Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:59
Жапаров Зулушевди Башкы прокуратура жамаатына өзү барып тааныштырды
15:51
УКМК: Евробиримдик берген грантты жеп койгон деп Жогорку соттун өкүлү камалды
14:29
Садыр Жапаров: абакта жатканда коронавирус менен ооруп айыктым
14:27
Милиция БШК мүчөлөрүн эмнеге суракка чакырды? ИИМдин жообу
14:26
Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү долбоору биринчи окуудан өттү. Эрежелери
14:25
Зулушевдин Башкы прокурорлукка талапкерлигин ЖК комитети колдоду
14:23
БШК: милиция биздин мүчөлөрдү суракка алып кеткени жатат
14:22
Вице-премьерлерге милдеттер бөлүштүрүлдү. Тизме
17:09
Вице-премьер колго түшкөн Райым Матраимовдун ишине комментарий берди
17:06
Вице-премьер Мамытканов: Кашкар Жунушалиев Кыргызстанда
17:05
Башкы прокуратура: Атамбаев, Шадиев сыяктуулар өлкөгө 13,6 млрд. сом зыян келтирген
17:04
Бишкектин вице-мэри Абдылдаев Финполго сурак берди.
17:01
Пирназаров "Унаа" ишканасынын башчылыгынан кетип, ордун Түмөнбаев ээледи
17:00
Россия биздин ишенимдүү өнөктөш. Садыр Жапаров элчи менен жолукту
16:58
ЖКга жаңы депутат келди, мурдагысы "Манас" аэропортуна жетекчи болуп кетти
16:18
Жээнбеков жоюп кеткен Антикоррупциялык кызматты Жапаров жандантты
14:53
Мухаммедкалый Абылгазиевге Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды
14:50
Райым Матраимов кармалды
14:38
Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткара тургандыгы айтылды
14:33
Жогорку сот Жапаров, Ташиев жана Мамытовдун ишине чекит койду
14:32
Нариман Түлеев Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды
13:59
Нариман Түлеев Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды
16:09
Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышар-катышпасын айтты
16:07
Башкы прокуратура кызматка алчуларга сынак жарыялады.
16:07
УКМК: Райым Матраимовдун айланасындагы 40 киши аныкталды
16:05
Мэрия: Мурас-Ордо конушунун инфраструктурасы жакшыртылып жатат
17:36
Текебаев президент менен депутаттарды бир күндө шайлоону сунуштады
17:34
Сооронбай Жээнбеков президенттикти расмий тапшырып кетти
17:32
Тарых өз баасын берет. Сооронбай Жээнбековдун акыркы кайрылуусу
17:31
Канат Исаев эмнеге президенттин милдетин аткаруудан баш тартканын түшүндүрдү
17:27
Жогорку Кеңештин жыйыны башталып, ага президент Жээнбеков келди
17:00
Президенттин милдети мага өттү! Садыр Жапаровдун эски аянттагы видеосу
16:54
Башаламандыктан кийинки Ак үйдүн 7-кабаты. Видео
16:51
ТИМ башчысы Руслан Казакбаев Россиянын элчисин кабыл алды. Эмне талкууланды
16:46
Өмүрбек Текебаев кайрадан Жогорку Кеңештин депутаты болуп келди
16:45
Резиденцияга жакын жерде турган митингчилер Өкмөт үйүн көздөй бет алды.
16:44
Кремль Жээнбековдун кызматтан кетиши боюнча үн катты
16:39
Абакта жаткан Тилек Матраимов үй камагына чыкты
16:38
"Ысык-Көл" мейманканасын карай агылган эл. Асмандан тартылган видео
16:38
Жээнбековдун отставкасын ким кабыл алышы керек? Мыйзам
16:37
Жогорку Кеңеш эртең кезексиз жыйынга чогулмай болду
16:36
Жээнбековдун кеткенин уккан элдин реакциясы. Видео
16:29
Облусту, өкмөттү, өлкөнү башкарып... Жээнбеков акыркы үч жылда кандай өзгөрдү
16:17
Кан төккөн президент болгум келбейт. Жээнбеков кетип жатып эмне деди
16:16
Президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти
Бардык кабарлар

Өлкөдөгү саясий абалга байланыштуу протокол кабыл алынды. Маанилүү 12 пункт

Редактордун колонкасы / Аналитика
35
0

УКМК коллегиясынын залында Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу, күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын координатору Өмүрбек Суваналиевдин төрагалыгы астында жыйын өттү. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.

Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин катчылыгы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Башкы штабдын, Коргонуу иштери боюнча комитеттин, Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын, Финполициянын, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилери катышкан.

УКМК ким тарапта. Өмүрбек Суваналиевдин позициясы

Жыйында "2020-жылдын 5-октябрындагы окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасында коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" протокол кабыл алынган. Ал 12 пункттан турат.

1. Кыргызстандагы бардык күч түзүмдөрү өлкөнүн туруктуулугун камсыз кылуу үчүн бир бүтүн болушу керек;

2. Жеке курамдын моралдык-психологиялык абалын жакшыртуу боюнча зарыл чараларды көрүү. Кызматкерлердин өмүрүнүн жана ден соолугунун, ошондой эле курал-жарак, ок-дары, аскердик, атайын жана башка шаймандардын жана мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу;

3. Бардык деңгээлде, анын ичинде ыктыярдуу элдик кошуундарды тартуу менен так жана ар тараптуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;

4. Өлкөдө криминогендик кырдаалдын курчуп кетишине жол бербөө, криминалитеттин саясий күчтөргө басым жасоосуна каршы туруу. Криминалдык элементтерди жана уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү. Пенитенциардык система мекемелеринде абалды туруксуздаштырууга жол бербөө;

5. Стратегиялык жана башка маанилүү объектилерди күчөтүлгөн кайтарууга алуу, ошондой эле коомдук жана жеке менчик объектилердин корголушун камсыз кылуу;

Суваналиев Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы менен сүйлөштү

6. Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү аракеттерине ыкчам бөгөт коюу;

7. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетте чагымчылдык, талап-тоноочулук жана улут аралык мамилени козутууга чакырган маалыматтарга тезинен чара көрүү;

8. Чек аранын айрым жерлеринде коопсуздукту күчөтүү, өткөрүү пункттарында көзөмөлдү камсыз кылуу. Ошондой эле куралчан топтордун жана зыяндуу заттардын, курал-жарактардын киргизилбеши үчүн чараларды көрүү;

9. Мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого катышкан кызмат адамдарынын өлкөдөн чыгып кетишине уруксат бербөө;

10. Ички иштер министрлигине коомдук тартипти сактоо боюнча координациялык роль жүктөлсүн;

11. Куралдуу күчтөр, атайын кызматтар жана укук коргоо органдары саясаттан тыш жүрөт. Алар саясий партиялардын жана башка кызыкдар топтун куралы эмес;

12. КРдин укук коргоо органдары, атайын кызматтары жана Куралдуу күчтөрү бардык саясий күчтөрдөн сүйлөшүү жолу менен өлкөнү мыйзамдуулуктун жана коомдук туруктуулуктун талаасына кайтарууну талап кылат.



Дагы: https://sputnik.kg/politics/20201008/1049958579/kyrgyzstan-sayasij-abal-protokol-suvanaliev.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик