайдагы айрым айылдарда электр жарыгы өчүрүлөт
17:26
Доллардын өсүшү. Улуттук банк валюта рыногуна 55,2 млн. доллар сатты
17:24
Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо сунушу жыл соңуна чейин берилерин айтты
17:15
Садыр Жапаров: "Эң туура жол менен баратабыз"
08:09
18 жаштагы Айнура Ирисалиева үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголду
08:07
Үйгө кирип барып, бешилик менен өлтүргөн: Тайгандын Таш-Көмүрдөгү өлүмү
07:58
Жалал-Абад шаардык кеңешине 3 жаңы депутат келди. Алар кимдер?
07:49
Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата жумалык өтөт
07:45
Дүйнөнүн калкы 8 миллиард кишиге жетти
07:40
Элдик курултайга кимдер келатат, алар эмне маселе көтөрөт?
06:56
УКМК: Аткезчиликтен алынган 2 миллиондон ашык доллар бюджетке берилди
06:45
Кыргызстанда акыркы жумада коронавирустун 19 жаңы учуру катталды
06:43
Кыргызстанда инфляция 15,4%га жетти - ЕӨБ
06:41
Аскер бөлүктөрүнүн бириндеги курулушта мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтирилген
06:39
Баткенде аткезчилик товар ташыган унаа конфискацияланды
06:38
Садыр Жапаров Стамбулдагы терактка байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты
Бардык кабарлар

Тамеки терип чоңойгон полковник. Улукбек Кочкоров тууралуу 9 факты

Редактордун колонкасы
862
0

Саясатта өз орду бар, УКМКдан тарта Жогорку Кеңешке чейин иштеп, кезинде президенттикке талапкерлигин койгон министр тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кызыктуу фактыларды топтоду.

Тамеки терип өткөн балалык. Улукбек Кочкоров 1974-жылы 24-июнда Баткен облусунун Кара-Бак айылында туулган. Министрдин бала кези элетте, тамеки, өрүк терип өткөндүгү тууралуу өзүнүн айтканы бар.

"Мен чоңойгон Кара-Бак айылы азыр район болуп шаарга айланды. Биз менен тең өскөн теректер кыйылып, ээн талаа таптакыр башкача болуп өзгөргөн. Ээн талаада мал кайтарып, сууга түшүп, ылай кечип жүрүп эле чоңойдук. Үйдүн улуусу болгондуктан 6-7 жашымда эле тамекиге чыга баштадым. Ата-энем алып келген тамекини түнкү саат он эки, бирге чейин тизип чыкчубуз. Аны түнкү 2-3кө чейин атам менен апам жайып, кайра таң атпай тамеки тергени кетишчү. Азыр ойлосом аябай эмгекчил кишилер экен. Тамекинин бир чыбыгын бүтүрсөңөр паркка алып барып келебиз дегенде кантип баарын жасап салганыбызды билбей калчу элек. 5-10 күн керелди кечке тамекиде иштеп, анан бир күн паркка барып, эки-үч аттракционго түшүп, балмуздак жегенге ыраазы болуп кайра келчүбүз", — деген Кочкоров. 

Экс-депутат парламента Улукбек Кочкоров во время заседания ЖК
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ЖК КР
Улукбек Кочкоров 1974-жылы 24-июнда Баткен облусунун Кара-Бак айылында туулган

Жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Улукбек Кочкоровдун атасы айыл чарба инженери болуп эмгектенген, азыр пенсияда. Энеси болсо эсепчи болуп иштеген. Эмгекчил ата-энесин Кочкоров дайыма үлгү катары көрөт.

"Атам да, апам да пенсияга кеткиче бир орунда иштешти. Жумуш дегенде ичкен ашын жерге койгон адамдар. Атам биз тура электе эле таң атпай жумушка кетип комбайн, тракторлордун ары-бери жагын карап керели-кечке талаада жүрчү. Кайра үйгө биз уктап калганда, түн киргенде келчү. Атамдын көз карашынан эле баарыбыз сестенчүбүз. Азыр кээде балдарым бейбаштык кылып баратканда атамдын ыкмаларын колдоном", — деген министр.

 

Улукбек Кочкоров алты бир туугандын улуусу. Баары тең жогорку билим алып, өз ордуларын табышкан. Иниси Алмазбек Кочкоров Финансы министрлигинде иштейт.

Жашоосун өзгөрткөн мактоо баракчасы. Кочкоровдун бала кезинде эсинде калган окуяларынын бирин да жаза кетели. Ал — мактоо баракчасы.

"4-классты аяктап жатканда линейкадан кокустан эле жакшы окуган балдар менен катар мактоо баракчасын алып калдым. Жалаң төрткө окусам мындай алкоого татыйм деп ойлогон эмесмин. Үйгө барып атама "мага татыксыз берип коюшту" деп ыйлаганым да эсимде. Бирок бул мактоо баракчасы менин окууга болгон мамилемди түп тамыры менен өзгөртүп, шыктандырган", — деп айтып берген Кочкоров. 

Министр труда и социального развития КР Улукбек Кочкоров с семьей
© ФОТО / ИЗ ЛИЧНОГО АРХИВА УЛУКБЕКА КОЧКОРОВА
Улукбек Кочкоровдун алты баласы бар. Анын төртөө — уул, экөө — кыз

Экономист-финансист. Кыргыз мамлекеттик университетинин "Финансы жана кредит" бөлүмүн аяктаган. Эмгек жолун Финансы жана экономика министрлигинде башкы адис болуп баштаган. Экинчи адистиги — укук таануучу.

Полковник наамын алган. Кочкоров УКМКда экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш алып барган. Ал жактан экономикалык жаатта кандай коркунучтар бар экенине анализ жасап, президент, өкмөт башчыга маалымат беришчү. Аталган тармакта 13 жыл иштеп, катардагы кызматкерден баштап, башкармалык жетекчилигине чейин жетип, полковник наамына ээ болгон.

 

Депутат. Кочкоров 2011-жылы Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына депутат болуп шайланган. Парламентте экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жетекчисинин орун басары болгон. Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Президенттик үчүн ат салышып... Кочкоров 2017-жылкы президенттик шайлоого ат салышып, талапкерликке өзүн-өзү көрсөткөн. Анда ал 11 талапкердин ичинен алтынчы сапка илинип, 8 498 добуш топтогон. Баса, Кочкоровдун бою 185 сантиметр. Ошол учурдагы президенттикке талапкерлердин сындууларынын бири болгон

Экс-депутат Жогорку Кенеша Улукбек Кочкоров и Кандидат в президенты КР на теледебатах на канале КТРК
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Кочкоров 2011-жылы Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына депутат болуп шайланган. Парламентте экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жетекчисинин орун басары болгон.

Министр болуу шыбагасы буюруп... 2018-жылдын күзүндө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде бир топ ызы-чуу иштер болуп, министр Таалайкүл Исакунова баш болгон анын үч орун басары кызматтан кетет. Көп өтпөй өкмөт бул кызматты Кочкоровго сунуштап, ноябрь айында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалган. Мекеменин иши тууралуу буга чейин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен маек курган.

Үй-бүлөсү. Улукбек Кочкоровдун алты баласы бар. Анын төртөө — уул, экөө — кыз. Келинчеги Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда дарыгер болуп эмгектенет. Министр бош убактысын балдары менен паркка же кинотеатрга барып өткөрөт. Ошондой эле лыжа тээп, жаратылышка чыгып эс алганды жакшы көрөрүн айткан. Балдары менен кечкисин бир же эки саат "үй-бүлөлүк саат" өткөрүп, шахмат, шашки ойноп, чакан чемпионат уюштура калышат экен.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20190624/1044813285/ulukbek-kochkorov-tuuraluu-9-fakty.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик