Бүгүн:

Акыркы кабарлар

13:01
Чүй: милиция жоголгон өспүрүмдү издеп жатат. Сүрөт
13:21
Абдымомунов көчөсүнүн бир бөлүгү казуу иштеринен улам 23 күнгө жабылмакчы
13:20
Отко май чачпагыла! УКМК элге эскертүү берди
10:14
Камактагы Алмазбек Атамбаев уулу жана аялы менен жолукту
16:36
"Ала-Тоо" аянтынан чачкын сатуучулар менен оюн жайлары алынууда. Сүрөт
16:11
Ичеги-карын рагы болбош үчүн эмне кылуу керек? Адистердин жообу
11:09
Суусамырдагы жайлоодо калың карда калган чабандар куткарылууда
09:32
Мугалимдер бир күндө 6000 сом алышабы? Лунара Мамытовага жооп
09:41
Алты жылдан бери комада жаткан Михаэль Шумахер эсине келди
09:33
Депутат: Бишкектеги жеке мектептерде кыргыз тили менен тарыхты окутуу керек
17:12
Суусамыр жайлоосунда карда калган малды алып чыгуу үчүн трактор тартылды
16:25
Бишкекте өтчү марафонго атактуулар да катышат
16:18
Жеңиш Разаков Кыргызстандагы кылмыштуулукту азайтуу жолун айтты
15:42
Дарбаза басып калган окуучу. Милиция кырсыктын чоо-жайын айтты
15:20
Мушкер "Тайсонго" Талас Бегалиев таза кандуу аргымак мингизди. Белектин чоо-жайы
13:08
Жээнбеков маркум спецназ Ниязбековдун үй-бүлөсүнө "Эрдик" медалын тапшырды
13:03
Аманбай Кайыпов башка кызматка дайындалды
16:26
Чала жан болуп сабалгандар: шектүүнүн милициядагы тууганы иштен бошотулду
16:20
Жээнбеков Абылгазиев менен жолугуп, өкмөттүн негизги милдеттерин эске салды
16:17
Караколдогу №6 мектепке 27 жаштагы жигит директор болду. Сүрөт
16:12
Билим берүү министринин милдетин ким аткарат?
15:44
Кандай эркектер сексуалдуу көрүнөт? Кыз-келиндердин жообу
16:13
Өч албайм! Өмүрбек Текебаев мындан аркы кадамдарын айтты
16:05
Кой-Таштагы окуяны мамлекеттик комиссия иликтемей болду
14:05
Бишкекте такси айдаган кыздын сөөгү өзү жашаган үйдөн табылды
10:50
Бир жыл ичинде Кыргызстандын бардык мектептери компьютер менен жабдылат
10:42
Кыргызстанда жыл сайын канча жол кырсыгы болот? Жүрөк ооруткан график
11:53
Ой менен башкарылчу биопротезди жасап бүттүк. Микрохирург менен маек
11:17
Борбордогу жаңы паркка бак тигип кетиңиз. Мэриянын жаңы акциясы
10:40
Бишкектен Антальяга барчу учак 11 саат кечигип учту
12:26
Сот эмнеге таянып Текебаевдин өкүмүн жокко чыгарды. Адвокаттын түшүндүрмөсү
12:19
Бишкек — Москва поезд каттамынын билеттери арзандайт
11:45
Суусамырда кырсыктан набыт болгон бүлө. Туугандары 100 миң сомун таппай жатат
10:25
Суусамырда бир бүлөнүн өмүрүн алган кырсык. Из жашырган айдоочу кармалды
15:02
Кой-Ташта спецназдын таягынан бир адам көз жумдубу? УКМК Карамушкинага жооп берди
11:15
ИИМ: алдамчылыкка шектелген кыргызстандык аскер аял Москвадан кармалды
10:33
Билим берүү министрлиги мектеп формасы боюнча сунуштама берди
15:10
Достукта "режим" алдын алуу иш чаралары жүргүзүлдү
10:26
Аксыдагы "Кербен" аэропорту учактарды кабыл алууга даяр
09:57
Курсан Асановдун үйүн тинткендер эмне алып кеткенин адвокаты айтып берди
15:55
Спецназдын каза болгон жоокеринин бүлөсүнө кандай жардам берилери айтылды
15:49
Жеңиш чокусунан учуп түшкөн россиялык альпинист каза тапты
15:47
Атамбаевди кармоо. Башаламандыктан борбор калаа 2 млн. сомго чыгым болду
11:51
Кадамжайда 44 килограммдан ашык героинди кантип кармашты? Сүрөт
12:54
Ат-Башыда Курман айт майрамына карата жакыр үй-бүлөлөргө жардам берилди
Бардык кабарлар

Соболду Икрамовго оодара коюп... Гүлмира Кудайбердиева тууралуу 7 факты

Редактордун колонкасы
14
0

Президенттин маалымат кызматы үч жылдан бери билим берүү тармагын тескеп келе жаткан Гүлмира Кудайбердиева өз арызы менен кеткенин айтты.

Министр айым элдин эсинде эмнеси менен калганын эстөө үчүн Sputnik Кыргызстан ал тууралуу кызыктуу фактыларды даярдады.

Баткендин кызы

Гүлмира Кудайбердиева 1966-жылы 23-сентябрь күнү Баткен облусунун Исфана шаарында туулган. Ошол эле шаардагы кыргыз-орус тилдүү Гагарин атындагы гимназияда окуган. Атасы инженер болгон. Ал кызы 10-классты аяктап жатканда жол кырсыгынан көз жумган. Апасы көп жыл райондук ооруканада эмгектенген. Гүлмира Кудайбердиева үч кыздын кичүүсү. Эки эжеси апасынын жолун жолдоп дарыгерликти аркалаган. 

Вице-премьер-министр Кыргызской Республики Гульмира Кудайбердиева приняла участие в церемонии проводов кыргызстанских спортсменов на VI Международные спортивные игры Дети Азии, которые пройдут в Якутске с 5 по 17 июля 2016 года. 29 июня 2016 года
Гүлмира Кудайбердиева 1966-жылы 23-сентябрь күнү Баткен облусунун Исфана шаарында туулган

Билими жана алгачкы жумушу

Эки жогорку билими бар. Алгач орус тили жана адабияты адистиги боюнча педагогикалык институтту актаган. Андан соң Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен юриспруденция факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун Фрунзе шаарындагы №20 орто мектепте мугалим болуп 1988-жылы баштаган.

Үй-бүлөсү

Мурдагы министр бир уул, бир кыздын энеси. Небереси бар. Редакцияга берген маегинде жолдошу менен ажырашканына көп жыл болгонун айтып берген. Ал дагы кесиби боюнча мугалим болгон.

Депутаттын жардамчысы

2000-2005-жылы Жогорку Кеңеште эмгектенген. Алгач парламенттин аппаратында депутаттын жардамчысы болуп иштеген. Андан соң мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болгон. 2005-жылы парламенттин аппаратынан кетип, Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү борборунун директору болуп дайындалган. 

Министр образования и науки Гульмира Кудайбердиева посетила профессиональный лицей №28 в селе Беловодском Чуйской области
© ФОТО / ОЛЬГА НИЯЗАЛИЕВА
Эки жогорку билими бар. Алгач орус тили жана адабияты адистиги боюнча педагогикалык институтту актаган.

Айлыгы жана байлыгы

Sputnik министрлердин айлык акысы тууралуу макала даярдаган. Анда министр айымга билим берүү тармагы үчүн кылган кызматына ай сайын 35 миң 900 сом айлык чыгары, бирок колуна 28 миң 785 сом берилери белгилүү болгон. 2017-жылкы декларациясы боюнча, анын жылдык кирешеси 448 миң сомду түзгөн. Ошондой эле өзүнүн атына 92 чарчы метрлик батир катталган.

Катачыл министр

Кудайбердиева министр болуп келгенден бери каталар көп кетти. Жаңы китеп чыкса деле, форумдун аты жазылса деле, диплом, аттестаттарда деле, айтор көп жерлерде. Кызыгы, Гүлмира айым эч качан жетекчи катары күнөөсүн моюндаган эмес. Ар дайым басмакана күнөөлүү экенин айтып келген. 

Жыл башында Башкы прокуратура Билим берүү жана илим министрлигин текшерип, окуу китептерин чыгарууда бир катар кемчиликтер кеткенин аныктаган.  Көзөмөл органы ушул китептерди басууда мыйзамсыз түрдө 32 миллион 749 миң сом корогонун аныктап, Билим берүү жана илим министрлигине кылмыш ишин козгогон. Бирок кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айрым окуу китептеринде кетирилген каталар боюнча Гүлмира Кудайбердиеваны айыптоо акылга сыйбаган нерсе экенин айтып, аны коргоп чыккан.

 

Дагы бир ири ката быйылкы жылдын март айында өткөн Кыргызстан менен Россия ректорлорунун форумунда трибунадагы жазуудан кеткен. Анда "Первый форум ректоров вузов Российской федерациии Кыргызской Республики "Развитие науки и образования-инвестиции в будущее" деп жазып, эки жерден ката болуп калган эле. Бирок Кудайбердиева жазуудан эч кандай ката көрбөгөнүн айтып, бул болгону типографиянын кемчилиги деп чыккан

Мындан тышкары, диплом, аттестаттардан дагы ката чыккан. Тагыраагы, быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрүнө берилген аттестаттарда бир нече ката бар экенин жарандар социалдык тармактарга жазган. Өз кезегинде министрлик мүчүлүштүк басмаканадан кеткенин айткан. Бул боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы иш козгогон. Натыйжада ката менен чыккан аттестаттар алмаштырылып, "Учкун" ачык акционердик коомунун бир кызматкери жумуштан алынган.

Ал эми июлдун аягында Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын бүтүрүүчүлөрү ката жазылган дипломдор берилип жатканын айтып кайрылган. Ушул эле окуу жайдын маалымат кызматы ката басмаканадан кеткенин билдирип, дипломдор оңдолгонун белгилеген.  Кийинчерээк Медакадемиянын оңдоп берген дипломунан кайра ката чыкканы белгилүү болгон

Сыйлык чуусу

Парламент депутаты Тазабек Икрамовго "Билим берүүнүн мыктысы" наамы берилгенден кийинки окуя көпчүлүктүн эсинде болсо керек. Соцтармак колдонуучуларынын арасында нааразы болгондор көбөйүп, кийин сыйлык канчалык мыйзамдуу экенин билүү үчүн министрге кайрылууга туура келген. Ал наам ыйгарууда мыйзам бузуу болбогонун айткан эле. Ал тургай парламенттин коридорунда журналисттин суроосуна жооп берип жатып, капысынан алдынан чыга калган Икрамовдун өзүнө сөздү оодара койгон жайы бар. 

Дагы: https://sputnik.kg/politics/20190904/1045613474/gulmira-kudajberdieva-fakty.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно