Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:49
Жеңиш чокусунан учуп түшкөн россиялык альпинист каза тапты
15:47
Атамбаевди кармоо. Башаламандыктан борбор калаа 2 млн. сомго чыгым болду
11:51
Кадамжайда 44 килограммдан ашык героинди кантип кармашты? Сүрөт
12:54
Ат-Башыда Курман айт майрамына карата жакыр үй-бүлөлөргө жардам берилди
11:41
Атамбаевдин үйүнө бараткан аскерлердин жоон тобу. Кой-Таштагы сүрөттөр Алмазбек Атамбаевди кармап кетишти
10:35
Милиция Атамбаевдин үйүнө чейинки жолду ачты
10:28
Алмазбек Атамбаев бийлик менен элге кайрылуу жасады
09:55
Президент Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт
09:51
Курсан Асанов Атамбаевдин тарапташтары менен сүйлөшүп жатат
09:27
Бишкек шаарында абал тынч
13:08
Солтон-Сарыдагы кытай компаниясы ишин убактылуу токтотту
12:53
Солтон-Сарыдагы чыр: нааразы болгон эл жол тосууга камынып жатат
12:44
Солтон-Сары: кытай компаниясы жумушчулары менен техникасын кенден чыгарып кетти
12:58
Бишкектин эки жаңы конушу борбордук канализацияга кошулууда
11:31
Ат-Башыда түндө жер титиреди
10:52
УКМК издеген Шаикова эмнеси менен белгилүү. Кызыктуу 7 факты
17:03
Абактагы наркобарон кызга айланып... Кылмышкердин кармалгандагы видеосу
16:18
Дордойдогу кампадан кечээ чыккан өрт өчүрүлө элек
13:39
Москвадагы кыргыз мигранттары 43 күн жоголгон таиланддык кишини таап беришти.
13:19
Өкмөт Казакстанда мертинген мекендештердин сөөгүн алып келүүгө жардам берет
17:19
Колу байланып, керебетке таңылган кыздын тагдыры эмне болду? Окуянын чоо-жайы
17:15
Жээнбеков Путинге Россиядагы кыргызстандыктарды колдогону үчүн ыраазы болду
17:04
Жээнбеков мигранттарга берилчү "Мекен карттын" артыкчылыгын айтты
10:06
Бишкектин депутаттары "Газпромдун" мектебин коомдук фондго өткөрүп беришти
10:05
Токой чарба агенттигинин директору Рустамов пара алып жатып кармалды
14:23
Эсеп палатасынын инспектору кармалды. Айыбы эмнеде?
11:07
Адамзат кайра калыбына келчү бир жылдык ресурстарды түгөтүп бүттү
15:37
Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстанга келди
10:27
"Беш күндөн бери дайынсыз". Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдыктар нааразылыкка чыкты
12:39
Тоо койнундагы Көл-Төрдүн асмандан тартылган сүрөттөрү
11:37
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев суракка чакырылды
11:36
Алмазбек Атамбаев суракка барар-барбасын айтты
10:49
Унутулган рюкзак полицияны убара кылып, элди дүрбөттү. Казакстандагы окуя
10:47
Кыргызстанда жаңы мамлекеттик ишканалар түзүлдү. Милдеттери
09:33
Бишкектин чок ортосунда тез татым жайы күйүп кетти. Сүрөт, видео
09:31
Жалгыз уулу эле... Кырсык тооруган Абдылдаевдин үй-бүлөсүнүн таржымалы
13:03
Нарында суу жээктерине эскертүү такталары орнотулду
10:20
Төрага Жумабеков Атамбаевге өзү жазган ыр менен жооп берди. Видео
10:10
Екатеринбургдан чыгып кайра шашылыш конгон учак “Кант” базасына келе жаткан
14:24
Жээнбеков: кутулуп кетем деп ойлобогула, тынчтык бербейм!
10:48
Ысык-Көлгө жай бою төрт шаардан учак каттайт
10:44
Нарын шаарынын борборундагы тротуарлар оңдолууда. Сүрөттөр
15:34
Милиция бөлүмүнөн качып кеткен киши "Ош" базарынан кармалды
15:14
Сүрөттөн чыккан ызы-чуу: казак бийлиги чатактын чоо-жайын айтты
14:56
Тажикстандагы жер титирөөнүн эпкини Кыргызстанга да тийди
Бардык кабарлар

Чүй милициясынын жетекчисинин башына операция жасалды, абалы оор Алсыз жаткан спецназ жоокерлери. Атамбаевдин үйүнүн ичинен тартылган видео

Редактордун колонкасы
29
0

Чүй облустук ИИББдин жетекчиси Самат Курманкуловдун башына операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Курманкулов мээси чайкалып, оор жаракат алган. Ага Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда баш сөөктү тешүү (трепанация) жолу менен операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын абалы оор экендиги айтылат.

Белгилей кетсек, 7-августта кечинде Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргөн. Анда жай тургундар менен атайын даярдыктагы жоокерлер жаракат алган. Спецназдын бир жоокери алган жаракатынан каза болгон.

 

Саламаттык сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча ооруканада жаткандардын саны 44кө жетти.

Кыргызстандын кабарчылары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары аны кармоого барган спецназ жоокерлеринин мизин кайтарганын видеого тартып алган. Эл үйдүн ичине кирип, атайын даярдыктагы аскерлерди туткундап алышкан.

Атамбаевдин тарапташтары үйгө жакындап келип, дубалды кулатып, үйдүн короосуна кирүүгө аракет кылышты. Кабарчынын айтымында, тарапташтар үйдүн арт жагына келип, терезени талкалап кирип, куралчан эки киши экинчи кабатка көтөрүлгөн.

"Топтошкон кишилер үйгө кирип келип, ал жактагы 10го чукул спецназдын аскерлеринин курал-жарактарын алып сыртка чыгарышты. Айрымдары жаракат алышты. Эл аларга кол көтөрбөшү үчүн алардын камуфляжын чечишкен", — деп билдирди жеринде жүргөн кабарчы.

Белгилей кетсек, 7-августта кечки саат 20.00дөр чамасында УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып киришкен. Анда ок атылып, 45 киши түрдүү жаракаттарды алган. Акыркы маалымат боюнча, алган жараатынан бир жоокер ооруканада каза болду.

Кой-Таш айылына келген милиция кызматкерлери тобу менен кетип жатышат. Видео

Кой-Таш айылына келген милиция кызматкерлери тобу менен кетип жатышат

7-августта кечинде Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп, ал максатына жеткен эмес.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кой-Таш айылына келген жүздөгөн милиция кызматкерлери тобу менен кайтып жатышат. Бул тууралуу кабарчыбыз жеринен билдирди.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн 2-3 чакырым алыс жерде чогулушкан. Алар элди Атамбаевдин үйү тарапка өткөрбөй тосуп турушкан болчу.

Сотни милиционеров, находившихся в Кой-Таше, уехали из села

Видеодон милиция кызматкерлери токтоп турган автобусту көздөй кетип баратканын көрүүгө болот.

Учурда жол ачык, жай жарандар машинасы менен ээн-эркин өтүшүүдө.

Сотни милиционеров, находившихся в Кой-Таше, уехали из села

Өз кезегинде Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы да милиционерлер Кой-Таш айылынан кеткенин айтып, мындай кадам жай тургундар менен кагылышууга барбоо максатында жасалганын билдирди.

"Учурда абал туруктуу, бардыгы милициянын көзөмөлүндө", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 7-августта кечинде Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп, ал максатына жеткен эмес. Анда жай тургундар менен атайын даярдыктагы жоокерлер жаракат алган. Спецназдын бир жоокери алган жаракатынан каза болгон.

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча, жаракат алгандардын саны 45ке жетти.


Дагы: https://sputnik.kg/society/20190808/1045350497/miliciya-kajtuuda.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно